Коронавирустун кесепети

645
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооб

Коронавирустун кесепети

Суроо:

2020-жылы 4-январда Кытай биринчи жолу COVID-19 аталышындагы вирус оорусу жайылып, айрыкча, ал Ухань шаарында таралып, андан ондогон адамдар жабырланганын билдирди. Кийин вирус бүт дүйнөгө жайылды. Көптөгөн өлкөлөр чек араларын жаап, жума намазда жана башка коомдук жайларда чогулууга тыюу салды… Бул илдет дүйнөлүк экономикага сокку урду. Америка менен Кытай бири-бирин айыптоого ала башташты… Бул вирус илдетинин келип чыккан орду эмне? Дүйнөлүк экономикага канчалык тескери таасирин берет? Кийин, бул ооруну туура дабалоонун жолу кандай? Бул илдет себебдүү жума намазын токтотуп коюу туура болобу?

Жооб:

Коронавирус илдети бул англис тилиндеги «Crown» (таажы) сөзүнөн алынган аталышта аталды. Анткени, электрондук микроскоп менен караганда анын көрүнүшү таажы сымал болгон. Ал биринчи жолу 1960-жылы Corona Viridi аталышы менен белгилүү болгон. Бул вирус түркүмүндөгү SARS вирусу 2003-жылы Гонконгдо жайылып, 8422 адам жабыркап, 916 адам мерт кеткен. 2004-2005-жылдары да вирустун ушул түркүмдөгү жаңы түрлөрү ачыкка чыккан. Андан кийинки жылдары да ушул түркүмдөгү вирустар белгилүү болду, айрыкча, 2012-2014-жылдары. Бирок, анын жайылуу чеги чектелүү болуп, кээ бир өлкөлөрдө гана орун алган. 2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында 96% SARS-2 вирусуна окшош вирус тарап, ал 2019-жылы жүз бергендиги үчүн ага COVID 2019 аталышы берилди. Кыскартылып COVID-19 деп аталып калды. Андан биринчи кезекте жабыркагандардын көпчүлүгү Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз жаныбарларын саткан базардагылар болду. Кийин вирус Кытайдын кошуна өлкөлөрүнө тарай баштады. Бул таажы вирусуна 96% окшош вирус жаргананатта да катталагандыктан, анын аслы (өзөгү) жарганат болгон деген пикир басымдуу болуп калды. Вирустан жабыркагандардын өлүмү күн санап көбөйө баштады. Алардын көпчүлүгү Кытайга туура келип, вирустан жабыркагандардын саны 81193кө жетип, өлгөндөр 3 миңден ашып кетти. Кийин илдет Италия, Иран, Испания, Франция жана Америкада күч алды. Бул вирус илдетинин тез таралышы дүйнө жүзүн сестентти. 2020-жылы 24-мартта бул вирустан жабыркагандардын саны 404000ге жетти, өлгөндөрдү саны 20 миңге чамалап бара жатат. («Deutsche Welle», 25.03.30). БУУнун генсекретары Антонио Гутерриш: «Эгер Таажы-19 вирусунун жайылышы ооздукталбаса, миллиондогон адамдар өлөт», – деди. («ЕuroNews», 19.03.20). Ушул себептен улам, көптөгөн өлкөлөр мектептерди, ЖОЖдорду, коомдук жайларды жапты. Ошондой эле, жалпы түрдө карантинге алынып, коменданттык сааттар киргизилди жана жума намаздары токтотулду… Ошондуктан, бул жаатта тактай турган маселелер пайда болду, алардын баяны төмөнкүдөй:

Биринчиден: бул илдет бирөөлөр тарабынан атайын пайда кылындыбы же адамдардын ыплас иштеринен кайтаруу үчүн Аллахтын казасындагы башка оорулар сыяктуу эле табигый жүз берген илдетпи?

Экиничиден: капитализм бул маселени туура көрүнүштө дабалай алабы? Мындай кырдаал шаръий жактан кандай дабаланат?

Үчүнчүдөн: бул илдеттин мунай баасына жана дүйнөлүк экономикага тийизген кесепети кандай болот?

Төртүнчүдөн: бул илдет себептүү жамаат менен намаз окууга жана жума намазына тыюу салуу жайизби?

Бириничиден: илдеттин пайда болушу жана анын артында турган нерсе:

  • Алгач Таажы-19 вирус илдети Кытайда тарай баштаганда медицина илимий изилдөө борборлору бул вирус жаныбарлардан адамга жуккан дешти. Адатта бутпарастар жаман-жакшыны айырмалабастан, көзүнө көрүнгөндүн баарын жей бере турган калк болот. Биз жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Кытайдын Хубэйдеги Ухань шаары кооп-коркунучтуу эттерди саткан борбор катары саналат жана ушул шаар бул илдеттин чыккан очогу болуп калды.

