Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө эл аралык уюмдардын капканына түшүп жатат

303
0

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө эл аралык уюмдардын капканына түшүп жатат

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын медицина тармагына коронавируска каршы күрөш үчүн 200 миң доллар бөлмөй болду. Бул акчага дары-дармек жана медициналык жабдуу сатылып алынат.

Буга чейин өлкө бир нече эл аралык финансы институттарынан жардам сурап кайрылып, Эл аралык Валюта Фонду 120,9 миллион доллар насыя бөлүүгө макул болгон. Ал эми Дүйнөлүк банк 12,15 миллион доллар бөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанга буга чейин бөлүнгөн каражаттан 9 миллион доллар да коронавируска каршы күрөшкө жумшала турган болду.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримди менен Бириккен Улуттар Уюмунан да жардам үмүт кылып, уюмдун жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Белгилүү болгондой, эл аралык уюмдар капиталисттик идеологиянын куралдары болуп, алар жакыр мамлекеттерди жакыр абалда, а түгүл андан да төмөн деңгээлде кармап туруу максатында түзүлгөн.

Тилекке каршы, Кыргызстан алардын мына ушул айлакерлик артына жашырылган капканына түшүп отурат. Алар бул карыз жана жардамдардын арты менен бир нече милдеттемелерди орундатууну талап кылат.  Маселен, Азия өнүктүрүү банкы менен Бүткүл дүйнөлүк банк буга чейин электр энергиясынын тарифин кымбаттатуу талабы менен грант бөлгөн. Муну менен ичкериде өндүрүлгөн товардын өздүк наркын көтөрүү жана тыштан келе турган товарга атаандаштык кыла албоо амалы көздөлгөн. О.э. электр тармагын чет элдик инверстор колуна тапшыруу да каралган.

Андыктан, бийлик ээлери учурдагы эле көйгөйдү жабуу менен эле алектенбестен, келечекте күтүлүп жаткан көйгөйлөрдүн да алдын алуусу керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here