Алжир армиясы Ливиядагы абалды шылтоолоп кимдин пайдасына аскерий сапарбарлык жарыялады?
Устаз Салих Абдуррахим – Алжир
Ушул күндөрдө Алжирде жаңы президент Абдулмажид Таббун армияга сапарбарлык жарыялады о.э. тышкы иштер деңгээлинде сезилээрлик дипломатиялык аракеттерди жана кеңири көлөмдүү алакаларды алып барууда. Бул чаралар эл аралык күрөштүн отунда калган Ливияда татаалдашып жаткан кризисти токтотууга багытталган. Бирок, Алжир режиминде да абал жакшы эмес, ал да үлкөн проблемаларга туш келүүдө. Өз кезегинде, бул салыштырмалуу туруктуулукту жана ички фронтту бекемдөө үчүн тез чечимди талап ккылат. Ушундайча Алжир регионалдык сахнада өзүнүн адаттагы ролун ойнойт. Бирок, бул чаралар кимдин пайдасы үчүн болуп жатат?!
Расмий маалымат агенттиги кабарлагандай, Алжир президенттик аппаратынын билдирүүсүнө ылайык, президент Абдулмажид Таббун 18 ай жана андан аз мөөнөткө камалган туткундардын 6294үнө мунапыс жарыя кылуу жөнүндө расмий буйрук чыгарды. Муну менен ушул февраль айында мунапыс кылынган туткундардын саны он миңге жетти. Бул Алжир тарыхында болбогон окуя. Президенттин буйругу «терроризм», мекенге кыянаттык кылуу, тыңчылык, адам өлтүрүү, баңгизаттар соодасы, финансылык коррупция жана башка бир катар кылмыштар менен эркинен ажыратылган адамдарды камтыбаган. Мындан мурда 2020-жылдын 1-февралындагы мунапыс, алты ай жана андан аз мөөнөткө эркинен ажыратылган туткундарды азат кылууну камтыган. Бирок, президенттин билдирүүсүндө ушул мунапыс өлкөдө өткөн жылы февраль айынан бери уланып жаткан нааразылык демонстрацияларда жана жүрүштөрдө камакка алынган адамдарды камтышы же камтыбашы ачыкталбады. Этибарлуусу, «улуттук биримдикке коркунуч туудурат» деген айып да тизмеден чыгарылган эмес, негизи, нааразылык демонстрациялар учурунда улуттук байрактын ордуна берберлердин байрагы да көтөрүлгөн. Мындай мунапыс кадамы пирамиданын эң башындагы токтом кабыл алуучулардын иш-чаралары. Бул пирамидадагылар өздөрүн көчөлөрдө нааразылык демонстрацияга чыккандардын, бир катар партиялардын, адам укуктары уюмдарынын жана бийликке каршы чөйрөлөрдүн талаптарына жооп берип жаткандай кылып көрсөтүп жатышат. Бийлик бул кадамды Республика президенти бийликке келиши артынан чыгарган ийгиликтүү сүйлөшүүнүн маанилүү шарттарынын бири деп билет. Республика президенти ушул күндөрдө бийликтин сызыгынан чыкпаган бир катар партиялардын жана комитеттердин жетекчилерин кабыл алууга киришти. Алардан тышкары, президент менен жолугушууга ал тургай учурда оппозициячыл болуп алган саясий адамдар да шашылышты. Акыйкатта болсо, бул жасалма оппозиционерлер кеңири көлөмдүү өзгөрүүгө чакырган жана бийлик менен сүйлөшүүнү чекте каккан элдик кыймылдын демонстрацияларын жакынкы кездерде да колдоп-кубаттап жатышкан.
Эске салсак, өлкө башындагы аскерий мекемеде көөдөлөнгөн иш жүзүндөгү режим элдик кыймыл менен чогуу болуп алып, анын талаптарын жалгандан кабыл алды, туруксуздук коркунучунан жана президенттик шайлоону кечиктирүүнүн акыбеттеринен, өлкөдө башаламандык жүз беришинен эскертип, жакынкы убакытта конституциялык жолго кайтуу шарт экендигине чакырып келди… Режим мына ушулар аркылуу ага сызып берилген жол картасын аткарууда. Бул карта, эң оболу, президенттик шайлоону өткөрүүнү, атаандаштар талап кылып жаткан ар кандай өткөөл өкмөт баскычына ыраазы болбоону камтыйт. Дагы ушуну эске салуу керек, бул өкүмдар аскерий мекеме оболу саясий сахнага өз салмагын таштап, кийин шашып аракет кылып, президенттик шайлоону уюштурууга жана белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө да үлгүрдү. Саясий сахнага салмагын таштап алганын мурунку Башкы штабы төрагасы аскерий бөлүктөрдө, ал тургай, өлкө түштүгүндөгү аскерий бөлүктөрдө баяндарды кылганынан көрүү мүмкүн. О.э. бул аскерий мекеме демонстрацияларды алдады жана аларды колонизатор Франциянын малайлары деп атады. Т.а. атаандаштарын жок кылуу жана коррупциянерлерди тергеп-тескөө менен алектенип келди. Негизи, аларды ушул система жараткан.