Мына ушундайча бул таажы вирусу Кытайда жайылып, кийин Ирандагы Кум шаары аркылуу өтчү темир жолду Кытай компаниясы куруп жаткан Кытай жарандары аркылуу ирандыктарга жайылды. Анын натыйжасында, Иран Ортоңку Чыгыштагы таажы вирусу жайыла турган очокко айланды. Ошондой эле, Италия транспорт инфраструктурасы үчүн Кытай инвестициясына жол ачкан. Отчеттордо көрсөтүлгөндөй, Ломбардия жана Тоскана Кытай инвестициясы эң көп тартылган аймак болуп эсептелет. 21-февралда Ломбардияда алгачкы жолу таажы вирусу жуккан биринчи учур катталды жана бул аймак ушул илдет эң кеңири жайылган аймак болуп калды.

  • Америка бул Таажы-19 пандемиясына каршы Кытай алгылыктуу күрөшө албай жаткандыгын жана илдет башталган учурда аны жаап жашыргандыгын айыптап, ага карата маалымат чабуулун кылды. Американы бул кадамына каршы Кытай ТИМинин басма сөз катчысы Чжао Ли Цзян кызуу кандуулук менен Твиттердеги баракчасында мындай деп жазды: «Америка аскерлери Кытайдын Ухань шаарына Таажы-19 вирусун алып келиши мүмкүн». («Шаркул Авсат», 13.03.20). Трамп Кытайга карата чабуулун кайрадан кайталап, мындай деди: «Дүйнө Кытайдын акырындык менен жаңы таажы вирусу тууралуу берген маалыматына эбегейсиз акча төлөйт». («Евроньюс», 19.03.20). Трамп 2020-жылы 16-мартта Твиттердеги баракчасына таажы вирусун Кытай вирусу деп сыпаттады. «Америка Кытай вирусу менен аба каттамдары сыяктуу өтө жабыркап жаткан тармактарга колдоо көрсөтөт». Кытай буга каршы жооп катары ТИМи аркылуу 2020-жылы 17-мартта мындай деди: «Бул комментарий Кытайдын атын булгайт, ошондой эле, бизди ачууландырды. Муну биз кескин четке кагабыз». («Россия сегодня», 18.03.20). Кытай Таажы-19 вирусун таратуунун артында Америка турат деп ага күмөн артканда Америка 2020-жылы 13-мартта Пекиндеги элчисин чакыртып алды. Америка ТИМинин жооптуусу мындай деди: «Кооптуу жана шылдыңчыл кутум теорияларды таратуу, биз дүйнөнүн жана Кытай элинин кызыкчылыгы үчүн мындай ыплас ишке эч качан барбастыгыбызды Кытай өкмөтүнө эскертип койууну кааладык. Кытай бул дүйнөлүк пандемиянын башталышына роль жараткандыгы үчүн кийин айыптоолорго кабылып калышын алдын алууну каалап жатат». («Синьхуа» агентиги). «Пекин миллиондогон адамдарды карантинге алган катаал чараларды киргизгендигин, дүйнөгө даярданып алуу үчүн «баалуу убакытты» тартуулай тургандыгын, бул эл аралык коомчулук моюнга алган нерсе экендигин баса белгиледи». («Россия сегодня», 15.03.20).
  • Таажы-19 (sars-cov2) вирусунун жайылышы тууралуу ушундай көрүнүштө Америка менен Кытай ортосунда сөз ыргытуу согушу орун алды. Бул эки мамлекет бири-бирин бул илдеттин таралышынын артында турат деп айыпташты. Ошону менен бирге, бул эки мамлекеттеги колдонулуп жаткан түзүм бул вирус илдетин таратуу артында турушу чындыктан алыс эмес, бирок, изилдөөлөрдөн кийин Америка же Кытай бул вирус илдетин таратуунун артында турат деген ишенимдүү далил болгон жок. Анткени, бул нерсе – вирусту ким жуктурду же ким аны пайда кылып, кийин аны башкаларга таратты деген эки нерседе ачык-айкын көрүнөт:

Биринчиден: анткени бул эки өлкө тең ушул илдетке кулагына чейин батып турат!

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй жана 2020-жылы 23-мартта Кытайдын улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, Кытайда жабыркагандардын саны 81272, өлгөндөрдүн саны 3273 болду. («Авму саабиг», 23.03.20). Эгер, Кытай бул илдетти таратуунун артында турган болсо, жок дегенде бул илдеттен кутулмак.

Ал эми, «CNN Health» эсептөөлөрүнө ылайык, Америкада Таажы-19 вирусунан жабыркап өлгөндөрдүн саны 704кө жетти. Илдетке чалдыккандардын саны 52976 жетти. («CNN Arabic», 25.03.20). Бул көрсөткүч менен Америка Кытай жана Италиядан кийинки эле үчүнчү орунга чыкты… Акыркы иш-чараларга ылайык, жети штатта жалпы түрдө америкалыктардын үчтөн бири үйдөн чыкпоолоруна буйрук берилген. Жекшемби күнү Луизиана жана Огайо штаттары кеңейтилген карантинди жарыялады. Ал карантин Нью-Йорк, Калифорния, Иллинойс, Коннектикут жана Нью-Джерсини өз ичине алды. («Аль-Жазира» 23.03.20). Эгер, Америка бул вирус илдетин таратуунун артында турса, жок дегенде бул илдеттен кутулмак.

