Хизб-ут-Тахрир амиринин Константинополь фатх жөнүндөгү сөзүнүн нурдуу тараптары

256
0

Хизбут-Тахрир амиринин Константинополь фатх жөнүндөгү сөзүнүн нурдуу тараптары

Устаз Мухаммад Халифа – Иордания

Биз Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рошта хафизахуллахтын сөзүн окуп жана тыңдап абдан кубандык. Анын сөзүнөн бул инсандын жүрөгү даъватка, даъватчыларга, Умматка жана анын перзенттерине карата чексиз сүйүүгө толгонуна о.э. даъватты жана Умматты арзуу кылынган максатка жеткирүүгө тынымсыз аракет кылып жатканына күбө болдук. Бул максат – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө, Аллахтын уруксаты менен, ал жакында шексиз жүзүгө чыгат.

Улуу аалымыбыз Умматка ал улуу уммат экенин эске салып, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы уммат экенин жана бардык адамдар үстүнөн күбө экенин билдирүү үчүн ушул эскерүүдөн чырайлуу пайдаланды. О.э. Уммат бул макамга Ислам рисаласын Халифалык мамлекети ичинде колдонуу, сыртта даъват жана жихад аркылуу бүткүл дүйнөгө жеткирүү менен жетишкенин ачыктады. Натыйжада, ушул нурдуу эскерүү т.а. өз доорундагы куфр борбору болгон Константинополдун фатх кылынышын эскерүү – Умматта нусратка карата умтулуу ойготууда о.э. Халифалык мамлекети жок болгондуктан, Ислам өкүмдөрү колдонулбагандыгынын акыбетинде келип чыккан учурдагы бузгунчу абалдан чыгуу үмүтүн пайда кылууда амирибиз үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Улуу аалымыбыз Абу Рошта Константинополду фатх кылынышы жөнүндө кыскача тарыхий маалымат берди, мисалы, курчоодо кармап турулганы, кийин Мухаммад Фатих Ая Сафия чиркөөсүнө кадам басып, аны мечитке айлантканы, Константинополду Ислам мамлекетинин борбору деп жарыя кылганы, атын Исламболго өзгөрткөнү, бул абал кылым кылмышкери Мустафа Камал келип, Усманий Халифалыкты кулатып, мечитти музейге айлантканга чейин турганы… жөнүндө сүйлөдү!

Хизб-ут-Тахрир амиринин сөзүнүн нурдуу этибарлуу тараптарынын бири Расулу акрам ﷺдын Константинополдун фатхына байланыштуу башаратынын жүзөгө чыгышына ишара кылынып, ал дагы жүзөгө чыга элек башка башараттар менен байлаганы болду. О.э. ушул башаратты жүзөгө чыгарган жана Расулу акрам ﷺ мактаган кошуунга жана кошуун амирине ишара кылынышы этибарлуу тараптардын бири болду. Негизи, бул кандай гана улуу даңк!

Ал эми, ушул даңк ээси болгон эр жүрөк амирге келсек, Хизб амири ал жөнүндө кеңири баян кылды. Ал эрезеге жетип чоңоюшунан тартып, окуган илимдери, согуштук машыгуулары, бели катпастан туруп чабандездик чеберчилигин жана согуш өнөрүнө ээ болгону… Аллах Субханаху ва Таала аны мына ушундай фазилет менен сыйлоо аркылуу бул улуу башарат ээсине айлантканы жөнүндө баян кылды.

Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым өзүнүн атайын баракчасы аркылуу Уммат өз перзенттерин мурунку улуулугуна кайтара турган жана алардын колу менен бир катар башараттар жүзөгө чыга турган таризде туура тарбиялоо керектигин айтты. О.э. ал Хизб-ут-Тахрир Аллах тарабынан бериле турган нусрат о.э. Расулу акрам ﷺдын башараты Хизб мүчөлөрүнүн колу менен жүзөгө чыгышы үчүн жандарын жана жүрөктөрүн Аллахка калыс тартуулаган мүчөлөрүнүн шахсияларын кантип бекемдегенин айтты.

