АКШ Кыргызстандагы адам укуктарын талдады
АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Анда мамлекеттик департамент Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөө, балдар эмгеги, коррупция, кыйноолор, саясий куугунтуктар, азчылык улуттардын жана ЛГБТ өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилеген. Бул тууралуу “Азаттык”радиосу кабарлады.
Сереп: Жогорудагы АКШнын талаптары чыныгы демократиялык баалуулуктардан болуп, бардыгы адам эркиндигин коргоо негизинен келип чыккан. Адам эркиндиги болсо, демократиянын “дин мамлекеттен ажыратылган” деген акыйдасына негизделет. Башкача айтканда, турмушту дин башкарбаган соң, демек, аны адамдар өздөрү башкарат. Ал үчүн адамдар толук эркин болушу керек деген логикалык тыянактан келип чыккан.
Кыргызстан АКШнын ыраазылыгы үчүн демократиялык өнүгүү жолун тандаган эле. АКШ болсо, демократиялык баалуулуктарды саясий жана материалдык кызыкчылыктары жолунда курал катары пайдаланат. Ошондуктан, бардык илманий (светтик) баалуулуктардын артында Батыштын, айрыкча, АКШнын кызыкчылыктары жатат. Баалуулуктар тебеленип жатканын шылтоолоп, бизге карата санкцияларды киргизүү менен экономикалык же саясий зулум өткөрүшү мүмкүн.
Акыркы кездерде Кыргызстанда жүз берип жаткан саясий жараяндарга караганда, батышчыл күчтөр бийликке умтула баштады. Мисалы, “Азаттык” радиосу аркылуу (Матраимовдор шылтоосунда) өкмөткө каршы башталган маалыматтык согуш бүгүнкү күндө батышчыл жаштардын аракети себептүү саясий кырдаалга таасир өткөрө баштады.
Өз кезегинде Кыргызстан бийлиги да улуттук баалуулуктардан таасирленген коомчулук өкүлдөрү, күч түзүмдөрү, сот жана админстративдик ресурстардан пайдалануу менен батышчыл маанайдагы акцияларга каршы күрөшө баштады. Феминисттердин акциясы улуттук кийимдеги белгисиз адамдардын каршылыгы себептүү токтотулду. Бийлик да кол алдындагы маалыматтык кубаттан пайдаланып, коомдо феминизм жана ЛГБТ тарапкерлерине каршы маанай пайда кылууга аракеттенүүдө. Бирок, мында көтөрүлүп жаткан баалуулуктар күрөшүнүн бардыгы эки тараптын саясий максаттары үчүн гана курал болууда.
Адам укуктары дегенге кумса жана лесбиянкаларды да кошуп коюшту. Бул нерсе алар ушул жашоо образын макулдаганынан эмес, тескерисинче, алар умтулуп жаткан демократия акыйдасы бузуктарды да коргоого мажбур экендигинен келип чыгууда. Адам эркиндиги жана муктаждыгынын чеги жок болгондуктан, демократия адамдарды айбандык каалоонун кулуна айландырып бара берет! Европада миңдеген адамдар өз перзенти менен турмуш курууну мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган акцияларды өткөрүп жатышат. Биз демократия акыйдасынан өз убагында баш тартпасак, эртең эле биздин өлкөлөрдө да ушундай талаптар мене чыга башташат! Ал кезде каршылык көрсөтсөк, Батыштын басымына дуушар болобуз!
Демек, Ислам менен куфр ортосунда жүрүп жаткан баалуулуктар күрөшү – бул эл аралык саясаттагы кубаттуу мамлекеттердин алсыздарга басым өткөрүү куралы боулп эсептелет!
Абдураззак Муъмин