№16-түрмөдө “экстремизм” боюнча кесилгендер үчүн локалдык участка түзүү боюнча иш жүрүүдө

264
0

№16-түрмөдө “экстремизм” боюнча кесилгендер үчүн локалдык участка түзүү боюнча иш жүрүүдө

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын пресс-катчылыгы кабарлады.

Кабарда келишинче, бүгүн Беловодское айылындагы №16-колонияда ЖАМК коомдук кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Ага өкмөт, прокуратура, пробация департаменти, Кызыл жарым ай эл аралык комитети о.э. коомдук жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар жогоруда айтылган маселени карап чыгышты.

Эске салсак, БУУ талабына ылайык, 2015-жылы Кыргыз парламенти “Экстремизм жана терроризмде айыпталып камалган адамдарды абак-жайларда өзүнчө бөлүнгөн, камералык режимде кармоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алган. Буга негиз катары, абактарда экстремизм жайылуусунун алдын алууну көрсөтүшкөн. Негизи, мындан чыныгы даъватчы мусулмандарды коомдон ажыратуу жана абактарда Исламдын жайылышына бөгөт коюу көздөлгөн эле.

Бул багытта БУУнун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Жапониянын көмөгү менен Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматына 900 миң доллар каражат бөлгөн.

Ошондо бул кафир башкармалыктын Кыргызстандагы өкүлү Александр Федулов Кыргызстан бийлигин мусулмандарга каршы кандайча ишке салып жатканы тууралуу буларды айткан эле:

– “Кыргызстандын күч органдары бул багытта активдүү иштей башташты, бардык күч түзүмдөрүндө “экстремизм-терроризмге” каршы күрөшүүчү атайын бөлүмдөр ачылып, кызматкерлер тиешелүү билимге ээ болуп жатышат. Жаза аткаруу кызматы да абактардагы адамдардын радикалдашып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн чоң иштерди жасоого туура келет”.

Мына ушундайча, колонизатор кафирлер менен алардын эл аралык уюмдарынын көзөмөлү астында, алардын Кыргызстандагы малайлары Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп келүүдө. Буга далил катары айтсак, акыркы 5 жылда “экстремизм” жалган жалаасы жабыштырылып камалгандардын саны 3 эсеге өскөн. Алардын 90%ы Хизб жигиттери.

“Обочо кармоо” мыйзамы алкагында жабык режимде кармалып турган мусулмандардын 90%ы да хизбийлер болууда. Ал жигиттерибиз жалпы режимдеги абактарда жаза өтөөгө кесилишкенине карабастан, азыр түрмөлөрдө жабык режимде жазаларын өтөп жатышат (муну жакшы түшунүү үчүн, жазык аткаруу кодексине кайрылыңыз, ошондо жалпы абак режими менен жабык режимдеги түрмөнүн арасын ажыратып, андагы зулумдардын ортосун айырмалай аласыз). Ошол кездеги президент Атамбаев “экстремисттер жана террористтер өзүнчө бөлөк кармалышы тууралуу” мыйзамга кол койгондон тартып, бул мазлумдар “экстремисттер жана террористтер” үчүн атайын курулган жаңы түрмө ишке түшкөнгө чейин, мыйзамсыз түрдө, мына ушундай абактарда кармалып турушмакчы.

Ал эми, турмуш чындыгына көз чаптырсак, Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшкөн тогуттардын бул дүйнөдө кор болуп жаткандыктарына күбө болуудабыз. Бул да эч нерсе эмес, алар үчүн катуу Акырет азабы да бар. Ошондуктан, кафирлерге малайлык кылып, динине саткындык кылып жаткан о.э. кожоюндарына кошамат кылып, мусулмандарга зулум кылып жаткан жүгүртөктөргө эскертебиз: бул иштериңер менен эки дүйнө кордугуна кириптер болуп калуудан качып, эки дүйнө азиздигине жеткирүүчү амалдарга өткүлө!

Түркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here