Экинчиден: ушул Таажы-19 илдети бул эки мамлекеттин бири тарабынан жасалган деген сөз чындыкка дал келбейт. Анткени, бул вирус лабораторияда жасалган деген эч кандай ишенимдүү далил жок. «Nature Medicine» журналында айтылгандай: «Белгилүү коронавирустук түркүмдөрдүн геномунун ыраттуулугун салыштыруу маалыматы аркылуу Таажы-19 вирусу табигый түрдө келип чыккан деп ишенимдүү түрдө айта алабыз». Журнал минтип кошумчалайт: «Бул пикирди ушул вирустун молекулалык жалпы түзүлүшү тууралуу маалымат да тастыктап турат. Ким бул вирусту лабороторияда жасоону ишке ашырган болсо, анда, ал нерсе анын молекулалык түзүлүшүнөн көрүнмөк». (npr.org). Бул нерсе Орусия, Европа, Иран сыяктуу башка мусулман өлкөлөрүнө да тиешелүү. Анткени, бул өлкөлөр илдетти жуктуруу тарабанынан алып караганда Америка же Кытайдын биринен таасирлениши басымдуу.

Ошондуктан илдеттин пайда болушуна Аллах Куранда айткан себептен башка себеп калбайт:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ﴾

«Адамдардын кылган иштери себептүү аларды бул иштеринин убалын таттырып койуу үчүн жерде жана деңизде бузулуулар пайда болду, мүмкүн, алар (адамдар жасаган иштеринен) кайтар»

[Рум:41]

Биз баарыбыз капиталисттер жана алардын жүгүртөктөрү дүйнө бойлоп кандай бузгунчу ыплас иштерди жасап жаткандарын айдан ачык билебиз. Алар жалаң гана пайда жана жеке кызыкчылык үчүн иш кылышат. Америка, Кытай, Орусия жана Европа аткаминерлеринин иштери буга аттын кашкасындай күбө. Алар өзүнүн элдери жана бүткүл дүйнө бактысыздык кебетесин кийгенине себепкер. Алардын адамзатка карата кылган кылмыштарын жер көтөр алгыс. Алар коргоосу жок адамдарды өзөктүк бомба жана байытылган уран менен бомбалашты. Өрттөөчү напалмалык бомбалар менен бомбалашты. Африка аймагын биологиялык, химиялык куралдарды сынай турган майданга айлантып, андагы урууларды жапайы кыргынга учуратты. Индейлерди тукум курут кыргынына салгандары алардын маңадайында ташка тамга баскандай өчпөс болуп калды. Кытайдын уйгур мусулмандарына кылган жырткычтыгы бүтүндөй чектен ашты. Орусиянын Орто Азия мусулмандарына карата кылмышы, Сербиянын Балкандагы мусулмандарга кылган кылмыштары, ошондой эле, Орусиянын Шамдагы мусулмандарга карата кылган кылмыштары бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Британиянын Индиядагы мусулмандарга жана кайрымусулмандарга карата кылган кылмышынын кесепети азыркы күнгө чейин уланып келүүдө. Мына ушундайча азыркы дүйнө мамлекеттерин башкарып жаткан акимдер адамзаты бүгүнкүдөй бактысыздыкка түшүшүнө бирден бир себепкерлер. Аллах айтат:

﴿فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَالَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ هَؤُلَاءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ﴾

«Алардын жасаган жаман амалдарынын кесепети өздөрүнө жетет. Алардан залим болгондорунун жасаган жаман амалдарынын кесепети өздөрүнө жетет. Алар азаптан кутула алышпайт»                                                                                                [Зумар:51]

Экинчиден: капиталистер жана алардын жүгүртөктөрү бул маселени туура эмес дабалоосу. Бул маселени туура дабалоо – бул шарий дабалоо гана  болуп саналат:

