Кыргызстанда жума намазга тыюу салынабы

432
0

Кыргызстанда жума намазга тыюу салынабы

«Менимче, муфтият бүгүн жума намазына байланыштуу билдирүү жасайт. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат». Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-мартта өкмөттүн брифингинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, уламалар кеңеши бир катар чечимдерди кабыл алган. Анын ичинде мечиттерде массалык жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу, жума намаздын убактысын кыскартуу маселелери бар. Учурда жума намаз талкууланып жатат.

Буга чейин Тажикстан менен Өзбекстанда жума намазды окууга тыюу салынган. Андан сырткары, жаназа каза болгон кишинин жакын туугандарынын гана катышуусунда өтмөкчү.

Убакыт өткөн сайын коронавирус АКШ тарабынан чыгарылганы тууралуу маалыматтар ачыкка чыгууда. О.э. анын коркунучу көбүртө көрсөтүлүп, жасалма дүйнөлүк дүрбөлөң уюштурулганы да ачыкталууда. Бул дүрбөлөңдө АКШга атаандаштыгы бар Кытай менен Европа о.э. Россия бутага алынып жаткандай.

Бир бута Орусия болгонуна келсек, орус өкүмзордугунан кутулуу үчүн Батышка ыктап жаткан Казакстан менен Өзбекстанда вирустун катталышы жана Тажикстан менен Кыргызстанда азык-түлүк ызы-чуусунун башталышы да ушуга далалат кылат. Мындан улам, өкмөт башчы Орусия премьер-министри менен вируска каршы коллективдүү аракет көрүү маселесин талкуулаганга аргасыз болду.

Бул вирустан улам чыккан дүрбөлөңдү айрым өлкөлөр өз кызыкчылыктары жолунда да пайдаланышууда. Маселен, Кытай дүйнөлүк коомчулуктун Чыгыш Түркистандагы зулумдукка каршы пикирин басаңдатып, аны жаңы дүрбөлөңгө бурууга пайдаланды. Орусия да абалдан пайдаланып, жаңы конституция кабыл кыла калды. Тажикстан жана Өзбекстан бийликтери сыяктуу куфрга малай акимдер болсо вирус өлкөдө катталбаса да – Исламдын жайылуусуна каршы күрөшүп калуу үчүн – жума намазына тыюу салды.

Түпкүлүгүндө дарт да, шыпаа да Аллахтан гана келет. Ошондуктан, бул дарттан жана анын кесепеттеринен алдын ала коркууга түшүү арам. Бул ишеним жагынан. Ал эми амалга тиешелүү жагына келсек, башка жугуштуу оорууларга каршы чаралар көрүлгөндөй эле, өзүбүздөгү бар мүмкүнчүлүк менен сактанууга аракет кылышыбыз шарт. Мамлекет болсо атайын жугузулушу мүмкүн болгон абалдардан элди коргоп калуусу керек. Себеби, ушундай жугузуунун ыктымалы жогору. Ошондой эле, келе элек оорунун айынан мусулмандардын үстүндөгү парз болгон милдеттерди өтөөсүнө жолтоо болуудан коркушу керек. Анткени, жума намазы жамаат болуп окулушу парз болгон өкүмдөрдөн!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here