Abu Afiya Baqavi: Пайгамбар дын жана сахабалар дын ролун кино фильмдерде аткаруунун өкүмү

569
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор (фикхий)

Abu Afiya Baqavi: Пайгамбар Aдын жана сахабалар yдын ролун кино фильмдерде аткаруунун өкүмү

Суроо:

Ассаламу алайкум рохматулохи уа баркатуху, урматтуу Шейх, кино тасмаларда Пайгамбар Aдын жана Сахаба yдын ролун аткаруунун өкүмү кандай?

Жооб:

Алайкуму салам рохматуллохи уа баракатуху.

Азыркы учурдагы кино тасмаларда роль аткаруу шарий жактан жайиз эмес, анткени, аларга жалган аралашып кетет. Авраттар көрүнөт, себеби, бөлөк бөтөн эркектер күйөөлөрдүн жана махрамдардын ролун аткарышат, анын натыйжасында аларга авраттардын ачылышына шарттар жаралат. Ошондуктан, шариятка каршы келген иштер биринин артынан бири тизмектешет. Ошол себептен улам, азыркы учурдагы кино тасмалар жана сериалдар шариятка каршы келген иштер үчүн шарий жактан жайиз эмес. Мындан да кооптуусу сахаба yдын ролун аткаруу, андан да үлкөн  кооптуусу катардагы адамдар Аллахтан уялбастан жана кыжаалат болбостон пайгамбарлардын ролун аткаруулары өтө жаман иштерден.

2009-жылы 23-августагы ушуга байланыштуу суроо-жообдо мындай дегенбиз:

«Актердукта жана сериалдарда шариятка каршы келген көптөгөн иштер аралашат:

А. Жалган аралашат. Бир адам башка бир адамдын образына кирет. Ошол адамдын тили менен сүйлөйт, ал адамдын касам ичкен жери болсо, касам ичет. Балким, андан да жаманы, ал адам талак берген болсо, аны аткарып жаткан адам да талак берет. Инсан тамашалап айтса да айткан сөзүнө жоопкер болот.

Б. Шарият уруксат бербеген абалда жат эркек аялдардын аралашуусу жүз берет.

В. Авраттар көрүнөт. Шарият белгилеген бөлөк бөтөн эркектерден авратын жабуусу жок жат эркектер күйөө жана махрамдардын ролун  аткарат. Авраттын жабылуусунан тышкары да, күйөө жана махрамдардын ролун аткарып жаткан жат эркек-аялдардын алакаларында да шариятка каршы иштер жүзөгө ашат…

Ушундай шариятка ачыктан-ачык каршы келген иштердин эң кооптуусу жана коркунучтуусу – пайгамбарлардын ролун аткаруу. Пайгамбарлар – Аллахтын рисалатын адамдарга жеткирүү үчүн тандалган адамдар. Бул Пайгамларлардын өзүнө тиешелүү касиет. Алардан башка адамдар тиешеси жок. Катардагы адам вахий кылынган Пайгамбардын же элчинин ролун аткаруусу ал жеткирген рисалатка каршы душмандык кылган менен барабар жана пайгамбарлыктын акыйкатына душмандык кылгандык болуп саналат. Ошондой эле, рисалаттын кадырын кетирип, анын кадырына шек келтирет. Бул дегени Пайгамбарлыктын рисалатына карата үлкөн зулум кылгандык болуп эсептелет. Бул иштер жат эркек жана аялдар күйөөнүн жана жубайдын ролун аткарган шариятка каршы келген иштердин эң кооптуулары.

Ошондуктан, сериалдар, драмалар шарий жактан жаиз эмес.

Ал эми, Аллахтын жардамы менен тикеленген Халифат бул сыяктуу шариятка каршы келген кино тасмаларга драмаларга уруксат бербейт. Бул сыяктуу амалдардын майда баратын ачыктоону өз убагында ачыктайбыз ин шаа Аллах.

Ушул жооп жетиштүү деп ойлоймун, Аллах билүүчү жана өкүмдар».

Корутунду: ал эми, бул, кино тасмаларды көрүү тууралуу комментарий калтырган жана бул суроо-жооб көрүү тууралуу эмес, роль аткаруу тууралуу болуптур деп айтып жатышкан бир туугандарга мындай деймин: мен суроодо айтылгандай, пайгамбарлардын жана сахабалардын ролун аткаруу шариятка каршы келерин жана Халифат мындай иштерге тыюу саларын айтуу менен чектелдим. Көрүү тууралуу жооб бергеним жок. Балким, суроочулар бул маселе тууралуу өздөрү ижтихад кылуусуна же өздөрү кадыржам болуп эргешкен бир мужтахиддин бул маселе тууралуу ижтихадына ээрчүүлөрүнө калтырдым. Башкача айтканда, бул маселе тууралуу толук ыктымалдуу бир пикир берген жокмун. Маселе ачык-айкын болду деп ойлойм.

Бурадарыңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                  28робиус-саний, 1441-х.

25декабрь, 2019м.                                                                                                                                               

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here