  • Капиталисттер жана алардын жүгүртөктөрү бул маселени үч этапта дабалоону жолго коюшту: биринчи, кырдаалды көзөмөлгө алуу:
    • Биринчи көргөн чаралары маселени жашыруу болду:
      • Кытайдын отчётунда көрсөтүлгөндөй, Кытай бийлиги алгач 2019-жылы декабрдын ортосунда бул вирус илдети тарап жатканын өз жарандарынан жана бүтүндөй дүйнөдөн жашырып, аны моюнга алган жок. Качан гана жыл аягында бул илдеттен жабыркагандар көбөйүп, өлүмдөр каттала баштаганда ачыкка чыгарды. Кытай-Америка маалымат каражаты «Шан Вэй Ван» кабарына ылайык: «Кытай бийлиги вирус илдети тарап жаткан Ухань шаарындагы деңиз азыгын саткан базарды январь айында гана жапкандыгы айтылды. Отчётто илдет тарап жаткандыгы тууралуу такталбаган маалымат таратты, мыйзамга тескери иш кылды деп 8 адамдын камалгандыгы көрсөтүлдү. Ошондой эле, Ухань бийлиги бул нерсени табигый көрүнүш катары санап 18-январда 40000 үй-бүлө катышкан жергиликтүү каада-салты өткөргөндүгү айтылды. («Ранее», 01.02.20).
      • Ошондой эле, Кытай бийлиги Кытай элин бул вирус илдетинин олутуулугу тууралуу 31-декабрга чейин эскерткен жок. Пекин 31-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна билдирип мындай деди: «Оорудан сактануу жана аны көзөмөл алуу мүмкүн». 23-январда Кытай бийлиги Ухань шаарын жаап, ага кирип чыгууга тыюу салды. («Масравы», 23.03.20).
    • Көрүлгөн экинчи чара карантин жана жарым жартылай обочолонтуу:
      • Кошмо Штаттардын саламаттыкты сактоо кызматкерлери ишемби күнү жаңы коронавирусунун сегизинчи учурун тастыкташты. АКШ коргоо министрлиги чет өлкөдөн келгендер карантинге алынышы мүмкүндүгүн жана алар баш калкалоочу жай менен камсыз кылынат деп билдирди. Кытайдын ортосунда жайгашкан Хубэй аймагы жана андагы Ухань шаары карантинге алынган… («Sky News», 22.02.20).
      • Америка Кошмо Штаттарында Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Комо «биз карантиндебиз» жана «биз көрө турган эң катуу чара» деп аны баса белгиледи. Нью-Йоркто, Калифорнияда, Нью-Джерси жана Иллинойс шаарларында карантин койулуп, 85 миллиондон ашык адам азык-түлүк сатып алуудан жана кыска сейилдөөдөн башка жагдайларда үйлөрүндө калуулары милдетендирилди… («Deutsche Welle», 20.03.20).
        • Көрүлгөн үчүнчү чара – үйлөрдө дээрлик бүтүндөй обочолонуу:

«Франс Пресс» эсептөөлөрүнө ылайык, карантиндик чечимдер, сунуштар же коменданттык сааттын киргизилиши себептүү, дүйнө жүзүндөгү жүз миллиондогон адамдар он бир миңден ашуун адамдын өмүрүн алган коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында өз үйлөрүндө обочолонуп жатууга мажбур болушту. Адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөн мындай катаал чара ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай деңгээлде ишке ашырылууда… 30дан ашуун мамлекетте 800 миллиондон ашык адамды үйлөрүндө калууга чакырылды. Германияда бийлик коомдук жашоону чектөө чараларын күчөтүүнү жана көпчүлүк тургундарды үйлөрүндө калууга милдеттендирген чараларды караштырды. Европадагы эң көп жабыр тарткан өлкө Италия 4000 кишинин өмүрүн алган вирустан сактанууга даярданып, вирустун андан ары жайылышын ооздуктоо максатында эски континенттеги калкка карантин жарыялоону буйрук кылган биринчи өлкө болуп  калды… Бардык сейил бактар жана коруктар ушул жекшемби күнү адамдар үчүн жабык болот жана италиялыктарды үйлөрүндө калууга мажбурлаган башка чектөөлөр да киргизилди. Бийлик өлкөдө 24 сааттын ичинде 627 адам вирустан көз жумгандыгын жарыялагандан кийин, бул көрсөткүч кризис башталгандан берки эң жогорку туу чокусу болуп калды… («Deutsche Welle», 21.03.20).

  • Ушул үч ыкма каралып чыккандан кийин, алар көйгөйдү чечпегени белгилүү болот, тескерисинче, экономиканын ийгиликсиздигин дагы артырып дагы бир ийгиликсиздикке жеткире тургандыгы көрүнөт. Кийин бул илдет себептүү биз угуп-билип жүргөн капиталисттик коомдогу адамдар капиталисттик түзүмдүн зулумунан кыйналышын, андан чарчап чаалыгышын дагы артырат.

Демек, бул дарттын туура дарыланышы – Аллахтын мыйзамында көрсөтүлгөндөй – мамлекет ооруну башынан баштап байкап, ооруну анын келип чыгуу жерине чейин чектейт жана башка региондордогу дени сак адамдар иштей беришет…

Имам Бухарий өзүнүн «Сахих»инде Усама ибн Зайддан риваят кылган хадисте Набий ﷺ айтат:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلَا تَدْخُلُوهَا وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Эгер, кайсы бир жерде кара тумоо оорусу чыккандыгын уксаңар, ага кирбегиле. Эгер, силер жашаган жерден чыкса, ал жерден  чыкпагыла».

Бухарий жана Муслимде келген о.э. Усама ибн Зайддан риваят кылынып, лафзы Муслимге таандык болгон дагы бир хадисте Пайгамбар алайхиссалам айтат:

«الطَّاعُونُ رِجْزٌ أَوْ عَذَابٌ أُرْسِلَ عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَوْ عَلَى مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَاراً مِنْهُ»

«Кара тумоо – жаман же азап, бани Исраилге же алардан мурункуларга жөнөтүлгөн. Кайсы жерде анын чыккандыгы тууралуу уксаңар, ал жакка кирбегиле, эгер, силер турган жерден чыкса, ал жерден качып чыкпагыла».

