Кыргызстан Орусияга байланган абалда калат

314
0

Кыргызстан Орусияга байланган абалда калат

27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы өттү. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Москвага барды. Бул жылы эки өлкөдө маданият, билим берүү тармагы менен экономикалык байланыштарды чындаган бирдей иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Жээнбеков сапардын алкагында «Тасс» агентигине маек берип жатып, орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделгенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге киргени туура чечим болгонун белгилеп, биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайда жаап жатканын айтты.

Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн башкы колонизатор дале Орусия экенин тастыктап турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан толук Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүдө. Буга өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда.

Мына ушул жагдайды, тагыраагы, “гастарбайтер” маселесин Орусия Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Учурда өлкө – ЕАЭБден башка өлкөлөрдөн кирген унааларга төлөм эселеп өскөндүктөн – Орусия унааларын ташууга мажбур абалда турат.

Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here