Илманийлер мусулмандардын үстүнөн күлүшөт Эми Трамптын үстүнөн да күлүүгө батына алышабы?!

303
0

Илманийлер мусулмандардын үстүнөн күлүшөт

Эми Трамптын үстүнөн да күлүүгө батына алышабы?!

Доктор Ияд Кунайбий Фейсбуктагы баракчасында Трамптын төмөндөгү сөздөрүн жарыялады:

«15-март күнүн улуттук дуа кылуу күнү деп жарыялаганыма сыймыктанамын. Биз тарыхыбызда мына ушундай оор убактарда Жаратканга жүздөнүп, андан коргоо жана кубат сурап келген мамлекетпиз. Кайда болбогула, мен силерди ыйманий амал менен дуага жүздөнүүгө чакырамын, биргеликте шексиз жеңишке жетебиз».

Роя гезити:

Кээ бир мусулмандар коронавирус жайылганда мындай оорудан сактоону сурап, Аллахка жалбарышканда, башкаларды да ушуга чакырышканда илманийлер аларды шылдыңдап күлүшкөн, Исламга жана мусулмандарга уу-заар тилдерди асылышкан. Алар чынчыл мусулмандар Аллахка жүздөнүп, өздөрүн, перзенттерин, өлкөлөрүн жана бардык мусулмандарды мындай балээден куткарышын сураганын маскаралашкан. Өз-өзүнөн суроо пайда болот: Батыш жана анын илманий түзүмүнө ашыккан кишилер Трампка – сенин мамлекетиң илманий, адамдарды динге жүздөнтүүң туура эмес, сен дин менен мамлекетти бөлүшүң керек деп айтууга батына алышабы?! Алар Трамптын америкалыктарды дуа кылууга чакырып жатканын маскаралоого батына алабы? Албетте жок. Алардын эч бири муну кыла албайт. Кылса да өтө кыжалат болуп кылышы мүмкүн же мен алардын пикирлери бир туура эмес айтмакчымын деп актанууга өтөт.

 

Роя гезити №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here