Түркмөнстанда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине Жума намазга барууга тыюу салынды

335
0

Түркмөнстанда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине Жума намазга барууга тыюу салынды

Түркмөнстандын Лебап облусунда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине Жума намаздарга барууга тыюу салынды. Мындай тыюу түркмөн президенти Лебапта жаңы мечиттин ачылышына келген убакка туш келген. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы кабарлады.

 “Билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана аскер кызматкерлерине жума намазга катышууга жана иштеген жеринде намаз окууга тыюу салынат. Жума намазга барган же иштеген жеринде намаз окуган адам жумушунан айрылары алдын-ала эскертилди. Бирок айрым кызматкерлер ишинен айрылып калуу коркунучуна карабай мечитке каттап жатышат”, – деп айтылат кабарда.

 Комментарий: Түркмөнстандын биринчи президенти, маркум Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин массалык маалымат каражаттарында “Түркмөнбашы”ны пайгамбар деб атоо жана улуулоо жараяны башталган. Ошондо чиновниктер жана кошоматчылардын мындай ширк иштерин унчукпай күзөтүп туруууга ыйманы жол бербеген түркмөнстандык диний аалым Хожаахмад Оразклычев “бул нерсе мусулмандардын ишенимине тескери” экендигин айтып чыккан. Ошондон кийин түркмөн бийлиги Ислам динине каршы күрөштү баштаган. Аалымдын ошол сөздөрүнөн кийин түркмөн бийлиги Оразкылычев котормосунда 40 миң нускада түркмөн тилинде басылып чыккан Куранды өрттөөгө буйрук берди. Ошону менен эле чектелип калбаган бийлик Ашхабаддагы мечиттердин тең жарымын бузуп таштады жана ыйманына бекем турган мусулмандарды ар түрдүү айыптоолор менен камакка ала баштады.

 Ниязов өлгөндөн кийин бийликке келген Гурбангулы Бердимухаммедов да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү улантты. Ал улантуу менен эле чектелбестен, күрөштү ого бетер күчөтүп, аалымдар жана мечиттерге эле эмес, коомдогу бардык исламий көрүнүштөргө каршы күрөштү баштап жиберди. Күч түзүмдөрү өкмөттүн буйругу менен сакал койгон мусулмандарга каршы күрөштү баштады.

2017-жылы Түркмөнстанда намаз окуган аскер кызматкерлерин о.э. намаз окубастык талабын аткарбаган мамлекеттик кызматкерлерди кызматынан бошотуу көбөйдү. Аскерий кызматкерлерге намазды же жумушту тандоо шарты коюлду. Ошол кезде “CA-NEWS”  сайты кабарлагандай, жумуштан бошотулган мурдагы аскер кызматкери намаз окууну таштабаганы себептүү куралдуу күчтөр катарынан чыгарылганын, алгач жумуш маалында намаз окубастыкты талап кылышканын, кийинчерээк үйүндө тинтүү жүргүзүп, Куран китебин алып кетишкенин айткан.

Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жана жол полициясынын кызматкерлери 50 жашка чыга элек сакалы бар мусулмандарды кармап, атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин сакалдарын мажбурлап алдырып салышты. Ал тургай, мажбурлап арак ичирип, чочконун этин жедиришти. Күч түзүмдөрүнүн талабын аткарбаган ыймандуу мусулмандар болсо эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга эркинен ажыратылды…

 Тарыхта Аллахтын динине каршы күрөшкөн канчалаган өкүмдарлар, ал тургай, өзүн “кудаймын” деген Фиравн сыяктуу залимдер кандай аянычтуу тагдырга дуушар болгонунан сабак албаган бүгүнкү залимдер да өздөрүн дүйнөнүн түркүгү сезип, Аллахтын шарияты жана буйруктарына ачык эле каршы чыгууга батынып жатышат. Алар кандай жаман акыбетти көздөй бара жатышканынан эске албай жатышат.

 “Залим кимселер кандай акыбетке карай бара жатканын жакында билип алышат”. (26: 227).  Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here