Орто Азия оторчулар ортосундагы талашта

249
0

Орто Азия оторчулар ортосундагы талашта

Орто Азия республикалары СССР тутумунда Россиянын оторчулук орундары болгон эле. Батыш лагерь Россия колонияларын тартып алуу үчүн, СССРди кулатууга жетишишти. Муну менен Россиядан башка  ири державалар да Орто Азияга кирип келүү мүмкүнчүлүктөрүн табышты. Жана бул жараян күндөн-күнгө күчөп барууда.

АКШ мамкатчысы Орто Азияга келип кеткенден кийин, региондогу мамлекеттердин позициялары бир кыйла айкындаша түштү. Казакстан жана Өзбекстан бийликтери АКШга ыктаганы даана байкалып калды. Мына ушундай абалда, Россия үчүн Кыргызстан “анклав” болуп калууда. Б.а. Россияга берилген кызматкерлерден кыргыз бийлиги эле калды.

Кыргызстан бийлиги бул позициясы үчүн Америка каарына калганына кыйла болду. Анын негизги себептери төмөнкүлөр:

– 2015-жылы үзүлгөн келишимди кайра түзүүгө Кыргызстан шашпай койду.

– АКШга кадрлары парламентке келип калбашы үчүн, шайлоо астанасы 9%га көтөрүлгөн бойдон калууда.

– Кыргыз бийлиги Ирак жана Сирияда туткундалган жарандарын ар кандай шылтоолор менен алып келбей жатат. (Бул Россиянын талабы менен болууда. АКШ болсо аларды мекендерине кайтарууга кызыкдар. Себеби, ал туткундарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу менен, бул өлкөлөрдө өзүнө кызмат кыла турган “игил” ячейкаларын пайда кылууну көздөйт. Россия болсо, Американын “игилчилерден” пайдаланып, региондо туруксуздук жаратууга мүмкүнчүлүк табышына каршы турууда. Ал эми Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан болсо – Россия каалоосуна каршы түрдө – туткундагы жарандарын алып келип алышты).

Америка өзүнүн Кыргызстанга карата каарданганын жана бийликке проблема туудурууга киришкенин төмөнкү иштери менен көрсөтүп койду:

– “Раим гейтти” эл аралык деңгээлге көтөрдү.

– Акыркы кыргыз-тажик чек ара жаңжалына шыкакчы болду (Бул окуя Кыргызстан бийлигинин көзөмөлүнөн сырт болуп кеткендиктен, бийлик ал окуяга байланыштуу айрым жарандарды камакка алып, митингдерди токтотту. Ушул нерселер бул окуяда Американын колу бар экендигине далалат кылат. Анткени, Россия жетекчилиги астында, бийлик көзөмөлүндө уюштурулган чегара чырларында мындай камакка алуулар жана митингдерди тынчтандыруулар болгон эмес).

– Кыргызстанга визалык чектөөлөрдү киргизди.

Казакстандын Америкага ыктоосу да Россиянын каарын көпкө күттүргөн жок. Кече күнү, Казакстандын Кыргызстанга чегаралаш жайында улуттар аралык чыр-чатак жүз берди. Казакстан президенти бул чырдан шыкакчылар пайдаланып кетмекчи болушканын айтты, бирок, шыкакчылар ким экенин айткан жок, ал тургай, “үчүнчү күчтөр” деп да коё албады. Негизи, буга чейин, Кытайга жер берилишине каршы чыккан калктын нааразылыгын Россия бир нече жолу пайдаланган. Ошондо да казак бийлиги ага каршы кыңк эте албастан, өз жарандарын жазалоо менен чектелген. Айрым окуяларды болсо “террористтерге” төңкөгөн.

Өзбекстан тууралуу айтсак, Россия аны былтыр “терроризм коркунучу” менен коркуткан. Тажикстан менен чегаралаш жайда жасалма терракт уюштуруп,  аял жана балдардан турган “терористтер” тобун кырдырган жана муну менен Өзбекстан бийлигине “эскертүү” берген. (Бул окуя Тажикстан бийлигинин колу менен кылынган).

