Казакстандагы жаңжалдан кийин чек арадан 4500дөй адам өткөнү кабарланды

253
0

Казакстандагы жаңжалдан кийин чек арадан 4500дөй адам өткөнү кабарланды

 8-февраль күнү кыргыз-казак чек арасынан 4500дөй адам Кыргызстандын аймагына өткөнү кабарланды.

7-февраль күнүн Казакстандын чек арага жакын Кордай районунда казак жана дунган улутундагы жарандар ортосунда жаңжал чыкты. Массалык башаламандыкта ондогон адамга ок тийип, жарандар түрдүү жаракаттарды алып, эки полиция кызматкерине ок тийип, сегиз тургун көз жумган.

Мындан тышкары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган. Кырдаалды курчутууга шектелип 90дой адам кармалган. 

Комментарий: Улутчулдук – бул адамдын дүйнө карашы төмөндөшүнүн натыйжасында өтө тайыз пикирлешинен келип чыккан сезим болуп, мамлекеттин жарандары бири-биринен бөлүнүп, алыстап кетишинин, ал тургай касташып калышынын негизги фактору.

Улутчулдук жана мекенчилдик – бул эл аралык саясаттын алсыз мамлекеттерди колония кылуу, же башка мамлекеттен тартып алуу жана ар дайым көз каранды абалда кармап туруу үчүн басым өткөрө турган негизги куралы. Мындай куралдарды коргоо максатында БУУнун ичинде атайын комитеттер иш алып барышат. Алар азчылык улуттардын акы-укугун коргоо уюму деп аталат.

Капитализмге негизделген дүйнөлүк башкаруу системасы материалдык кызыкчылык үстүнө курулган. Эл аралык  укук коргоочу уюмдардын бардыгы дүйнөдө аткарып жаткан иштеринде дүйнөнү колония кылуу жана андагы материалдык кызыкчылыктарды мүмкүн болушунча ээлеп алуу үчүн азчылык улуттардын, жаш балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо сыяктуу инсаний кыйматтардан пайдаланышат.

Куфр дүйнөсү дүйнө жүзүн майда бөлүктөргө бөлүп, аны жеңил башкарып алышына мекенчилдик туйгусу жардам берет. Бул туйгунун күчөшү бир мамлекетти башка кошуна мамлекеттен алыстатат жана андан өзүн коргоо туйгусун күчөтүп, ар дайым кооптонуп жашоосуна себепкер болот.

Улутчулдук болсо мамлекет ичиндеги бир нече улуттар бири-биринен алысташына себепкер болот. Бийлик ээси болгон улут башка улуттар үстүнөн өкүмдар болуп, аларга зулум кылат. Өз кезегинде аз сандуу улуттар да – тышкы күчтөрдүн таасири астында – жетекчи улут менен ар дайым атаандашууга жана өз орду үчүн күрөшүүгө мажбур болот. Натыйжада мамлекет ичинде тышкы күчтөр үчүн өзүн мазлум деп эсептеген ички кубат пайда болот.

Казакстандагы улуттар аралык жаңжал да ушулар түркүмүнөн. Бирок, улуттар аралык жаңжалдар, же жалпы эле нааразылык акциялары бирер жетекчи кубатка таянат жана алар тарабынан башкарылат. Ошондуктан, жетекчи мамлекеттер мекенчилдик жана улутчулдук робиталарын (байламта) алсыз мамлекеттерге саясий басым өткөрүү куралы катары колдонушат.

Ушундан келип чыгып, Өзбекстанда болгон өзбек-түрк жаңжалы да, 2010-жылдагы Ош окуясы да, кечээги казак-дунган жаңжалы да тышкы күчтөр тарабынан уюштурулган деп айта алабыз.

Демек, ар бирибиз өз өлкөлөрүбүздө ошол жердеги жетекчи улуттун үрп-адатынан келип чыккан баалуулуктарга негизделген улуттук робитаны мамлекеттик идеология деп жарыялоодо ката кетирип жатабыз. Ар кандай улутчулдук ички биримдик үчүн өтө коркунучтуу. Мекенчилдик жана улутчулдук робиталары мамлекет биримдиги үчүн кооптуу түшүнүктөр болуп, жарандар ар дайым биримдикте болушун кепилдей албайт. Ушул түшүнүктөр дүйнөлүк куфр башкаруусундагы жикчилдердин кызыкчылыгына кызмат кылгандан тышкары, биз мусулмандарды бири-бирибизден алыстатып, мамилебиздин бузулушуна себепкер болот о.э. бири-бирибиз менен согуштурат!

Абдураззак Мумин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here