Кыргызстан “Центерра”дан 2,2 миллион доллар дивиденд алат

364
0

Кыргызстан “Центерра”дан 2,2 миллион доллар дивиденд алат

 “Centerra Gold” ишканасы акционерлерине 11.75 миллион Канада долларын ($8.2 млн. АКШ доллары) дивиденд катары төлөп берээрин жарыялады. Компаниянын 26% акциясына ээлик кылган кыргыз өкмөтү 2.2 млн. АКШ доллар дивиденд алышы керек. Бул тууралуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын сайтында кабарланды.

 2019-жылы 30-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Centerra Gold” компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп, «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир жолу көтөргөн.

 Кабарда келишинче, Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын акционери болгон Кыргызстан түшкөн пайдадан үч жылга жакын убакыттан бери дивиденд ала албай келген. Канадалык компания кен боюнча жаңы келишим күчүнө кирбей жатканын шылтоолоп, ал каражатты төлөөнү токтоткон болчу.

 Комментарий: Расмий маалыматтарга ылайык, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кумтөр” алтын кенинен 9,37 тонна алтын казып алынган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк базарда 1 унция алтындын баасы (1 унция – 31,1034768 грамм) 1626,9 долларга бааланууда. Бир тонна алтын 35273,9 унцияга барабар. Эгерде бир тонна алтын унция эсебинде сатыла турган болсо 57 387 197,91 доллар болот. Эми муну жарым жылда казып алынган 9 тоннадан ашык алтынга, же болбосо бир жылда казып алынуучу 20 тоннага чукул алтынга көбөйтө турган болсок, кыргыз бийлиги үммөттүн акысы болгон умумий мүлктү канчалык арзанга берип жатканы о.э. мунун акысына арзыбаган өлчөмдө дивиденд жана салык алып жатканы  белгилүү болот. Мындан тышкары, кыргыз бийлиги Ысык-Көл облусундагы “Сарычат – Ээрташ” мамлекеттик коругуна тиешелүү 16 миң гектар жерди кен казуу иштери үчүн “Кумтөр”гө кайтарып берди.

2019-жылдын 1-январына карата “Кумтөр” кенинде 140 тоннага жакын алтындын запасы бар деп болжолдонгон. Ушул кезге чейин 345 тонна таза алтын ташып кетилди. Кен казуу иштери башталган жылдары аймакта 716 тонна алтын, 388 тонна күмүш, 54 885 тонна вольфрам  запасы бар экендиги аныкталган. Бирок, келишим бир гана алтын үчүн түзүлүп, калган баалуу металлдар бекер ташылып кетүүдө. Кумтөр кени иштей баштагандан бери анын пайдасын бир гана чет элдик компания көрүп келет. Андан калган жугундуларды болсо ортомчу болгон жергиликтүү чиновниктер бөлүшүп алууда. Мамлекет карапайым калкка “Центерра”ны эң ири салык төлөөчү компания катары көрсөтүү менен көз боёмочулук кылууда. Ушул кезге чейин калктын колуна алтын кенинен эч кандай үлүш тийбеди.

 Ал тургай, бүгүнкү күндө дүйнөлүк дүрбөлөңгө айландырылган коронавирус пандемиясы шартында да, үммөттүн мүлкү болгон “Кумтөрдүн” калкка пайдасы тийбеди. Расмий өкмөт Эл аралык валюта фондунан 121 миллион доллар қарыз алуу менен элдин мойнундагы карыздын үстүнө дагы карыз кошууда. Эгерде кыргыз бийлиги алтын кенин колонизатор мамлекетке кош-колдоп тапшырбастан өз күчү менен колунан келишинче казып алганда мындан көбүрөөк пайда көрүп, азыркыдай оор кырдаалда карыз албастан элдин керегине жаратмак.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here