Кыргызстан муфтияты мусулманчылык позицияны карманууда

489
0

Кыргызстан муфтияты мусулманчылык позицияны карманууда

Маалымат каражаттары жарыялагандай, Саламаттыкты сактоо министрлигинен муфтиятка жума намаздарды токтото туруу боюнча сунуш келип түшкөн. Буга карата муфтияттын жообу мусулманчылык позицияда болгон.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков минтип билдирди: “Мусулмандардын дин башкармалыгынан чалып, жума намазды чектөө боюнча туура эмес талап коюп жатасыңар деди”.

Муфтият билдирүүсүндө мындай делет: «Бул күнү мечиттерге барбагыла дегенге шарият жол бербейт. Жума күн бул мусулмандардын күткөн күнү. Ал күнү жумага келбегиле деп эч кимге тыюу сала албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз. Вирустун алдын алууга Ислам дини каршы эмес. Жакшылыкты Алла Талаадан тилеп, ар бир инсан өзүнө сак болсо, өзүбүзгө жана мамлекетибизге жакшы. Бирок бир гана жума намаз учурунда коронавирус жугат деп, тыю салуу туура эмес түшүнүк».

Мындан бир апта мурун да жума намаздарга чогулууга тыюу салуу боюнча сунуш киргизилип, бул сунуш да муфтият тарабынан колдоо таппаган.

Ушул эле учурда, муфтият мындай абалдарда адамдар тарабынан кылынышы керек болгон шарттарды кабыл алды.

Муфтият тарабынан коронавирустун алдын алуу максатында дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлуп, мечиттерге имаратты таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо буйруктары берилди. О.э. Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырыктар жасалды.

Коңшулаш Тажикстанда болсо мындай мусулманча позиция карманылбады. Ал жерде “бийлик сунуш киргизди” делгени менен, ал сунуш эмей эле буйрук болуп калды. Тажикстандагы Ислам борборунун уламалар кеңешинин фатвасы менен, жаназа намаздан башка бардык жамааттык намаздарга тыюу салынды. Маалымат каражаттары таркатышынча, Шахмансур жамиъ масжидинин имамы намазкөйлөргө өз алсыздыктарын мындайча билдирген: Урматтуу намазкөйлөр, бизди туура түшүнүңүздөр, биз ушундай көрсөтмө алдык”.

Тажикстанда коронавирус дүрбөлөңү себептүү азык-түлүк жетишсиздиги да пайда болууда. Тажикстан бийлиги болсо, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырымыш болуп жатат. Бул эки жүздүүлүктөн башка нерсе эмес! Анткени, пандемия көрүнүшүн алмак турсун, бир да вирус катталбаган жамаатта (муну бийлик өзү айтууда) жамаат намаздарына тыюу салуу менен бийлик өзү калкты дүрбөлөңгө салып жатат…

Мына ушундайча, Кыргызстан муфтияты учурда мусулманчылык позицияны карманууда. Аллах андагы бир туугандарыбыздын ыймандарын бийик, кадамдарын бекем кылсын! Кылып жаткан ушул амалдарынын ажырын берсин!

Бирок, муфтияттын бул иштери оңойго турбай жатканын туюп турабыз. Себеби, айрым Батышка малай адамдар жана алардын маалымат каражаттары муфтияттын мындай позициясына каршы чыга башташты. Мисалы, “Би-би-си” жана “Азаттык” сыяктуу Батыш куралдары бул маалыматка жанаша – Кыргызстанда башка иш-чараларга тыюу салынганы жана вирус коркунучу тууралуу маалыматтарды жаюу менен – калкты мындай позицияга каршы турууга тымызын чакырууда. Булардын каршысында, биз, мусулмандар жамаааты, муфтияттын мындай позициясын колдоого жана коргоого алышыбыз важиб.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here