Коронавирус жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири
Хамд Табиб
Капиталисттик бузгунчу түзүмдүн өкүмдарлыгы астында дүйнөлүк экономика жөргөмүш желесинен да күчсүз болот жана ар кандай күчтүү же жөнөкөй силкинүү, ага оң же терс таасир кылат. Бул нерсе биржа бааларына, нефть, алтын сыяктуу маанилүү товарлардын бааларына о.э. эл аралык авиакаттамдар сыяктуу кызматтардын бааларына таасир кылбай калбайт. Экономика мындай терс жана жаман белгилерди өз ичине алганынын бир нече себептери бар:
1 – Соода жана валюта айырбаштоо, мамлекеттердеги көпчүлүк фонддор күчсүз жалган глобалдуу камсыздоого таянууда. Бул камсыздоо – АКШ доллары. Доллар алтын, же күмүш, же болбосо, өз кыйматын өзүндө сактаган табигый буюмдар сыяктуу туруктуу негизге таянбаган. Биз мындай глобалдуу бузулуунун таасирин жогорулоо же төмөндөө сыяктуу дүйнөлүк экономикада жүз берген силкинүүлөрдө көп ирет көрүп жатабыз. О.э. Американын өкүмдарлыгынан улам дүйнөдөгү мамлекеттер, айрыкча, ири мамлекеттер кыйналып жатышканын, доллардын өкүмдарлыгынан кутулуу үчүн түрдүү аракеттерди алып барып жатышканын, бирок, айтоорлук натыйжа болбой жатканын көрүп жатабыз.
2 – Дүйнөлүк финансылык базардын өз ара байланышы. Т.а. ушул базарларда бирер силкинүү жүз берсе, бул окуя чагылгандай тездикте бүткүл дүйнөгө жайылат. Себеби, бул базарлардагы мал-мүлк туруктуу валюта менен камсыздалбаган. Бул базарлардагы акциялардын жана баалуу кагаздардын көпчүлүгү сандардан, көбүрөөк жасалма сандардан турат. Айрым ири жана кичине мамлекеттерде ушундай бир катуу силкинүүлөр болуп, бүткүл дүйнөнү силкинтти, ал тургай, кээ бир мамлекеттер саясий картадан өз ордун жоготушуна аз калды.
3 – Американын экономикалык өкүмдарлыгы жана зомбулугу. Белгилүү болгондой, соода балансындагы жана мамлекеттик бюджеттеги дефициттин акыбетинде Америка экономикасы оор кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Мунун бир катар себептери бар: Америка өзүнүн экономикалык көлөмүнө карата өтө чоң көлөмдө саясий жана аскерий иш-аракеттерди алып барат… Америка алтын, же күмүш, же болбосо, өз кыйматын өзүндө сактаган табигый буюмдар сыяктуу туруктуу чыныгы камсыздоого таянбастан чоң көлөмдө баалуу кагаздарды басып чыгарат… Анын ички чыгашасы улуттук дүң продукциясынан эки эсе көп… Мына ушулар себептүү анын экономикасы оор кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Америка өзүнүн экономикалык өкүмдарлыгын сактап калуу үчүн кырсыктуу согуштар, коркутуулар, шантаждар сыяктуу ыплас ыкмаларды колдонуп келүүдө. Себеби, андай кылбаса, Америка кыйроосу анык.
4 – Америка нефть сыяктуу турмуштук маанилүү товарларды көзөмөлдөйт о.э. дүйнөлүк базарларды башкарып келет. Өнөр жайлашкан дүйнөнүн ушул турмуштук маанилүү нерселерге муктаждыгы чоң, Американын өкүмдарлыгы өнөр жайлашкан мамлекеттерге жана керектөөчү мамлекеттерге терс таасир кылып, баары ушул зордукчул мамлекеттин ырайымына көз каранды болуп калган.
5 – Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө кырсыктуу соода согуштарынан азап тартып жаткандыктан базарлар да, өндүрүш да, экспорт да бүлгүнгө учурады… Финансылык базарларда бузулуу жүз берип, бул нерсе нефть жана алтын сыяктуу турмуштук маанилүү товарларга терс таасирин тийгизди.
Эми, ушул ооруга (коронавируска) келсек, чынында ал дүйнөлүк экономикада кезектеги кризисти пайда кылды жана анын көлөмү күндөн-күнгө чоңоюп барууда. Эл аралык Валюта Фондунун директору Кристалина Георгиева февраль айында мындай билдирүү берди: «Жаңы коронавирусту көзөмөлдөөдөгү белгисиздик 2020-жылда көптөгөн терс сценарийлерге даярдык көрүүнү талап кылууда. Эпидемия Кытай гана эмес, бардык мамлекеттердин экономикалык өсүшүнө терс таасир көрсөтүшү божомол кылынууда». Кристалина Георгиева Саудия борбору Эр-Риядда болуп өткөн G20нын финансы министрлери жана борбордук банктарынын жетекчилери жолугушкан жыйындын соңунда: «Көптөгөн терс сценарийлерге даярдык көрсөк, жакшы болоор эле», – деп кошумчалады. Кристалина Георгиева: «Вирустун жайылышынан тышкары башка коркунучтар да бар. Себеби, мамлекеттердин жана компаниялардын карыздары көбөйүшү эң жогору даражадагы коркунучка же финансылык абалдын капыстан оорлошуна алып келиши мүмкүн», – деди.
