Короновирус Европа Союзунун чыныгы жүзүн ачып койду!

372
0

Короновирус Европа Союзунун чыныгы жүзүн ачып койду!

Бүгүнкү күндө Европада коронавирус эпидемиясынын борборуна айланган Испания жана Италия мамлекеттерине Евробиримдиктин жардам берүүгө алсыздыгы анын начар абалга түшүп калгандыгын ашкереледи. Бул болсо, Евробиримдикке карата терс билдирүүлөргө себеп болду.

Италиянын Европа Союзундагы туруктуу өкүлү Маурисио Массари Европа мамлекеттери Римге жетиштүү деңгээлде жардам бербей жатканын билдирди. Массаринин айтымында, өзгөчө кырдаалдарды координациялоо борбору аркылуу Европа Союзуна “медициналык жабдыктарды жеткирип берүү” боюнча талабы жоопсуз калган соң Италиянын көңүлү калган.

Италия жана Испания мамлекеттеринин жардам суроосу жоопсуз калган соң Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте: “Өнөктөштөрүбүз дилдерди эмес, капчыкты жогору коюшса, өзүбүзгө ишенүүдөн башка чара калбайт”, – деди.

Италиянын мурдагы премьер-министри Маттео Салвини Евробиримдикти каралап: “Мен Евробиримдикти жаман көрөм жана андан жийиркенем. Ал биримдик эмес, тескерисинче жыландар жана чөөлөр уясы. Алгач вирусту жеңебиз,  андан кийин Евробиримдиктен чыгып кетебиз”, – деди.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес болсо: “Биз муунубуздун эң жаман кризисине дуушар болуп жатабыз. Европа долбоорунун келечеги коркунучта. Координацияланган жана соо-саламат Европа Союзу болсун, же индивидуалдык болсун. Биз ушул кырдаалда абалга жалпы жоопту талап кылабыз”, – деди.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Союзунун алсыздыгына ишара кылып: “Биз күчтүү Европа Союзун каалайбыз, биз Евробиримдиктин алсыз тараптарын көрүшүбүз керек. Мындай кемчиликтер, айрыкча ушул эпидемиологиялык доордо анык көрүндү. Биз бири-бирибизге жардам беришибиз керек эле, бирок ичкериден эч кандай жардам жоктугун көрүп турабыз. Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин жардамы көңүл бурууга арзыйт, аларга ыраазылык билдиребиз.  Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет», – деди.

А бирок өкүнүчтүүсү, Эрдоган сыяктуу мусулман өлкөлөрдүн жетекчилери дагы деле Евробиримдикке мүчө болууга умтулууда. Мына дээрлик 60 жылдан бери Евробиримдиктин астанасында жатып, “мени да мүчөлүккө кабыл алгыла” деп жалынууда.

2018-жылы Түркия Европа Союзунун астанасында 54 жыл күтүп жатканына жана башка бирер мамлекетке мындай мамиле болбогонуна ишара кылган Эрдоган: “Алар биздин максатыбызды түшүнбөй жатышат. Биз Евробиримдикке жүк болуу үчүн эмес,  тескерисинче алардын жүгүн көтөрүү үчүн кирмекчи болуп жатабыз. А бирок, алар бизди түшүнбөй жатышат, түшүнүүнү да каалабай жатышат. А бирок, биз дагы деле ишенимдүүбүз.  Бизден башка бир да мамлекет Европа Союзу астанасында мынчалык күттүрүлгөн эмес”, – деген эле.

Эң бир өкүнүчтүүсү, ал үчүн Евробиримдиктин жийиркеничтүү талаптарына ыраазы болуп, мамлекетте зынага ачык уруксат берилди.

Зынакордукка, башкача айтканда, коомдун түркүгү болгон үй-бүлө үчүн эң чоң коркунучка жана ахлаксыздыкка, өзүн “Исламий” деп белгилеген бийликтин тушунда жол ачылды. Европа Союзунун “Сүйлөшүүлөрдү баштабайбыз” деген коркутуусуна баш ийген (Эрдоган башчылыгындагы) Адилет жана Өнүгүү партиясы 2004-жылдын 26-сентябрында парламентте кабыл алынган мыйзам менен зынаны кылмыштуулук алкагынан чыгарып таштады. Ошол кезде токтотулган сүйлөшүүлөр жана Евробиримдиктин коркутуусу менен аракет кылган өкмөт Евробиримдиктин зына боюнча талабына моюн сунду. Ошентип, зына Түркия республикасында алгачкы жолу кылмыштуулук алкагынан чыгарылды. Еврокомиссиянын кеңейүү боюнча жооптуусу Гюнтер Верхеуген: “Премьер-министр (Эрдоган) зынакордукка тыюу алынгандыгына бизди ишендирди.  Эми Түркиянын алдында эч кандай тоскоолдук калбады”, – деген билдирүү таратты. (Улуттук газета, 21-февраль, 2018-жыл)

Эрдоган Европа парламентинин төрагасы менен биргелешкен маалымат жыйынында: “Бизден кийин эмне болушун билбеймин, ал эми биз бийликте турганда (зынакордукка тыюу салуу) маселеси кайрадан көтөрүлбөйт”, – деди. (Сабах газетасы, 24-сентябрь, 2004-жыл)

Бул тууралуу Эрдогандын өзү да: “Европа Союзу зынага тыюуну алып таштоону сурады, биз аны алып салдык, а бирок, ката кылдык”, – деп ачык айтты. Натыйжада зынаокрдук күндөн-күнгө күчөп, 790 пайызга жетти.

Түркия Евробиримдикке мүчө болбой туруп ушундай абалга түштү, мүчө болгондон кийин эмне болот! Ошондуктан, өзүн куткарууга алсыздык кылган  Евробиримдиктен жакшылык күтүү саясий жактан алганда өз жанына кыянат кылуу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндөгү Ислам үммөтү проблемасынын бирден-бир чечими – Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзө турган Халифалык мамлекетин тикелөө. (Менимче, буга далил келтирүүнүн зарылдыгы жок). Ушундай болгон соң, дилинде кыпындай болсо да үммөттүн кайгысы болгон мусулман Халифалыкты тикелөөгө колунан келишинче салым кошуп калсын.

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»  [8:24].

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here