Кабулдагы чабуулдан курман болгондордун саны 32ге жетти. Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” уюму моюнга алды

645
0

Кабулдагы чабуулдан курман болгондордун саны 32ге жетти. Жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” уюму моюнга алды

Афганистандын борбору Кабул шаарында 6-мартта уюштурулган чабуулда каза болгондордун саны  32ге, ал эми жараат алгандардын саны 58ге жетти. 6-мартта 27 адам өлүп, 30 адам жарадар болгону кабарланган болчу.

Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” уюму моюнга алганы тууралуу аталган уюмга караштуу “Amaq” агенттиги кабарлады.

Чабуул Афганистан аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла этникалык Хазар азчылыгынын лидери Абдул Али Мазарини эскерүүгө арналган иш-чарага катышып жаткан учурда жүз берген. Аталган окуяда Абдулла Абдулла жабыркаган эмес.

Мазари 1995-жылы согушкерлердин колуна туткунга түшүп, өлтүрүлгөн. 6-мартта Талибан кыймылы бул чабуул үчүн жоопкер эместигин билдирди.

Былтыр да Мазарини эскерүү учурунда бир катар жардыруулар болгон.

Сереп: Халифалык мамлекети кулап, дүйнөнү куфр системасы башкара баштагандан бери Афганистан бирер кайры исламий түзүмгө толук моюн сунган эмес. Советтер Союзу Афганистанды коммунисттик түзүмгө моюн сундурууга ондогон жылдар аракет кылды. Андан кийин АКШ басып алып, 20 жылдан ашуун убакыттан бери аны илманий (светтик) мамлекет кылмакчы болду. Жетекчи мамлекеттердин экөө тең Афганистандагы исламий Халифалыктан калган исламий менталитетти өзгөртө албады. Алар мусулмандарга демократияга негизделген куфр жетекчилигин сиңире алышпады. Натыйжада СССР кризиске дуушар болуп жоюлуп кеткен болсо, АКШ кризистин алдында турат. Афганистан – дүйнөлүк жетекчи мамлекеттер кабырыстаны деп аталып калды.

АКШ Афганистанга аскерий баскынчылыгында – 1 триллион доллар жумшаганына карабастан – толук жеңилди. Эми Афганистандан качып чыгуусун жашырмакчы болуп, Талибанды бир топ жылдардан бери сүйлөшүү столуна чакырууда. Аны “террористтер” тизмесине киргизгенине карабастан, дүйнө жүзүнүн көз алдында ага жалынууда. Максаты, өзү түзгөн жасалма бийлик менен Талибандын ортосунда келишим түзүп берүү аркылуу мамлекеттен чыгып кетүү. АКШ ушул аркылуу дүйнөлүк коомчулуктун алдында максатына жеткендей болуп көрүнмөкчү болууда.

 АКШ Афганистандан чыгып кетиши менен эл аралык саясатта таасири бар мамлекеттер Афганистандын ички иштерине аралаша баштайт. Өлкөдөгү куралдуу күчтөр бир нече топторго бөлүнүп, дагы кайрадан мурункудай согуштук абал күчөшү күтүлүүдө. АКШ бийлкке шерик болгон жетекчи топту колдоп-кубаттаганы менен калган топтор башка кызыкчылыктарынан келип чыгып өлкөдө туруктуулук орношуна жол беришпейт. Бул пикирибизге жогорудагы чабуулду мисал келтирсек болот.

 Афганистан исламий мабдаъ негизинде гана калк менен мамлекеттин шайкештигине жетише алат жана бир гана ушул жол менен өлкөдө бейпилдик өкүм сүрүшү мүмкүн. Бул нерсе Афганистандын исламий Халифалык мамлекетине кошулуусу аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн.

АКШ жана башка илманий күчтөр мамлекетти куфр акыйдасы негизиндеги түзүмдөр менен башкарууга канчалык аракет кылганы менен мамлекетте согуш оту тутана берет. Себеби, элдин ишеними менен бийликтин мабдаий башкаруу түзүмү бир акыйдадан келип чыкпаган соң, мамлекетте туруктуулук орноп, саясий жана экономикалык кубатка ээ боло албайт. Демек, мамлекетте бейпилдик болушу мүмкүн эмес.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here