Сириядагы Ислам менен капитализм арасындагы күрөшкө онунчу жыл

342
0

Сириядагы Ислам менен капитализм арасындагы күрөшкө онунчу жыл

Сирия козголоңу 2011-жылы 15-мартта канкор Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүш менен башталган. Көп өтпөй бул көтөрүлүш бузук капиталисттик идеология менен Ислам мабдасынын ортосундагы күрөшкө айланды. Согуштан жарым миллиондон ашык сириялык курман болду. Качкынга айлангандардын саны 5,6 миллионго жетсе, өлкө ичинде 6,6 миллион адам жер которууга аргасыз болду. 8 миллион адам азык-түлүк тартыш аймакта жашоо кечирүүдө.

Жогоруда белгилеп өткөндөй, калк 2011-жылы жумушсуздук, урбанизация сыяктуу маселелерден улам табигый көтөрүлсө да, кийин алардын урааны Исламий ураанга айланды. Натыйжада бул козголоң Ислам менен АКШ башында турган капиталисттик идеологиянын күрөшүнө айланды. Бул күрөштө АКШ аймактык жана жергиликтүү күчтөргө рол белгилеп берди.  Маселен, Ирандын “хизбулла” уюму Асад режимин бекемдөө үчүн Исламды алып келүүгө аракет кылгандарга каршы согуш алып барат. Саудия менен Бириккен Араб Эмирлиги болсо бир тараптан эл аралык коалициянын чыгымдарын жаап, экинчи тараптан күрддөргө каржылык, курал-жарак жактан көмөк көрсөтүү ролун алды. Мындай жардамдар эң башта жихадий уюмдар үчүн да ачык болуп, кийин алар АКШ кызыкчылыгындагы сүйлөшүү столдоруна катышпай коюп, мындай эшиктер алар үчүн жабылды. Түркия болсо Асад режимине альтернатива катары пайда болгон “Сирия эркин армиясы” менен бирге “Ислам мамлекети” уюму менен күрд күчтөрүнө каршы күрөш алып барат. Ошондой эле күрддөр тарабынан “Сирия демократиялык күчү” түптөлүп, АКШ кызыкчылыгына ылайык, алар жихадий уюмдарга каршы күрөшүүдө.

Жогорудагы күчтөр биригип иш алып барса да алардын аракеттери Асад режимин сактай албай калды. Кийин “Ислам мамлекети” уюмуна жолдор ачылып, бул уюм өлкөнүн негизги аймактарын ээлеп алды. 2014-жылы АКШ баштаган эл аралык коалиция муну шылтоо кылып Сирия согушуна аралашууга мажбур болду. Мындан тышкары, 2015-жылы Орусия да АКШ менен Украина маселесин соодалашуу максатында Сирия баткагына кирди. Ал дагы Асад режимин коргоо ролун алды. Мына ушул күчтөр биригип, Асад режимине жоготкон аймактарды кайтарып бере баштады. 2016-жылы Асад режими аркасындагы күчтөргө таянып, 2,5 миллион калктуу Алеппо шаарына аёсуз чабуул жасады. Ага Орусия абадан учкучсуз учактар менен бомба таштоо аркылуу жол ачып берсе, Иран кургактыкта жырткычтык менен кыргын салды. Алеппону Ислам күчтөрүнөн бошотууда Түркиянын ролу чоң болду. Түркия “Евфрат калканы” аталышындагы аскерий жүрүш уюштуруп, Алепподогу козголоңчулардын негизги бөлүгүн сыртка алып чыгып кетти. Ошол маалда Башардын күчтөрү Алеппого карата борборлошкон чабуулга өтүп жаткан. Ошентип, Сирия түндүгүнө Түркия аскерлери кирип, аскерий жүрүштү Жароблис аймагынан баштады. Муну менен Алеппонун түштүгүндөгү өзүнө ыктаган козголоңчуларды ИШИМ менен согушуу үчүн Жароблис аймагына алып чыкты. Тактап айтканда, Алеппонун согуштук фронтторунун күчтөрүн алсыратуу жана козголоңчулардын ич ара кагылышууларын жандантуу максат кылынды. Мына ушундай жол менен Эрдоган өзүнө ыктаган козголоңчуларды Аль Баб аймагына алып чыгып кетти жана Алеппону жардамсыз таштады. Ал жерде аз гана көлөмдөгү согуштук фронт калды. Калган ири көлөмдөгү согуштук фронт Эрдогандын “Евфрат калканы” аталышындагы чакырыгына жооп берип, Алепподон чыгып кетишти. Натыйжада коргоосуз калган шаарды Асад күчтөрү ээлеп алды.

