Кыргызстандын ЕАЭБдеги орду талкууланат

305
0

Кыргызстандын ЕАЭБдеги орду талкууланат

 Бишкекте «Кыргыз экономикасынын биримдиктеги атаандаштыкка жөндөмү» деген тегерек стол болуп өтөт. Ага өлкөнүн ар тарабынан чакырылган ишкерлер, экономисттер жана расмий бийлик өкүлдөрү катышат.

 Талкууда Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү экенине карабай, айрым бир өнөктөштөр тарабынан туура эмес саясат жасалып жатканы жөнүндө да сөз болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык түрүндө түшкөн акчанын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдөгү кыйынчылыктар көп болгонун айтып келишет.

 Негизи, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке эч кандай пайда алып келбестиги ошол кезде эле анык болчу. Биримдиктин зыяны көпкө күттүрбөдү. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка өлкөлөргө сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарлары чоң зыянга учурады. Өлкөдөгү ун өндүрүү, канаттуулар фермасы тармактары олуттуу зыян тартты. Мамлекет ишенген негизги тармак – тигүүчүлүк тармагы да өндүргөн товарларын ЕАЭБдеги базарларга алып чыгууда проблемаларга дуушар болду. Казакстан менен Россия “фитосанитария талаптарына жооп бербейт” деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөөлөрдү киргизди. Бүгүнкү күндө да кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун жүк машиналары Казакстанга кире албай  тургандыгы аталган биримдиктен Кыргызстанга эч кандай пайда жоктугун далилдеп турат.

 Ал эми, булардан айырмалуу түрдө, Кыргызстанга кирип келе жаткан Россия жана Казакстандын товарларына эч кандай чектөө болбоду. Расмий бийлик өлкөнү ЕАЭБге алып кирүүдө жар салган эң негизги шылтоосу, башкача айтканда, алардын “эмгек мигранттарына жеңилдик берилет” деген убадасы да тастыгын таппады. 2019-жылдын 12-декабрында Хабаровск шаарында ОМОН кызматкерлери 70тен ашуун кыргызстандык айдоочуну кармап, 3-4 саат таяктаганы да биримдик мигранттарга канчалык “жеңилдик” бергенине мисал болот…

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here