Бухарий Аиша розияллаху анхадан риваят кылган хадисте Аиша энебиз айтат: «Пайгамбар Aдан кара тумоо тууралуу сурадым, ал мага мындай деди:

«أَنَّهُ عَذَابٌ يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ وَأَنَّ اللَّهَ جَعَلَهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ لَيْسَ مِنْ أَحَدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِراً مُحْتَسِباً يَعْلَمُ أَنَّهُ لَا يُصِيبُهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ شَهِيدٍ»

«Ал – азап, Аллах аны кимге кааласа, аны жөнөтөт. Аллах аны момундарга рахмат кылды. Кимге кара тумоо жетип, ал өзү турган жеринде калып, ага Аллахтын гана жазган казасы жетээрин билип, сооп үмүт кылып сабыр кылса, ага шейиттин сообу берилет».

Бул бардык мамлекеттерден озуп кеткен бир өлкөдөгү карантиндин бир түрү. Ал Аллахтын Пайгамбары жана Расулу жетектеген биринчи даражадагы цивилизациялуу мамлекетте, Аллахтын ыраазылыгына жетүү, Исламды жакшы үлгү кылып көрсөтүү үчүн колдонулган Исламий Халифалык мамлекеттинде ишке ашкан. Ибн Хажар Фатх Барий: Умар G Шамга карай чыгып Серагга  келгенде, Шамда эпидемия болуп жаткандыгы тууралуу кабар келди, Абдуррахман Ибн Авф Умар Gга Пайгамбар Aдын:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ بِأَرْضٍ فَلَا تَقْدَمُوا عَلَيْهِ، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَخْرُجُوا فِرَارًا مِنْهُ»

«Эгер, кайсы бир жерде кара тумоо оорусу чыккандыгын уксаңар, ага кирбегиле. Эгер, силер жашаган жерден чыкса, ал жерден чыкпагыла» деген хадисин айтты. Умар G ал жерден артка кайтып кетти. Башкача айтканда, кара тумоо тарагандыгы тууралуу кабарды уккандан кийин Умар G мусулмандар менен ал жакка кирбестен, артка кайтып кетти.

Демек, Ислам мамлекетти ооруну өз орду менен чектейт жана анын тургундары ошол жерде калат. Башка тургундар ал жакка киргизилбейт. Мамлекет өзүнүн мыйзамдуу шарий милдетин аткарышы үчүн, ал – камкор жана коопсуз мамлекет. Ислам мамлекети жугуштуу оорулардын жайылуусун алдын алууда ушул процедураларды аткаргандай эле, бардык жарандарга акысыз медициналык жардамдарды жана дары-дармектерди берет, ошондой эле, ооруканаларды, медициналык лабораторияларды жана мамлекеттик жарандардын билим алуусун жана коопсуздугун камсыздоо сыяктуу башка негизги муктаждыктарын камсыз кылат.

Ошентип, туура дабалоонун жолу – бул жугуштуу ооруну өз ордунда бөлүп алуу жана бейтаптардын ден соолугун чыңдоо, акысыз кам көрүү жана дарылоо болуп саналат. Ден соолугу чың адамдар өз ишин улантышат, ал эми, социалдык-экономикалык жашоо жугуштуу ооруга чейинкидей улануусу керек, антпесе, адамдардын коомдук жашоосу токтоп, үйлөрдө обочолонуп, анан экономикалык жашоо шал болуп же дээрлик жок болот, ошондуктан, анын натыйжасында башка кризистин улам-улам көбөйө беришине шарт жаралат.

Үчүнчүдөн: бул оорунун (таажы вирусунун) мунайдын баасына жана андан кийин дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири:

Дүйнөлүк экономика пандемиясыз эле кадимки кырдаалда да өсүшүн жайлатууда… Дүйнөнүн аракеттери кандайча карантинге жана толук же жарым-жартылай обочолонууга аргасыз болот? Бул чаралар дүйнөлүк экономиканы кыйроого алып келбесе, андан ары өсүшүн басаңдатат. Вирус дүйнөлүк сооданы алсыздандырып, мунай баасынын төмөндөшүнө алып келди. Мунайдын баасы өтө төмөн деңгээлге түштү. Бул Россия менен Сауд Арабиянын ортосунда баа согушун жаратты, анткени, Россия экономикада мунайга көбүрөөк таянат, ошондуктан, өзүнүн мунай өндүрүшүн көбөйтүүгө аргасыз болду. Америка Сауд Арабияны Россияга каршы туруу үчүн мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө түрттү. 2020-жылы 19-мартта Америка президенти Трамп Россияны коркутууга алып «Сауд Арабия менен Россиянын ортосунда болуп жаткан баалар согушуна ыңгайлуу учурда кийлигише тургандыгы» билдирди… («Al-Hurra American», 19.03.20). Сауд Арабия Орусияга каршы Американын базардагы үлүштөрүнүн эсебинде салгылашуу алып барууда, ушул айда үч жыл доор сүргөн мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча Саудия менен Орусиянын мурунку макулдашуусу жокко чыкты. Коронавирустун жайылуусуна байланыштуу глобалдуу суроо-талап кескин төмөндөгөндүктөн ушул аптада болжол менен мунай баасы 20 жылдын ичиндеги баалардын эң төмөнкү деңгээлине түшүп жаткан учурда өлкөлөр мунайды толук кубаттуулугунда өндүрүп жатышат. Brent фьючерстер аралашма мунайынын бир баррелинин баасы 28,75 долларга арзандады. Орустар Сауд Арабия менен Американын мамилесин билишкенине карабастан, Роснефтинин басма сөз катчысы Михаил Леонтьев Орусиянын маалымат агенттигине мындай билдирүү берди: «ОПЕК+ келишимин бир нече жолу узартуунун натыйжасында кыскартылган бардык майлардын дүйнөлүк базардагы орду америка сланец майы менен толук түрдө толукталып жана тез арада анын ордун толтурду». («Reuters», 08.03.20). Бирок, орустар буга каршы эч кандай чара көрө алышпады. Тескерисинче, Саудия Россия менен болгон кризисти күчөттү, мурунку (2,1 миллион баррелге кыскартуу) келишимин узартпоо чечимин кабыл алып, мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө токтом кылды. (Дүйшөмбү күнү мунайга болгон баа 1991-жылы Булуңдагы согуштан кийинки эң чоң жоготууга учураган үчтөн бир баасына түшүп кетти).