2017-жылы “Ислам мамлекети” уюмуна ачылган эшиктер жабылып, ээлеген аймактарынын көпчүлүгү тартып алынды.

2018-жылы Эрдоган Алепподогу кыянаттыгын кайталап, “Зайтун бутагы” аталышындагы аскерий жүрүшүн баштады. Мында Идлиб шаарын бошотуу максат кылынып, ал жердеги аскерий күчтөрдү Африн аймагына алып чыгып кетти.

2019-жылы Түркия бул кызматтарынын акысына өлкөсүнүн бүтүндүгүнө коркунуч жаратат деп эсептелген “Күрдистан” күчтөрүн чек арадан 30 чакырым алыстыкка сүрүп чыгарууга уруксат алды.

2020-жылдын башында Түркия кайрадан Идлибдин калган аймактарын жихадий уюмдардан Асад режимине бошотуп берүү үчүн “Сирия эркин армиясы”  менен бирге “Жаз калканы” операциясын баштады.  

Ошентип, учурда Сириянын 65,34 пайызын Асад режими, 25,16  пайызын “Сирия эркин армиясы”, 11,32 пайыз аймакты Түркия көзөмөлдөп турат. Калган майда аймактар жихадий уюмдар тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, Сирия козголоңунун онунчу жылдан бери басылбай жатканынын бирден бир себеби, АКШнын араб жазы өлкөлөрүндө колдонгон ыкмасы ишке жарабай калганында. Тагыраагы, АКШ башка ыңкылаптарда башкаруучу малай акимди алмаштыруу менен же аскерий көтөрүлүш аркылуу башкаруучу режимди алмаштыруу менен калкты сооротуп келген. Сирия маселесинде, үммөт АКШнын бул эки стратегиясына тең алданбады. Асаддын ордуна, анын режиминин ордуна сунушталган эч бир режим калк тарабынан кабыл алынбады. Натыйжада, АКШ баштаган күчтөр Асад режимин коргоого аргасыз болуп жатат. Ага каршы тарапты болсо ырайымсыз бастырууга аракеттенип жатышат. Бирок, идеологияга каршы аскерий күч менен күрөшүү ыкмасы тарыхта эч качан ийгилик алып келген эмес! Тескерисинче, Шамда болуп жаткан бул кыргын, кыянат жана зулумдар ыйманий мухитти, мабдаъий түшүнүктөрдү жана идеологиялык аракеттерди күчөтүүдө. Куфр дүйнөсү бул акыйкаттан албетте кабардар. Бирок, алардын кырдаалды убактылуу болсо да аскерий аракеттер менен бастырып, жашырып туруудан башка чарасы калбады!

Өкүнүчтүүсү мусулман өлкөлөрүнүн акимдери эч уялбастан үммөткө саткындык кылууларын токтотпой жатат. Аларга акыйкат баян кылынган сайын өз кожоюндарын дагы көбүрөөк ыраазы кылып, өз мансаптарын сактап калуу үчүн ал акыйкаттан дагы да узакташууда. Алар өздөрүнөн мурдагы малай акимдердин тагдырлары кандай болгонуна назар салышпады, ал малайлардын доору бүткөн соң кожоюндары түкүрүп коюшкан эле. Мындай кордук 99 жылдан бери үммөттүн коргой турган калкансыз калгандыгы себептүү жүз берип жатат. Демек, абалдан чыгуунун чыныгы жолу да мына ушул улуу мамлекетти тикелөө менен болот. Албетте Аллахтын нусраты жакын…

Макала Халифалык кулатылган кайгылуу күндүн 99 жылдыгына арналат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here