Евробиримдик Өзбекстандын айыл-чарбасын реформалоого 40 миллион евро бөлөт
Европа Биримдиги Өзбекстандын айыл-чарбасын модернизациялоо үчүн 40 миллион евро өлчөмүндө жардам бере турган болду.
Расмий Ташкент менен ушул жаатта келишим түзүлгөнү тууралуу Европа Биримдигинин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Стипрайс кабарлады.
Евробиримдик бере турган каржылык жардам өкмөттүн 2020-2030-жылдарга болжолдонгон жаңы мамлекеттик стратегиясына, айрыкча¸ жер реформасына¸ фермерлерге консультация берүүгө жана айыл-чарбасына жаңы инновациялык технологияларды тартууга жумшалат.
Өзбекстан президенти 6-мартта айыл-чарбасын реформалоо боюнча токтом кабыл алды.
Ал токтомдо, 2020-жылдан баштап мамлекеттин пахта жана дан эгиндеринин баасын белгилөөсү ¸ фермерлерге мамлекеттик буюртма берүү сыяктуу базар экономикасына тескери келген советтик ыкмадагы башкаруу системасынан баш тартуу белгиленди.
Комментарий: Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Өзбекстан да, Европанын демилгеси менен айыл-чарба жаатындагы ата-бабаларыбыздан калган пикирий байлыктарыбызды жоготуп барууда.
Батыш дүйнөсүн башкарып жаткан капиталисттик хазарат, материалдык пайда алдында эч кандай диний, улуттук жана адамдык баалуулуктарды эсепке албайт.
Европа Өзбекстандын агрардык саясатын сенек кылып, толук көзкаранды болуучу абалга алып барууда. Евробиримдик региондогу дыйканчылык продукцияларынын үрөнчүлүк тармагын, багбанчылыкта көчөт өстүрүү механизмин, агротехника жана аларды өстүрүү механизмдерин өз таасири астына алууда. Бирер дыйкан алардын гени өзгөртүлгөн үрөнүсүз бирер түшүм өндүрө албай калды. Бул болсо, айыл-чарбасы да Батышка көзкаранды болуп бара жатканын түшүндүрөт.
Абдураззак Муъмин