Өкмөт аэропортторду тышкы башкарууга берет

308
0

Өкмөт аэропортторду тышкы башкарууга берет

30-январда Мамлекеттик жеке менчик өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев баштаган өкмөт мүчөлөрү Кыргызстадагы аэропортторду тышкы башкарууга берүү маселеси боюнча түшүндүрмө беришти. Анын айтымында, эгер аба майдандар тышкы башкарууга берилсе, жүргүнчүлөрдүн саны беш жылдын ичинде 30-40 пайызга өсөт. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү аба майдандарын тышкы башкарууга берүү боюнча план бар экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жалпысынан 11 мамлекеттик аэропорт бар. Алардын ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорту кирешелүү деп эсептелет. Аталган долбоорду даярдоо үчүн түзүлгөн комиссияга Эл аралык каржы корпорациясы кеңешчи катары кошулган. Бул уюм 1956-жылы “өнүгүп келе жаткан” өлкөлөргө жеке инвестиция тартуу максатында Бүткүл дүйнөлүк банктын астында түзүлгөн.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанга окшогон 3-дүйнө өлкөлөрү инвестиция тартуу менен гана өлкөдө өнүгүү болот деген түшүнүк менен саясат жүргүзүшөт. Ал эми, ири мамлекеттерде мектеп, колледж, университеттен тарта башка өлкөлөргө инвестиция жаткыруу, алардын байлыгына ээ болуу максатында билим берилет. Бул окуу жайлардан өсүп чыккан “кадрларга” Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар алсыз өлкөлөрдө иш алып баруусуна шарт түзүп берет. Себеби, капитализмде мамлекеттик менчиктин жеке менчикке өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Мамлекет болсо ири ишкерлерге стратегиялык же пайдалуу жайларды монополия кылуусуна мүмкүнчүлүк жаратат. Бул монополисттер өз кезегинде кирешесин чиновниктер менен бөлүшөт. Ал эми мамлекетке салыкты гана которуп турат. Мына ушундай схеманын натыйжасында дүйнөдө жыл сайын миллиардерлердин байлыгы көбөйүп, жакырлардын саны артып барууда.

Кыргызстан да мындай адилетсиз системанын чынжырына байланып калган. Ошондуктан, өкмөт мамлекеттик менчиктеги ишканаларды банкрот кылып, жеке секторго, “инвесторлорго” өткөрүп берүүгө аргасыз. Ал эми мындай туңгуюктан чыгуунун жападан жалгыз жолу Аллахтын адилет динине негизделген экономикалык түзүмдү алып келүү. Бул түзүмдө мамлекеттик жана умумий мүлктөр калкка адилеттик менен бөлүштүрүлөт. Жеке адамдар болсо зекет бере турган даражада байлыкка ээ болсо, тиешелүү адамдарга малынын зекетин берет. Натыйжада коомдо муктаж адамдар азаят, а түгүл, Ибн Умардын учурундагыдай жок болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here