Ушунусу анык, демонстрациянын отун өчүрүү максатында президенттик шайлоого шашылуунун жана Алжирдеги абалды турукташтырууга умтулуунун көптөгөн себептери бар. Бирок, негизги себеп – европалыктардын көрсөтмөсү менен бул өкүмдар мекеме чыгыш жана батыштагы региондогу т.а. Ливия менен Африкадагы Жээк мамлекеттериндеги оор абалдын акыбеттерине каршы туруу. Ливияда кризис татаал түс алган о.э. Американын малайы Хафтар бекем турат. Америка аны өзүнүн региондогу өкүлдөрү жана Россия аркылуу колдоп-кубаттап жатат. Ал кожоюндары үчүн Ливияда мүмкүнчүлүктөр жаратып берүүнү каалап жатат. Сыр болбогондой, Каддафий Ливиясы саясий жактан Британиянын тарапкери эле, ондогон жылдар күчсүз мамлекет болуп турду, анда мамлекеттин чыныгы потенциалдары жок эле, тышкы көрүнүшү гана мамлекет болчу. Абдулмажид Таббун Алжирге жетекчи болгондон кийин «Триполи кызыл сызык!» деген сөздү капыстан айткан жок. Бул – Хафтардын регионалдык жана эл аралык колдоп-кубаттоочулары жакшы түшүнгөн сөз! О.э. Таббун региондогу өз ролун кайра колго алуу үчүн тезинен амалият баштаганы да регион калкынын пайдасына үчүн болуп жаткан табигый аракет эмес. Ушул регионалдык ролу сахнадан алысташып, эми Алжир Европанын көрсөтмөлөрү негизинде кайра сахнага кайтууда. Максат – Чөлдөгү түштүк урууларына көмөк көрсөтүү аркылуу Европага тарапкер кошуна мамлекеттердин өкмөттөрүн бекемдөө. Айрыкча, Файз Сарраж жетектеп жаткан «эл аралык даражада моюнга алынган» Батыш Триполидеги Вифак өкмөтүн бекемдөө. Европа ушул аркылуу коопсуздук курун жаратып, Американын жолун тосмокчу. Европа узак жылдар аралыгында Британия жана Франция тарабынан талап-тонолгон Африка Жээгиндеги күчсүз мамлекеттерге карай кеңейүү максатында Американын карталары өрттөөнү, өзгөчө, региондогу ИШИМ сыяктуу уюмдарга каршы күрөш картасын жокко чыгарууну, Америка пландарын бекер кылууну каалап жатат. Негизи, Жээктеги бул мамлекеттердин күчтүрөөк коргоого ээ армиясы болбогон. Ушул себептен улам, Американын ар кандай тармактагы таасирине каршы турууга таптакыр күчтөрү жетпейт. Кытай менен Россия да өз услубу боюнча Африка тарапка кеңейүүгө аракет кылып жатышат. Бул болсо, англис саясатчыларын Брексит келишимине кол коюуга мажбур кылды. Себеби, Британия Европа Союзунун чектөөлөрүнөн чыгууну о.э. калган континенттерде өз таасирин бекемдөөнү, ушул аркылуу ал жерлердеги кызыкчылыктарын жана колонизаторлугун сактап калууну каалап жатат.
Мына ушул себептен улам, Алжир чыгыш чегарадагы абалга байланыштуу армияга сапарбарлык жарыялады. Режим бул сапарбарлыкты гуманитардык жардамдарды жиберүү, «терроризмге» жана контрабандага каршы күрөшүү сыяктуу чүмбөттөр астында ишке ашырууда. Муну менен бирге, тышкы иштер деңгээлинде да ыкчам аракеттерди баштады. Алжир өзгөчө Африка майданында туруу о.э. Мароккодогу Сухайрот-Схират келишимин активдештирүү үчүн Түндүк Африкадагы Европага көз каранды мамлекеттерди колдоп-кубаттоо сыяктуу аракеттерди баштады. Бул келишим Ливиядагы күрөшүп жаткан тараптарды да өз ичине алган, ага 2015-жылы 17-декабрда БУУ башчылыгында кол коюлган. Ошондуктан, европалыктар аскерий аракеттин күчөөсүн алдын алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашты. Андыктан, Британия жакында Коопсуздук Кеңешинде Ливия маселеси боюнча өткөрүлгөн конференциянын натыйжаларын активдештирүүгө урунду. Бирок, Американын буюртмасына ылайык, Хафтар абалды аскерий да, экономикалык жактан да күчөтүүдө катуу турат жана бул үчүн нефть экспорт кылына турган портторду көзөмөлгө алуу аркылуу аскерий блокаданы ишке ашырып жатат. Муну менен Америка Ливияда каалап жаткан нерсесине кандайдыр бир деңгээлде же баскыч-бачкыч болсо да жетиши керек.