Ал эми Тажикстан болсо, кыргыз-тажик, тажик-афган чегара коркунучтарынын туткунунда. Азырынча бул “карта” Россиянын гана колунда турат, эгер эртең АКШ Афганистанда тынчтык келишимине жетишкидей болсо, анда бул карта менен Америка да ойной баштайт.

Маалым болгондой, Американын Орто Азияга карата стратегиясы – аймактан Россия таасирин сүрүп чыгаруу жана Кытайдын алдын тосуу. Анын Россия менен күрөшү жогорудагыдай жосунда уланууда. Ал эми Кытайдын таасирин тосуу иштерине келсек, мындан да бир чоң коркунучту сезүүгө болот. АКШ мамкатчысы Казакстан бийлигин Кытайга каршы турууга үндөгөн чакта, казак бийлигинин өкүлү үн каткан жок. Бирок, бул макулдук сүкүтү эмес, балким, макул эместик сүкүтү болуп калды. Б.а. Казакстан бийлиги Кытайга каршы Америкага жанаша баспай турган болду. Анткени, Казакстан экономикасы Кытайга байланып калган. Казакстан эле эмес, бардык Орто Азия өлкөлөрүнүн абалы ушундай. Ошондуктан, алардын биринин да бийлиги Кытайга каршы эч нерсе кылбайт. Мына ушундан алып караганда, Америка бул өлкөлөрдү Кытайдан баш тарттыруу үчүн ар кандай ыкмаларды ишке салуудан кайра тартпайт. Ал ыкмалардын бири – коронавирус…

 Көпчүлүк эксперттердин баасында, азыркы вахималуу коронавирус АКШ тарабынан иштелип чыккан жана Кытайды алсыратуу үчүн ишке салынган. Эгер бул чындык болсо, анда бул вирусту каалаган жагына жаюу АКШ колундагы иш болуп калат. (Бул вирусту алгачкылардан болуп жуктургандар АКШ менен ымалалаш мамлекеттерде катталгандыгы ушуга далалат кылат). Эгерде эле Америка Орто Азияга вирус таркатмакчы болсо, ал үчүн Кыргызстан эң биринчи бутага алынышы мүмкүн. Себеби, ал АКШнын каарына калууда о.э. вирус андан ары таркашы үчүн Кыргызстан эң көп “тешиктүү” өлкө болуп саналат.

Албетте, жогорудагы айрым окуялар тууралуу тыянактар менин жекече пикирим. Б.а. менин өзүмдөгү маалыматтарды байлоо менен чыгарган жекече тыянагым. Балким, алар тууралуу башка маалыматтар аркылуу башкача тыянак чыгышы да мүмкүн. Алардагы каармандардын жана максаттардын орду алмашып калышы да ыхтымал. Бирок, бул окуялардын колонизаторлор күрөшү алкагында болуп жатканы анык. О.э. алардын курмандыктары аймактын мусулман калкы болуп жатканы да анык. Мейли, ал окуялар улуттар аралык уруштар болобу, же чегара чыр-чатактары болобу, же болбосо, жарандык жаңжалдар болобу – айырмасы жок.

Бирок, өкүнүчтүүсү, мусулман калкыбыздын көпчүлүгү бул күрөштөрдүн акыйкатын аңдай албай жатышат. Мунун себеби, алардын өз мусулманчылыктарын жакшы түшүнө албай жатышканында, өз диндерин жакшы билбей жатышканында. Эгер алар өз Исламын жакшы билишкенде, колонизатор кафирлерди үстөм кылуу, аларга ишенүү, алардын жетегинде бири-бирине кылыч көтөрүү харам экенин билишкен болор эле.

Ошондуктан, мусулман калкыбыз өз диндерин жакшылап үйрөнүшү жана бул билимдери негизинде – бардык мусулмандарды бир тууган кыла турган, колонизатор кафирлерди болсо кууп чыгара турган – Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда фикрий-саясий күрөш алып барышы важиб.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here