Кыргызстанда кытайлыктар менен биргеликте логистикалык борбор курууга каршы митинг болуп өттү

373
0

Кыргызстанда кытайлыктар менен биргеликте логистикалык борбор курууга каршы  митинг болуп өттү

28-январда Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг болуп өттү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева митингге 50-60 киши катышкандыгын, алардын көпчүлүгү  Ат-Башы базарында соода кылгандар экендигин билдирди.

Мүсралиева: “Негизги талабы – «индустриялык соода-логистикалык борборду Кытай инвестору курса каршыбыз, курдурбайбыз, ал эми өзүбүздүн кыргызстандык ишкерлер курса ошого макулбуз» деген талаптарды айтышыптыр. «Бул талапты жогору жакка жеткиребиз» деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тынч тарап кетишти”, – деди.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын июнь айында Кыргызстан-Кытай бизнес-форуму өтүп, форумдун жыйынтыгында 24 документке кол коюлган. Алардын арасында “Нур Строй Монтаж” жана “One Lead One (HK) Trading Limited” компаниялары ортосунда баасы 280 миллион доллардык биргелешкен  соода-логистикалык борбор куруу жөнүндөгү келишим да бар эле.

Бул долбоор эркин  экономикалык аймактын алкагында ишке ашырылууда. Кыргызстанда мындай аймактарга салык жана бажы төлөмдөрүндө жеңилдиктер каралган.

Ат-Башы районундагы жер тилкеси “Ат-Башы” өнөржай-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 49 жылга ижарага берилген.

Сереп:  Чет өлкөнүн ар кандай логистикалык борборлору, кайсы тармакта болбосун, мамлекеттин ошол тармагын монополия кылып алууну көздөйт. Ошол аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандар болсо кризиске дуушар болушат же монополист компаниялардын колуна өтүүгө мажбур болушат.

Кытай логистикалык компаниясы – бул Кытайдын тышкы улуттук продукциясы болуп, Кыргызстандын саясий жана экономикалык өнүгүүсү үчүн зыяндуу долбоорлордун бири. Мындай компаниялар  мамлекеттик инфраструктураны изден чыгарып, бардык кызмат көрсөтүү тармактарын өз колуна алууга аракет кылат.  Кытай Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармактарын бир четинен колго алуу менен мамлекеттеги таасирин жана басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүп бара берет. Мындай долбоорлор Кытай үчүн экономикалык кызыкчылыктарга ээ болуу менен бир катарда саясий кызыкчылыктарды да жүзөгө чыгарууга каратылат.

Мамлекет бирер тармакта тышкарыдан кирген импорттук товарлар, же кызмат көрсөтүү жабдыктары,  же жумушчу күчүнө таянса, анда мамлекеттин ошол тармагы кризиске дуушар болуп, башка мамлекеттерге көз каранды болуп калат. Ошондуктан, ар кандай кубаттуу мамлекеттер ички жеңил өнөржайды тышкы инвесторлорго тапшырып коюудан этият болушат. О.э. оор өнөржайын күчөтүү менен инфраструктурасын да, жеңил өнөржайын өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүнөн келип чыгып өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурушат. Мисалы: Мамлекеттеги алтын кендерин Канада же Кытайга берүүнүн ордуна өзүбүздүн жарандарга берсек туура болмок (АКШ сыяктуу). Оор өнөржайыбыз өнүккөнгө чейин кол менен казганыбызда деле азыркы инвесторлор берип жатканчалык киреше табат элек. Бирок, ошону менен жер алдындагы кендерибиз таланып-тонолушунун алдын алмакпыз. О.э. жерлерибизди ууландырып, табиятка зыян жеткиришинин алдын алмакпыз!

Эл аралык саясат жана алардын көзөмөлү астындагы глобалдык (борборлошкон) дүйнөлүк башкаруу системасы бизди өз алдыбызча таштап койбойт. Алар бизди жакыр абалда кармап туруу жөнүндөгү фикрат негизинде иш алып барышат! Алардын максаты, биздин оор өнөржайга муктаж абалыбыздан пайдаланып, жетекчи топту сатып алуу жолу менен инвесторлор катары өлкөлөрүбүзгө кирип келүү. Башкача айтканда, муктаждык абалыбыздан пайдаланып, өздөрүнө көз каранды кылуу жолу менен бизди колония кылып, өлкөлөрүбүздү басып алууну көздөшөт!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here