Аксаны коргоп жаткан калк силердин тилектештик билдирүүңөргө эмес, армияңарга муктаж

272
0

Аксаны коргоп жаткан калк силердин тилектештик билдирүүңөргө эмес, армияңарга муктаж

Иброхим Усман (Абу Халил)

Акса мечити ыплас яхудийлердин зулумунан онтоп жатканда «Аксанын Куддус шаарындагы коргоочуларына тилектештик билдирүү үчүн, борбордук жамиъ мечиттерде багымдат намазына чогулгула» деген мазмундагы чакырыктар дүйнө бойлоп жайылды. Түркияда Фалестин калкына тилектештик билдирген айрым коомдор жана бир нече мекемелер жума күнү Истамбулдагы Фатих мечитинде – Куддус калкына жардам катары – үмүт багымдаты деп аталган намазга катышууга чакырышты. Кувейттеги Ваъдул Макдисий тобу да Акса мечитинен башталган «Улуу Багымдат» чакырыгын кабыл алууга чакырды. О.э. Индонезия борбору Жакартадагы борбордук мечиттерде ушул максатта багымдат намазына катышууга чакырылды.

Аксаны баскынчы яхудийлерден куткаруунун шаръий жолу намаз жана дуабы?! Ушундай амалдар Акса коргоочуларына жардам берүүгө алып барабы, Куддусту азат кылабы?!

Бул суроолорго жооп берүүдөн мурун Куддус Шариф жана Акса мечити Исламда кандай орунда турары жөнүндө сөз кылабыз. Акса мечити – мусулмандардын биринчи кибласы, Набий ﷺдын Исро жайы. Бул тууралуу Хак Субханаху ва Таала мындай дейт:

﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ﴾

«Бир түнү Өз пендесин – ага аят-мужизаларынан көрсөтүү үчүн – Масжидул Харамдан Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксага сейил кылдырган аруу Зат. Чындыгында, Ал угуучу, көрүүчү»                                                                                                        [17:1]

Аксанын Исламдагы ушул ордунан келип чыгып, Халифалык заманында мусулмандар Куддусту фатх кылууга жана Акса мечитин насронийлерден тазалоого чечим кылышкан. Бул баарына жакшы маалым. Мусулмандар муну мусулмандар халифа Умар ибн Хаттаб розияллаху анхунун доорунда, хижраттын он бешинчи жылында ишке ашырышты, Акса менен анын айланасы жана Шам өлкөлөрү мусулмандардын колуна өттү. Кийин хижрий 492-жылга, миладий 1099-жылга келип, кресттүүлөр Исламга каршы кресттүүлүк жүрүштү башташты жана ал жерлерди басып алып, миңдеген мусулманды кыргын кылышты, бузгунчулук жасашты. Бирок, мусулмандар моюн сунуп калышкан жок. Тескерисинче, Куддус Шарифти жана анын мечитин душмандан кайтарып алып, Ислам кучагына кайтаруу үчүн даярдык көрүштү. Алар менен кресттүүлөр ортосунда катуу согуш болду… Ошентип, хижрий 583-жылы 27-ражабда, миладий 1187-жыл 2-октябрда саркерде Салахиддин Айюбий рохимахуллах Куддусту азат кылды. Куддус ушундай көрүнүштө дээрлик токсон бир жыл мусулмандардын бийлигинен тышкарыда болду. Кийин Ислам кучагына кайра кайтты.

Усманий мамлекет начарлаган доордо яхудийлер усманий халифа Абдулхамид экинчини азгырууга көп жолу аракет кылышты. Яхудийлер ушул ыйык жерди мекен кылуунан акысына Абдулхамид экинчиге байлык тартуу кылышты. Ал кезде мамлекет байлыкка абдан муктаж болуп турган. Бирок, эр кишилер ыйык жерлерди сатышпайт. Ошондо Абдулхамид яхудийлерге өзүнүн белгилүү жообун айткан: «Фалестин Умматтын денесинен жулунуп алганын көргөнүмдөн көрө, денеме канжар сайылганы артык. Анткени, бул жер менин мүлкүм эмес. Аны мусулмандар каны менен суугарышкан… Яхудийлер бул миллиондорун сактап коюшсун. Бир күн келип, Халифалык мамлекети куласа, алар Фалестинди бекерге алышат». Абдулхамид рохимахуллах акыйкат сүйлөдү. Халифалык мамлекети кулатылганда Фалестин бекерге кетти. Бүгүнкү күндө Куддус жана Акса мечити яхудийлердин өкүмдарлыгы астында турат. Мына, жетимиш жылдан ашуун убакыт өттү, яхудийлер ыйык жерде дале бузгунчулук кылышууда. Бул жөнүндө Аллах Азза ва Жалла яхудийлер бузгунчулук кылышын кабар кылган:

﴿وَقَضَيْنَا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ فِي الْكِتَابِ لَتُفْسِدُنَّ فِي الْأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوّاً كَبِيراً﴾

«Биз Бану Исраилге ушул Китепте: «Силер жерде эки жолу бузгунчулук кыласыңар жана абдан текеберденесиңер», деп кабар бердик»                                                                 [17:4]