Ошентип, Brent маркасындагы мунай фьючерстеринин баррели 22 пайызга төмөндөп 37,05 долларга барабар болуп, буга чейин 31 пайызга төмөндөп 31,02 долларга чейин төмөндөгөн 2016-жылдын 12-февралынан берки эң төмөнкү деңгээл болуп калды. («Reuters», 09.03.20). Кийин Саудия азиялык кардарларына мунайдын баасын 6 долларга арзандатты! Бүгүнкү күндө Россия «ОПЕК+» келишимине кайтып келүүнүн жана мунай өндүрүүнүн жаңы кыскартууларына жетишүү максатында ийкемдүүлүктү көрсөтүүнүн жолун издеп жатат!

Ошентип, дүйнөлүк экономика коронавирустун жайылышы жана андан кийин мунайга болгон баанын төмөндөшү менен катуу силкинди. Эгер, бул абал улана турган болсо, дүйнөлүк экономика иш жүзүндө кыйроого учурашын тездейт.

Төртүнчүдөн: мечиттерде жума жана жамааттык намаздарга тыюу салуу мүмкүнбү?

Жугуштуу эпидемия жайылган учурда жамаат жана жума намаздарын токтотуу, негизинен жалпы түрдө болбойт. Бейтаптарды бөлүп, алардын жамаатка же жумага мечиттерге келүүсүнө тыюу салынат. Бардык чаралар ишке салынып, тазалыкты сактоо, стерилдештирүү, керек болсо маска кийүү милдеттендирилет жана башка чаралар ишке салынат. Кийин ден соолугу чың адамдар жума сайын намазын токтотпостон окушат. Эгер, мечиттерде намаз окугандардын арасында ооруга чалдыккандар бар шектелсе, текшерүү үчүн медициналык топторго уруксат берилет жана ден соолугу чың мусулмандар жума жана жамааттык намазды бузбастан окушуна шарт жаратуу менен чара көрүлөт. Жума жана жамаат намазы тууралуу келген далилдер топтому жуманын туруктуу үзгүлтүккө учурашын камтыбайт. Балким, жума намазына көп сандаган адамдардын келиши талап кылынбайт. Анын баянын төмөндө ачыктайбыз, кээ бир мусулмандар айрым жеке себептеринен улам жумага келе албашы мүмкүн. Ал төмөнкүдөй:

  • Жамааттык намазга байланыштуу: бул фарз кифая:

Жамааттык намаз – фарз кифая, аны жүзөгө чыгаруу адамдарга важиб. Абу Дарда розияллаху анху риваят кылган хадисте Набий ﷺ айтат:

«مَا مِنْ ثَلَاثَةٍ فِي قَرْيَةٍ وَلَا بَدْوٍ لَا تُقَامُ فِيهِمْ الصَّلَاةُ إِلَّا قَدْ اسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمْ الشَّيْطَانُ، عَلَيْكَ بِالْجَمَاعَةِ فَإِنَّمَا يَأْخُذُ الذِّئْبُ مِنَ الْغَنَمِ الْقَاصِيَةَ»

«Айылдагы же бедиунден болгон үч адам намаздарын жамаат менен окубаса, аларга шайтан ээлик кылат. Жамаатты бекем карма, бөөрү бөлүнгөн койду алат». (Абу Дауд риваяты, иснады хасан).

Бул жамаат намазы тууралуу болду. Ал – фарз кифая. Пайгамбар A менен биргеликте окулган жамаат намазына кээ бир мусулмандар келбей койушту. Пайгамбар A алардын үйлөрүн өрттөп жиберүү менен коркуткандан кийин өз жайларына таштап койду. Бухаари риваяты, Абу Хурайра Gдан, Пайгамбар A айтты:

«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَقَدْ هَمَمْتُ أَنْ آمُرَ بِحَطَبٍ فَيُحْطَبَ ثُمَّ آمُرَ بِالصَّلَاةِ فَيُؤَذَّنَ لَهَا ثُمَّ آمُرَ رَجُلاً فَيَؤُمَّ النَّاسَ ثُمَّ أُخَالِفَ إِلَى رِجَالٍ فَأُحَرِّقَ عَلَيْهِمْ بُيُوتَهُمْ وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَوْ يَعْلَمُ أَحَدُهُمْ أَنَّهُ يَجِدُ عَرْقاً سَمِيناً أَوْ مِرْمَاتَيْنِ حَسَنَتَيْنِ لَشَهِدَ الْعِشَاءَ»

