Европа Биримдиги Өзбекстандын агросекторун өнүктүрүүгө каражат бөлдү

272
0

Европа Биримдиги Өзбекстандын агросекторун өнүктүрүүгө каражат бөлдү

Өзбекстан өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосунда Өзбекстандын айыл-чарбасын бюджеттен колдоо жана кошумча жардам берүү максатында 40 миллион евро өлчөмүндөгү каржылык келишимге кол коюлду.

 “Сунушталып жаткан чаралар Өзбекстан өкмөтүнө агрардык азык-түлүк секторун өнүктүрүүнүн 2020–2030-жылдарга болжолдонгон жаңы мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу үчүн, фермерлер жана агробизнес ишканаларына жардам берүүдө мамлекеттик кызматтарды күчөтүүгө жардам берет”, – деп айтылат Европа Биримдиктин расмий кабарында.

Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуардс Стипрайс: “Айыл чарбасы мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө өтө маанилүү сектор болуп эсептелет. Бул каражат Өзбекстанга заманбап коммуналдык кызматтарды түзүүдө жардам берет жана айыл-чарба продукцияларын иштеп чыгарууда жана экспорттоодо Борбор Азиядагы алдыңкы өлкөгө айландырат”, – деди.

Комментарий: Колонизатор мамлекеттер “өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге”, башкача айтканда, агрардык мамлекеттерге бере турган каражаттар негизинен айыл чарбасы, жол курулушу, инфраструктура, суу менен камсыздоо…сыяктуу тармактарга гана берилет. Себеби, аталган тармактарга канчалык каражат жумшалбасын, баары бир өзүн-өзү актабайт. Тескерисинче, ал каражаттар мамлекеттерди карызга батырууга, карыз же жардам берген мамлекетке көзкаранды кылууга кызмат кылат. Колонизатор мамлекеттер эч качан оор өнөржайды, аскерий өнөржайды же машина куруу тармагын өнүктүрүү үчүн каражат беришпейт. Себеби, бул тармактар өтө чоң киреше булагы болуп, бул тармакка жумшалган каражат эч канча убакыт өтпөстөн өзүн-өзү актайт жана жумшалгандан бир нече эсеге көбүрөөк пайда алып келет.

Жетекчи мамлекеттер үчүн кол астындагы мамлекеттердин аскерий өнөржайга, же оор өнөржайга ээ болушунан эч кандай пайда жок. Мындан тышкары, жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн үчүн БУУ да ал мамлекеттерди эл аралык мыйзам-эрежелер менен көзөмөлдөп турат. Ал мыйзам-эрежелер болсо агрардык өлкөлөрдө оор өнөржай өнүгүп кетишинин алдын алуу үчүн кабыл алынган.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here