Ооба, бул Аллахтын мыйзамы. Яхудийлер жер жүзүндө бузгунчулук кылышканда, Аллах Өзүнүн калыс пенделерин аларга үстөм кылат. Инша Аллах, жакында Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын кошууну яхудийлерди жеңишет. Муну Аллах Субханахунун ушул сөзү ырастап турат:

﴿وَإِنْ عُدْتُمْ عُدْنَا﴾

«Эгер, кайра эле мурункуга кайтсаңар, анда, биз да кайтабыз»                                 [17:8]

Мына, яхудийлер дагы бузгунчулукка кайтып, мусулмандардын жерин, кала берсе, ыйык жерин басып алышты. Алар Фалестиндин мусулман калкына атайылап азар жеткирип, жада калса бак-дарактар жана тоо-таштар да алардын зулумудан азап тартууда.

Жогорудагы эки суроого кайтсак, мусулмандардын басып алынган өлкөлөрүн, алардын негизги, улуу жана ыйык жери болгон Куддус менен мубарек Аксаны азат кылуунун шаръий жолу дуа кылып, намаз окуу эмес. Кала берсе, Аксаны азат кылуу үчүн олуттуу аракет кылбастан, бир гана дуа кылып, намаз окуу менен аны азат кылуу мүмкүн эмесин реалдуулук да тастыктап турат. Ал тургай, мындай нерсе адамдарды шал кылып, мусулмандардын азыркы замандагы эң негизги масалесин унуттурууга алып барат. Негизи, Набий ﷺ бизге бул жөнүндө таалим берип, Аллах Азза ва Жалланын ушул каламында айтылгандай, нусрат даярдык көрүүсүз жүзөгө чыкпастыгын баса белгиледи:

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾

«Аллахтын, өзүңөрдүн душманыңарды жана башка силер билбеген, бирок, Аллах билген душманыңарды коркууга салуу үчүн аларга каршы күч-кубат жана токулган аттарды даярдап койгула. Аллах жолунда эмнени сарптасаңар, силерге зулум кылынбаган абалда толук кылып кайтарылат»                                                                                                                 [8:60]

Набий ﷺ Бадр согушунда аскерлери абдан күчсүз ахвалда калганда да Курайштын чабуулун кайтаруу үчүн намаз жана дуа менен гана чектелбеди, тескерисинче, оболу даярдык көрүп, кийин дуа кылды. Набавий сийрат Набий ﷺ армияны кантип даярдап, тартиптештиргенин жана аларга командачыларды дайындаганын, андан кийин гана колун көтөрүп, Роббиден жардам жана нусрат сураганын көрсөтүп турат.

Ошондуктан, яхудийлерге каршы дүйнө бойлоп багымдат намазына чакырып жаткандар, билип койгула, эгер чынында эле Акса коргоочуларына жан тартып жатсаңар, анда, мусулман армияларын Аксаны азат кылууга чакыргыла. Бирок, Аллахка, Расулга жана Умматка кыянаттык кылган мусулман акимдери бул армияларыбызды кишендеп коюшканын о.э. Аксаны шайтанга саткан малай саткындар аны азат кылбашын билебиз. О.э. бул ыйык жерди Уммат перзенттеринин көкүрөгүнө курал такаган жана Исламга каршы согушта кафир Батыштын долбоорун кармаган кимселер азат кылбастыгын билебиз.

Куддусту да, Аксаны да, басып алынган бардык исламий өлкөлөрдү да хабибибиз Мухаммад ﷺ:

«… ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», – деп башарат кылган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык азат кылат.

Бул Халифалыкты тикелөө үчүн ушундай бир эр кишилер аракет кылышууда, аларды Аллахты зикр кылуудан жана намазды аткаруудан соода-сатык чалгыта албайт. Алар жүрөктөрдүн жана көздөрдүн үрөйү уча турган күндөн коркушат. Аллах алардын колу менен нусрат берип, Халифалык тикеленсе, ажеп эмес. Халифалык мусулман армияларын бириктирип, Бухарий риваят кылган Набий ﷺдын ушул башаратынын тастыгы катары, Аксаны азат кылат.

«…تُقَاتِلُكُمُ اليَهُودُ فَتُسَلَّطُونَ عَلَيْهِمْ، ثُمَّ يَقُولُ الحَجَرُ يَا مُسْلِمُ هَذَا يَهُودِيٌّ وَرَائِي، فَاقْتُلْهُ»

«Яхудийлер силерге каршы согушат, силер алардан үстөм болосуңар. Кийин, жада калса тоо-таш да: «Эй мусулман, мына артымда яхудий турат, кел аны өлтүр», – дейт».

Ошондуктан, Акса коргоочуларына тилектештик билдирүү үчүн эл аралык кампания баштаган бурадарлар, Аксага жол Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайра тикелөөгө аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылуудан башталат. Ошондо гана Акса азат болот. Бир гана жол ушул. Эгер, чынчыл болсоңор, мындан башка жолдор жаңылыштык.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here