«Менин жаным колунда болгон Затка касам. Мен отун жыйнаттырып, кийин намазга азан айттырып, кийин ага бир адамды имамдык кылууга буйруп, кийин ага келбей койгон адамдардын үйлөрүнө барып өрттөп жиберүүнү абдан кааладым. Менин жаным колунда болгон Затка касам, алардын кайсы бири (намазга келгенде) бир майлуу жилик эт же койдун туягын таба тургандыгын билишсе, куптан намазына шексиз келишмек».

Эгер жамаат намазы ар бир мусулманга фарз болгондо, аларды бул абалга калтырмак эмес. Бул куптан намазын жамаат менен окуу тууралуу болду. Жамаатын эң азы имам жана бир уючу адамдын болушу жетиштүү. Буга далил Малик ибн Хувайрис риваят кылган хадис. Малик айтат: «Биз Пайгамбар Aдын алдынан кайтууну каалаган учурда Пайгамбар A бизге мындай деди:

«إِذَا حَضَرَتْ الصَّلَاةُ فَأَذِّنَا ثُمَّ أَقِيمَا وَلْيَؤُمَّكُمَا أَكْبَرُكُمَا»

«Эгер, намаз убактысы кирсе, азан айткыла, кийин коомат айтып экөөңөрдүн жашы улууңар имамчылык кылсын». (Муслим риваяты).

Жамаат менен намаз окуу шарий үзүр учурларында гана ташталат, мисалы, суук жана жаандуу күндөрү. Бухарий риваят кылган ушул хадис ал тууралуу келген:

«كَانَ يَأْمُرُ مُؤَذِّناً يُؤَذِّنُ ثُمَّ يَقُولُ عَلَى إِثْرِهِ أَلَا صَلُّوا فِي الرِّحَالِ فِي اللَّيْلَةِ الْبَارِدَةِ أَوْ الْمَطِيرَةِ فِي السَّفَرِ»

«Пайгамбар A сапарда жаан жана суук күндөрү азан чакыртып, кийин анын артынан эле улооңордун үстүндө намаз окугула дечү». (Бухари риваяты).

  • Жума намазына келсек, ал фарз айн болуп, үзүр менен гана калтырылат. Буга далилдер көп:

Аллах Таала айтат:

﴿إِذَا نُودِي لِلصَّلاَةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«Эгер, жума күнү жума намазына чакырылсаңар, сооданы таштап Аллахты эстөөгө шашылгыла»                                                                                                             [Жума:9]

Бул аяттагы буйрук мубахтыктан кайтарган талап жазмды шарт кылган буйрук экенине далалат кылат. Хааким эки сахихтин негизинде «Мустадрак» китебинде Тарик бин Шихааб, Аби Муса аркылуу риваят кылган, Пайгамбар A айтты:

«الْجُمُعَةُ حَقٌّ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُسْلِمٍ فِي جَمَاعَةٍ إِلَّا أَرْبَعَةٌ: عَبْدٌ مَمْلُوكٌ، أَوِ امْرَأَةٌ، أَوْ صَبِيٌّ، أَوْ مَرِيضٌ»

«Жуманы ар бир мусулман жамаат менен окуусу фарз, төртөө гана буга кирбейт: кул, же аял же, жаш бала, же оорулуу адам». (Хаким бул хадис эки шейхтин шартында сахих деген).

Душмандан коркон адамга важиб болбойт. Ибн  Аббас G кылынат, Пайгамбар A айтты:

«مَنْ سَمِعَ النِّدَاءَ فَلَمْ يُجِبْهُ فَلَا صَلَاةَ لَهُ إلَّا مِنْ عُذْرٍ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا الْعُذْرُ؟ قَالَ: خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ»

«Ким азанды угуп, ага жооп бербесе, анын намазы жок. Бир гана үзүр учурунда. Сурашты: «Я Расулаллах, үзүр эмне?». Айтты: «Коркуу же оору». (Байхакий «Сунан кубро» китебинде келтирген).

Ушундайча жума ар бир мусулманга фарз, бир гана шарий насста келген адамдар мындан үзүрлүү болуп саналат. Алардан башкаларына шарий насс келген эмес, ошондуктан, аларга жума фарз айн болуп саналат. Бул шарий үзүрлөргө кыясталбайт. Шарий үзүр шарий насста келген шарий үзүр болуп саналат. Ага башкалары кирбейт. Ибадаттарды кыяс кылуу, анткени, кыястоо үчүн иллеттүү насс келген эмес, ошондуктан, ал кыясталбайт… Жума намазы үчүн жамаат санына жеткен адам болсо жетиштүү. Сахабалар жума намазы үчүн жамаат санына жеткен адамдардын болушуна ижма кылышкан. Белгилүү бир сандагы адамдын болушун шарт кылган эмес. Балким, жамаат болуу санына жеткен гана адамдардын болушу шарт. Анткени, жамаат болуу жогоруда айтылып өткөн хадисте көрсөтүлдү.

