Kоронавирус табылганы жөнүндөгү кабар Кыргызстан базарлары жана соода түйүндөрүндө проблемаларды пайда кыла баштады

395
0

Өзбекстан менен Казакстандын жарандарынан коронавирус табылганы жөнүндөгү кабар Кыргызстан базарлары жана соода түйүндөрүндө проблемаларды пайда кыла баштады

Алгач Казакстандын , андан соң Өзбекстандын жарандарында корнонавирус катталышы Кыргызстан жарандарын дүрбөлөңгө түшүрө баштады. Кыргызстанда жогорку окуу жайлар жана орто мектептердин убактылуу жабылышы, базар жана ун сатуучу дүкөндөрдү жаап коюу абалдары дүрбөлөңдү ого бетер күчөттү. Өзбекстан 16-марттан баштап чек арасын жабышы тжөнүндөгү кабар жогорудагы дүрбөлөңгө кошумча болду. Жарандар чек ара жабылышы менен экономикалык кризис башталышы мүмкүн деп тынчсыздана башташты.

Адамдар ырыскы Аллахтан деген акыйдадан алыстап кеткенден тышкары, туура ой жүгүртүү,башкача айтканда,  абалга карап туура пикирлөө жөндөмүнөн да алыстап барууда. Коронавирус унду же башка азык-түлүк продукцияларын жок кылып, же аларды керектөөгө жараксыз кылып койбойт. Т.а. коронавирус дүрбөлөңү түздөн-түз экономикалык кризис алып келе албайт. Региондо өндүрүлгөн азык-түлүк сырьёлоруна зыян келген жок, алар ошол бойдон эле турат. Алар ушул региондогу жарандардын керектөөсүнө ылайыктап өндүрүлгөн жана продукция ээлери ал продукцияларын бизге сатууга кызыкдар. Башкача айтканда, азыркы эпидемиялык кризистин ун таңкыстыгына эч кандай тиешеси жок.

  Экономикалык же башка кризистер дүрбөлөңгө түшүүбүздүн артынан келет. Капиталисттер биздин башыбызга түшүп жаткан кырсыктардан да өздөрү үчүн бирер материалдык пайда издешет. Алар маалыматтык чайкоочулардан пайдаланып, кырдаалды курчутуу менен бирер кызыкчылыкка ээ болууга аракет кылышат. Биз дүрбөлөңгө түшүп азык-түлүктү керегинен ашыкча сактап алуу менен алардын жийиркеничтүү пландары ишке ашуусуна салым кошуп жатабыз. Мындан тышкары, керексиз (ашыкча) азык-түлүктү сактап алышыбыз, ал нерсе кимдир бирөөгө убактылуу жетпей калышына алып барат. Бул болсо, экономикалык проблемаларды пайда кылып, коомдо туруксуздук, уурулук жана башка кылмыштар үчүн кеңири жолу ачып берүү менен дагы башка проблемаларды пайда кылат.

Эй боордоштор, Аллахка тобокел кылып, таква кылалы. Мал-дүйнөбүздү, Аллах берип жаткан ырыскыбызды арамдан этият кылалы! Мүлккө ээлик кылууда шариятка тескери жолдорго кирип, бири-бирибизге зулум кылып коюу менен Аллахтын наалатына дуушар болуп калбайлы.

Үстүбүздөгү бузук акыйда жана куфр сакафатына негизделген түзүм бизди ачкөз жана күнөөкөр пенделерге айландырып барууда. Ачкөздүк көзүбүздү көр кылып, бири-бирибизге карамүртөз кылып койду. Бул абалыбыз куф дүйнөсү үчүн өтө пайдалуу болуп, алар биздин бузук мухтибизден пайдаланып, ортолорубузду чек аралар менен бөлүп коюшту. Ачкөздүгүбүздөн пайдаланып, бир-бирибизди жек көрө турган кылып койду. Түркөйлүгүбүздөн пайдаланып, бири-бирибизге каршы согуша турган душмандарга айландырып барууда.

 Булардын бардыгы, демократияга негизделген куфр идеологиясынын жана капитализмге негизделген бузук түзүмдүн кесепети!   

Абдураззак Муъмин. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here