Улуу аалым өз сөзүндө Фатихтин жакшы башкаруучу болгонун, армия командачысы катары мыкты кошуун даярдап, улуу согуштук план түзгөнүн ачыктап берип, үч мисал келтирди, биринчи: Мухаммад Фатих суукта кошуундагылардын үшүп жатышканынан кабар таап, зарыл учурда жылынып алуу үчүн аларга коргон куруп берип аларды сууктан сактады. Экинчи: эң чоң тоскоолдук маселесин чечти. Бул – Константинополь шаарынын өтө бекем дубалдары эле. Фатих колундагы аскерий мүмкүнчүлүк менен дубалды жарып өтүшү мүмкүн эмес болчу. Ошондо ал венгриялык инженер Орбанды чакыртып, үлкөн замбирек жасатуу үчүн аны керектүү бардык нерселер менен камсыздайт жана ошол замбиректер менен шаар дубалын бузууга жетишет. Үчүнчү: ошол бекем дубалдын Халиж (булуң) тараптагы бөлүгү начар болгон. Булуңга кире берчү тарабында темир чынжырлар тартылган. Ушул себептен улам, мусулмандардын кемелери булуңга кире албаган. Мухаммад Фатих кемелерди булуңга алып өтүүнүн ажайып ыкмасын ишке салды. Т.а. Галата дөңсөсүнө калың тактайларды жаткырып, аларга май төктүрөт. Кийин ал тактайлардын үстүнөн кемелерди сүйрөп алып өткөрөт. Бул ыкма византиялыктарды эсинен тандырат жана алар ошол таңда мусулмандардын кемелери булуңга киргенин көрүп коркууга түшүшөт.

Адамдар бул окуялардын чоо-жайынан киришүүнүн эмне себеби бар сурап калышы мүмкүн болгону үчүн, алдын ала жооп катары Хизб амири улуу аалым мунун үч себебин баян кылып берди. Биринчи себеп, мусулмандар өз мабдасын колдонушса, Ислам жана мусулмандар кандай улуу болорун көрсөтүү. Экинчи, мусулмандар аларга буйрулган вазыйпа менен алектенишсе, Расулуллах ﷺ кабар кылган башараттар шексиз жүзөгө чыгарын, мына ошондо алар Аллахка жардам берип, Аллах алардын ата-бабаларына жардам бергендей аларга да жардам беришин… айтып алардын көңүлдөрүн кадыржам кылуу. Үчүнчүсү, Батыш Ислам Умматы Халифалык аркылуу мурдагы күч-кубатына кайтышын алдын алуу үчүн Ислам жана мусулмандарга о.э. Хизб-ут-Тахрирдеги даъватты жеткирип жаткан жигиттерге каршы күрөшүп, бул жолдо көптөгөн ыплас каражаттарды жана ыкмаларды ишке салгандыгын ачыктоо. Мисалы, Батыш күнөөнүн чоңун өз мойнуна алган малайларды ишке салды, алар Хизбге тыюу салып, анын мүчөлөрүн куугунтукташууда, коркутуп, камап, катуу кыйноолорго салышууда, бул кыйноолордон улам алардын айрымдары шейит болду. О.э. Ислам Умматы арасынан кээ бир мусулмандык тонун кийген кимселерди тандап алып, жалган-жалаалар негизинде Хизб-ут-Тахрир даъватына каршы күрөшүүдө. Ал тургай, Хизб-ут-Тахрирден чыгып кеткен жана Хизб тарабынан жаза алган кээ бир кимселер Хизбге, анын кыядатына жана мүчөлөрүнө доомат кылуу о.э. жалган-жалааларды айтуу менен кафир Батыш каалагандай Хизбге каршы күрөшүп беришүүдө. Бир дооматы натыйжа бербесе, башка жаңы-жаңыларын ойлоп табышты. Негизи, алар Хизб-ут-Тахрир бекем экенин, кафирлердин жана анын жардамчыларынын Хизбге каршы бардык аракеттери кыйроого учурашын, Хизб кыядатынын жана мүчөлөрүнүн пикирлери таза болгондуктан, алар каалап жаткан айла-амалдар натыйжа бербей жатканын, себеби, Аллах Субханаху ва Таала өз динине, даъватына жана даъватчыларына жардам берүүчү экенин өтө жакшы билишет.

Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым өз сөзүнүн соңунда Хизб мүчөлөрүнүн Расулуллах ﷺды ээрчиген сахабалар сымал болоттой бекем позицияларын алкыштады. Мындай позиция азап-кыйынчылыктар алдында таптакыр ийилбешин, кыйынчылыктар алдында эч качан сынбашын, ошондуктан, Хизб мүчөлөрү Хизбдин жана анын мүчөлөрүнүн тагдырына ээрчишкенин баса белгиледи.

Атo ибн Халил Абу Рошта сөзүнүн аягында Аллах Азза ва Жаллага кайрылып, Расулуллах ﷺдын бардык башараттарын жүзөгө чыгарышын сурады о.э. бизди Өз жардамы менен сыйлашы үчүн баарыбыз чырайлуу амалдарды кылуубуз керектигин, ушул аркылуу Аллах Субханахунун нусратына ылайык болушубузду баса бегиледи.

Ушул сөз кудум жаан кагырап турган жерди суугарып, көк жана мөмө тартуу кылгандай, жүрөктөрүбүзгө кадыржамдык тартуулады. Аллах амирибизден ыраазы болсун жана анын колу менен Ислам жана мусулмандарга нусрат тартууласын.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here