Балдардын деңизде чөгүп набыт болгонуна саясатчылар колдонуп жаткан улутчулдук жана капиталисттик баалуулуктар себепкер

381
0

Басма сөз баяаты

Балдардын деңизде чөгүп набыт болгонуна саясатчылар колдонуп жаткан улутчулдук жана капиталисттик баалуулуктар себепкер

Түркиянын батышындагы жээкте 2020-жылы 11-январь күнү кеме чөгүп, натыйжада 11 чакты мигрант набыт болду, аларды сегизи жаш балдар. Алардын кийимдери жана өздүгүн тастыктаган документтер деңиз жээгине чыгып калган. Окуядан бир нече саат мурун Грециянын Паксос аралынан жол алган мигранттардын кемеси Италияга бара жатып Ион деңизинде чөгүп, кеминде 12 киши набыт болду. Эл аралык миграция уюму жана качкындар иштери боюнча БУУ жогорку комиссариаты 2019-жылы декабрь айында жарыялаган отчётко ылайык, Жер ортолук деңиз аркылуу Европага жол алган адамдардын орточо 3000и деңизде өлүм табат. 2018-жылы эле 2 275 өлүм абалы катталган, катталбагандары болсо андан көп.

4.5 миллион сириялык качкынга жай бергени менен мактанып жаткан улутчул жана илманий Түркия качкындарга келгиндилер деген этибарда мамиле кылат. Арийне, согуштан качып, Европага жетүүнү көздөп, деңизде чөгүп жаткан бейкүнөө мигрант аялдар жана жаш балдардын бул өлкөдө коопсуздукка, коргоого жана кемсинтилбеген мамилеге жетишүүсү мүмкүн эмес. Аларга экинчи даражадагы адам деген этибарда мамиле жасалат. Мектептерде улутчул окутуучулар сириялык балдарды акаратташат. Кыш күндөрү эшиксиз чатырларда баанек тапкан сириялык качкындар өздүгүн аныктаган документке ээ болбогону үчүн гана ар кандай жардамдардан куру калышкан. Ач көз жумуш берүүчүлөр сириялык жумушчулардын акылуу маяналарын беришпейт. Айрыкча, парасаты кыска текчил жана улутчул саясатчылар сириялык качкындар лагерлерден башка жерде жашоого акысы жок деп эсептешет. Ошондуктан, алар өздөрүнүн провокациялык кайрылуулары менен Түркия калкын бир нече жолу сириялыктарга каршы тукурушту. Бул, сириялык качкындарды кыштын ызгаар суугунда деңиз аркылуу башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур кылган себептер.

Мусулман өлкөлөрү тиякта турсун, жада калса, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген мусулманды да Ислам келгинди деп эсептебейт. Чынында, сириялык качкындар өздөрүнүн шаръий өлкөсүнө келишти. Себеби, бул өлкө Аллахтын буйругуна жана Расулуллах ﷺдын убадасына ылайык фатх кылынып, Ислам өлкөлөрүнө кошулган. Ушул жөнөкөй шаръий укукка ылайык, мусулман өлкөсүнөн келген ар кандай мусулман адам виза же жашоо жана иштөө үчүн уруксат алуусу шарт эмес. Андан тышкары, Ислам улутчулдукту четке кагат жана Ислам мамлекетинде жашаган ар бир кишиге – анын итикадына, түсүнө, тегине карабастан – өз жарандарынын бири деген этибарда карайт. Ислам аларга, айрыкча, алардын арасындагы мусулмандарга чет элдик деген этибарда мамиле кылбайт. Исламда киши жарандыкка ээ болуу үчүн Ислам мамлекетинин аймагында жашоосу жетиштүү. Ислам мамлекетинин жараны болгон бардык адамдарга бирдей мамиле жасалат. Мисалы, акимдин жарандарга карата мамилеси аларды кемсинтпестен, жанын, намысын жана мүлкүн коргоодон турса, казынын аларга карата мамилеси теңдик жана адилетке моюн сунуудан турат. Ислам тарыхынан белгилүү болгондой, мусулман акимдери мусулмандарга чет элдиктер деген этибарда мамиле кылууну четке кагышкан. Кала берсе, өз өлкөсүндөгү кысымдан качып исламий өлкөгө келген кайрымусулман качкындарды да коопсуз башбаанек менен камсыздашкан жана аларга өз жарандарындай мамиле кылышкан. Андан тышкары, Исламда зиммийге жакшы мамиле кылуу – важиб. Расулуллах ﷺ зиммийге азар жеткирген киши жөнүндө мындай деген:

«…فَأَنَا حَجِيجُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Кыямат күнү мен анын душманы боломун». Жада калса, кайрымусулмандын укугу да толук корголгон мындай түзүмдө мусулман адамга кандай зулум болушу мүмкүн? Мындай түзүмдө мусулман кишиге экинчи даражалуу жаран деген этибарда мамиле кылынышы мүмкүнбү?

Эй Түркия акимдери! Улутчулдугуңар себептүү кандай ахвалга түшкөнүңөрдү карагыла. Улутчулдук жана капитализм идеяларын ээрчип жардырууларга, кыйноолорго жана деңизде чөгүүгө дуушар болгон ар бир кишинин өмүрү үчүн жоопкерлерге айландыңар. Кала берсе, колуңар набыт болгон муслималардын, балдардын жана кишилердин канына бөлөндү. Себеби, силер аларды өз журтунан ажыраткан кафирлерге бейтарап болуу менен чектелдиңер, а түгүл, аларга шерик болдуңар жана аларга кол берип союздаш болдуңар.

Эй Түркиядагы жана Ислам өлкөлөрүндөгү мусулмандар! Эгер, акимдер Аллах Субханаху ва Таала буйругандай Ислам менен өкүм жүргүзүп, Умматты бир байрак астында бириктиргенде жана Ислам буйругандай бир билек болушканда, мусулмандар гана эмес, бүткүл дүйнө, кала берсе, дини жана тегине карабастан, бүткүл инсандар зулумдун ар кандай түрүнөн коргоодо болмок! Андыктан, Аллах Субханаху ва Таала жана Расулуллах ﷺ тикелөөгө даъват кылган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты тикелөөгө шашылгыла.

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү – аялдар жааты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here