Пайгамбар A айтты:

«الْجُمُعَةُ حَقٌّ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُسْلِمٍ فِي جَمَاعَةٍ»

«Жуманы ар бир мусулман жамаат менен окуусу фарз, төртөө гана буга кирбейт: кул, же аял же, жаш бала, же оорулуу адам».

Канча адам окушунун саны да сахабалардын ижмасы аркылуу бекемделген. Жума намазын окуу үчүн белгилүү бир көп сандагы адамдын болуштугу тууралуу далил келген эмес. Балким, үч адамдан жогору жамаат болуп саналгандыгы сахаба yдын ижмасы менен бекемделген. Анткени, жуманы окууда эки адам жамааттын санына жетпейт, үч адамдан жогорусу гана жума окуу үчүн жамаат саны болуп эсептелет. Ошондуктан, ушуга негизделип жума намазын окуу үч адамдан баштап важиб болот. Эгер, андан аз болушса, алар жума окуй алышпайт, анткени, алар жамаат болуп окуусу үчүн саны жеткен  жок. Ижмада жума окулушу үчүн аны окуй турган адамдардын жамаат боло турган саны болушу бекемделген. Ал – үч адамдан жогору.

Демек, Халифалык абалында жума же жамааттык намаз үзгүлтүккө учурабайт, тескерисинче, ага үзүрлүү болгон адам келбейт, калгандары катыша берет.

Бардык адамдар инфекцияга дуушар болушунун ыктымалдулугу бардык этияттык чараларды колдонгондон кийин да күчтүү күмөндү жаратат деген сөзгө келсек, бул ыктымалдуулук күчсүз. Анткени, айрыкча жамааттын эң аз саны – эки адам, жума окуу үчүн үч адам болушу жетиштүү. Эгер, мындай ыктымалдуулук бар деп эске алган учурда да, ал өз аймагына чектелет. Бул жерде бардык иш дыкаттык менен көзөмөлгө алынышы шарт. Ыктымалдуулук күчтүү болгон учурда да жума намазын же жамаат намазын жокко чыгара  албайт. Балким, бардык этияттык жана сактануу чараларын ишке ашыруу, сактануу менен жума окулат. Сактануу дегени фарзды таштоо дегенди билдирбейт. Балким, жугуштуу илдеттен баардык этияттык, сактануу иш чараларын ишке салуу менен оорулуу адамдардын келишине тыйуу салуу аркылуу жума окулат.

Бул маселе боюнча басымдуу туура чечим: эгер, мамлекет жогоруда көрсөтүлгөндөй, жайылып кетиши мүмкүн болгон илдетти алдын ала турган текшерүү, сактануу жаатында күч аракетин жумшабастан туруп мечиттерди жапса, адамдарга жумага жана жамаат үчүн мечиттерге баруусуна жол бербесе, анда, мамлекет жума жана жамаат намаздарынан тоскондугу үчүн чоң күнөөкөр болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер колонизатор динсиздердин кадамдары артынан кадамдап жүрүшкөндүктөрү чынында абдан кейиштүү. Эгер, бул өлкөлөр белгилүү бир ооруну дарылоодо кыйналып жатышса, алар алардын артынан ээрчишти. Эгер, алар теңсиз болгон бир чечим сунушташса да, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер аны кол чаап колдоп, туура чечим деп эсептешти. Таажы-19 вирусу өлкөлөрдү сенектик абалга кептеп, жалпы коомдук турмушту токтотуп койуу абалына кептегени аянычтуу көрүнүш. Мусулман өлкөлөрү буга окшогондун бир далайын башынан өткөргөн. Мусулмандар хижранын 18-жылы Шамда Румга каршы согуш алып барып жатканда кара тумоо капташына дуушар болгон… Ушул сыяктуу эле, алтынчы кылымдын ортосунда «Шакфа» деген балээге кабылган жана ал азыр «Аль-Джамра» деп аталат. Ал оору Шамдан Мароккого чейин созулган жана ал азыр Staph бактериялары аталышындагы тери инфекциясы кесепетинен пайда болгон жара болуп эсептелет. Ошондой эле, хижрий 8-кылымдын орто ченинде (хижрий 749-жылы) Дамаскта мусулмандар «улуу чума» деп аталган нерсе дуушар болгон, ушул учурлардын бардыгында мечиттер жабылган эмес жана жума, жамаат намаздары токтотулган эмес. Ошондой эле, адамдарды үйүнө камаган эмес. Балким, оорулуу адамды обочолонтуп, дени сак адамдар жихадды жана өз иштерин улантып, мечитерге барып Аллахтан бул оорудан арылтуу үчүн дуа кылышкан. Бул нерсе алар оорулууларды дарылап, аларга кам көргөндөн кийинки кадамдары болгон, бул анык акыйкат.

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ﴾

«Акыйкаттан кийин бир гана адашуу бар»                                                       [Юнус:32]

 

                                                                                                                   8-шаъбан, 1441-х.

                                                                                                                     26-март, 2020-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here