بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Россия Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн «Роббим – Аллах» дегени үчүн 23 жылга эркинен ажыратты!
Хизб-ут-Тахрир–Россия маалымат бөлүмү 2020-жылы 10-февралда жарыялаган билдирүүгө ылайык, Россиянын Екатеринбург шаарынын аскердик соту Эрвард Низамовду Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы аракетин башкаруу айыбы менен 23 жылга катуу тартиптеги камак жазасына өкүм кылды. Низамов Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин бир нече беренелери негизинде айыпталды. Мисалы, «террорчу уюмда аракет кылуу» (205.5-берене), «террористтик уюмду колдоп-кубаттоо» (205.1-берене, 2-бөлүк), «бийликти күч менен басып алууга урунуу» (278-берене).
О.э. Россия массалык маалымат каражаттары бир нече ирет Эдвард Низамов Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы жетекчиси болгон деп кабар таратты. 2005-жылы Низамов Хизб-ут-Тахрир аракетинде катышкан деп айыпталган. Бирок, ал убакта Россияда даъватка «терроризмге каршы күрөш» алкагында күрөш алып барылбаган эле. Ушул себептен улам, Низамовго Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 282.2-беренеси, 2-бөлүгү боюнча «экстремисттик уюмда аракет кылуу» боюнча эки жылга көзөмөл астында болуу жазасына өкүм кылынган.
Билдирүүдө минтип кошумчаланат: «Исламга даъват кылып жаткан адамдарга террорист деген айыпты коюу – акыйкат алдында о.э. сөздөн башка куралы болбогон кишилер алдында алсыздыкты моюнга алуудан башка нерсе эмес. Шек-күмөнсүз, орус коопсуздук кызматынын Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата мындай жалган айыптоолору ачылбай калбайт. Аллах Субханаху ва Таалага ыйман келтирүүдөн башка «айыбы» болбогон мусулмандарды камакка алууда шерик болгон бардык кимселердин айла-амалы жакында ачыкка чыгып, мындай кылмыштары үчүн шексиз жазага тартылышат».
Роя гезити, №274, 2020-жыл, 19-февраль.