Башка жактан алганда, Алжирдеги аскерий мекеме айла-амалдуу жасалма шайлоо оюну аркылуу бийликке келген жаңы президентке өлкө ичиндеги иштерди алып баруу оңой болбойт. Өлкөдөгү таасирдүү топтордун аракетинен улам учурдагы президент жеңип чыккандыгы – бийликте дагы эле ошол мурунку топ өкүмдар экенин түшүндүрүүдө. Таббун Бутефлика доорунда да жана андан мурда ондогон жылдар аралыгында администрацияда иштеген болсо да о.э. Абдулазиз Жаррад төрагалыгында өкмөттү түзүп, бардык тармактагы проблемаларга каршы күрөшүүгө аракет кылып жаткан болсо да, бирок, ал шайлоо алдынан берген убадалары үчүн сыналышы анык. Анын негизги убадалары экономиканы көтөрүү, финансылык жана администрациялык коррупцияны жок кылуу, жаштар арасында, өзгөчө, жогорку билимдүүлөр арасында жумушсуздук проблемасын чечүү, саламаттыкты сактоо жана таалим системасын кайрадан түзүп чыгуу, сот системасын оңдоо, уурдалган байлыктарды кайтаруу жана башка убадалар болгон. Ал уурдалган байлыктарды кайтаруунун жолун билемин деп шайлоо кампаниясында айткан. Таббун өз бидирүүсүндө, эгер президент болсо «жаңы Алжирди» курмакчы экенин, биринчи даражалуу вазыйпасы конституцияга президенттин укуктарын чектеген өзгөртүүлөрдү киргизүү о.э. шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү экенин, себеби, Алжир ички жана тышкы жактан жаңы өзгөрүүлөр жана күрөштөр баскычына кирип жатканын баса белгилеген.
Ушундай болсо да, көчөлөрдө өз талаптарын көтөрүп чыккан элдик кыймыл дагы эле Алжир борборунда жана айрым шаарларда уланууда. Бирок, ал ылдамдыгын жоготкон. Буга режим өз атаандашын чектөөгө жетишкени себеп эмес. Тескерисинче, элдик кыймыл өз ылдамдыгын жоготкону себеп, ал Исламды бийликке алып келүү аркылуу Уммат долбоорун ишке ашырууну талап кылбады. Элдик кыймыл жалпы ураандарды жана талаптарды көтөрүп чыкты, алардын маңызы түшүнүксүз, булактары жана альтернативлары белгисиз болду. Мисалы, адилетсиздикти жоюу, башкаруу системасын өзгөртүү, ар түрдүү коррупциядан баш тартуу, укук жана мыйзамдуулукка жетишүү, аскерийлерди саясатка аралаштырбоо, алжирликтер ортосунда жарашууга жетишүү, сот системасын реформалоо, жашоо шарттарын жакшыртуу…
Туура, элдик кыймыл ушул күндөрдө аракетти баштаганына бир жыл толушуна байланыштуу өз күчүнө жана жандуулугуна кайра жетишти. Бирок, ал көздөгөн өзгөрүүгө таптакыр жакындаша албайт. Себеби, демонстрация жана митингчилер Исламды четке коюп, демократия жана жарандык мамлекеттин талаптарын бекем кармап алышкан. Бул нерсе Умматтагы реалдуу күчтү козгоп, жардыра албашын түшүндүрөт. Умматта жарылуу болушу үчүн Алжир калкынын өздүгү негизинде талап кылынган өзгөрүү жасоого кудуреттүү пикирий жана саясий булакты анык белгилеп алуу керек. Т.а. бул иш Алжир калкы өзүнүн Исламга таандыктыгын баса белгилеши, нусрат талап кылышы, Аллахтан колдоо сурап, кыйынчылык жана кризис учурларында Аллахка тобокел кылып, амал кылып, сабыр-кайраттуулук көрсөтүшү менен ишке ашат.
Роя геити, №275, 2020-жыл, 26-февраль.