«Capital Economics» башкы эксперти Жулиан Эванс-Причард мындай деди: «Вирустун кеңири жайылып жатканы – ал ушул кварталда экономиканы кыйратышын түшүндүрөт». «OANDA» корпорациясындагы базарлар боюнча башкы серепчи Эдвард Мойя мындай дейт: «Саякаттарга тыюу салынышы экономикага олуттуу таасир кылат деген кабатырларды күчөтүүдө. Айрымдар Кытайдын ички дүң продукциясы 2020-жылдын биринчи чейрегинде 1 пайызга же андан да төмөн түшүп кетишин айтышууда».
Бул вирустун жайылышы авиакомпанияларга да олуттуу терс таасир кылды. «IATA» (Эл аралык Аба Транспорту ассоциациясы) маалымдашынча: «Коронавирус себептүү авиакомпаниялар 29.3 миллиард доллар жоготушу мүмкүн». Ассоциациянын билдирүүсүнө ылайык, вирустун жайылышын алдын ала эсептеп чыгуу «Азия-Тынч океаны регионундагы авиакомпаниялар жолоочулардын 13%ын жоготушун көрсөттү».
Бул эпидемия нефть баасына да таасир кылды. 2019-жылы январь айынан бери нефть баасы эң төмөн даражага түштү, мындан улам, Кытайдагы нефтиге карата талапка коронавирус таасир кылып жатканы инвесторлордо кабатыр ойготууда. Брент нефтисинин бир баррели 53.3 долларга түштү. АКШ нефтисинин бир баррели 50 доллардан төмөндөп калды. Нефть баалары өткөн айдын эң жогору баасына карата 20%га төмөндөдү. Эл аралык уюмдар коронавирус Кытай ичиндеги нефтиге болгон талапты күнүнө 260 миң баррелге азайтканын, ушул ооруга каршы вакцинаны иштелип чыкпаса, ушул талап дагы да төмөндүшүн айтышууда. Белгилүү болгондой, Кытай дүйнөдө эң ири чийки нефть импорттоочу мамлекет болуп эсептелет, ал күнүнө орточо 10 миллион баррель нефть импорт кылат.
Оорунун алтындын баасына тийгизген терс таасирине келсек, анын баасы бир апта ичинде эң жогору көрсөткүчкө жетти. Буга инвесторлор коопсуз башбаанек издеп жатышканы о.э. коронавирустун экономикага тийгизе турган таасиринен кабатырланып жатканы себеп. Бул илдеттен улам набыт болгондордун саны күн сайын көбөйүүдө жана азыркы учурда алардын саны 2000 адамдан ашты.
«Коронавирустун базарга тийгизген таасири жөнүндө дагы да көптөгөн белгисиз нерселер бар. Бул оорудан улам өлүп, ооруу менен ооруп жаткандардын көбөйүшүнө күбө болуп жатабыз. Бул болсо, алдыда алтынга карата талапты күчөтөт», – дейт экономист Мустафа Нисар.
Абал жана жогоруда айтылган окуялар кескин бир экономикалык акыйкатты көрсөтүүдө: ал да болсо, демек, дүйнөлүк экономика жөргөмүштүн желесинен да күчсүз деген акыйкат. Себеби, дүйнөлүк экономиканын пайдубалдары бузгунчу. Бул пайдубалдын тамыры да жок, таянычы да жок. Кала берсе, жогоруда айтканыбыздай, валюта системасы – жасалма система. О.э. эң маанилүү чындыкушул – бул бузгунчу түзүм жок кылынып, анын ордуна туура роббаний түзүмдүн тикеленишине бүткүл дүйнө муктаж болуп турат. 2008-жылда ипотека кризиси жүз бергенде дүйнөлүк экономиканы силкинүү жана кризистерден куткарууга Исламдагы экономикалык түзүмү гана кудуреттүү деп сүйлөбөгөн ооздор, жазбаган калемдер калбаган.
Бул нерсе Хак Субханаху ва Тааланын аятын эске салууда, аятта куфр жана анын бузгунчу системасы жөнүндө мындай делет:
﴿أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ تَقْوَىٰ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَم مَّنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾
«Анан бул курулуштарын Аллахтан коркуу жана Анын ыраазылыгынын негизине курган адам жакшыраакпы же курулуштарына жемирилип бара жаткан жар жакасын негиз кылып алып, ошол себептүү өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах андай залим коомду хидаят кылбайт»
[9:109]
﴿مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتاً وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنكَبُوتِ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ﴾
«Аллахтан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум үй куруп алып (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң күчсүзү жөргөмүштүн желеси. Эгерде, алар билишкенде» [29:41]
Аллах Тааладан сурайбыз, туура жашоодо жана туура жолдо болуубуз үчүн бул кризистерди бүткүл дүйнөнү адашуудан жана кыйроодон куткаруучу жакшылык дарбазаларынын ачкычына айлантсын.
Роя гезити, №276, 2020-жыл, 4-март.