Майк Помпео февраль айынын башында Ташкентке барат

419
0

Майк Помпео февраль айынын башында Ташкентке барат

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео январь айынын аягында Европа жана Борбор Азияга сапар кылат. АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат кызматы кабарлагандай, Помпео сапарын 29-январда Британиянын борбору Лондондон баштап, 31-январда Украинага барат, андан соң 1-февралда Беларуста болот. Ошондон кийин ал Казакстанга, андан соң Өзбекстанга барат.

Майк Помпео Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушат.

О.э. Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин катышуусундагы “Борбор Азия – АКШ” (C5 + 1) форматындагы жолугушууга катышат. 

 “Майк Помпео АКШнын Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясына ылайык, региондогу мамлекеттерди колдошун тастыктайт”, – деп айтылат мамлекеттик департаменттин кабарында.

 Комментарий: Өзбекстан Борбор Азияда жайгашкан орду – региондогу бардык мамлекеттер менен, анын ичинде Афганистан менен да, чектешет – жана калкынын саны көптүгү менен ар дайым колонизатор мамлекеттердин этибарында болуп келген. 

 Өзбекстандын үстүнөн таасир талашуу күрөшү бүгүнкү күндө Америка менен Россиянын ортосунда уланууда. Россия Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу үчүн саясий жана экономикалык басым өткөрүп жаткан болсо, өзбек өкмөтү Россияга ачык жооп берүүдөн карманып, мүчө болуунун акысына аткаруу кыйын болгон талаптарды коюуда. Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болууда айрым тармактар үчүн жеңилдиктерди берүүнү – кээ бирлери үчүн 10 жылга чейин – жана Россиядан депортация кылынган өзбек мигранттары үчүн жалпы амнистия берүүнү сурады. Тышкы миграция агенттигинин башчысы Бахтиёр Турсуновдун билдиришинче, бүгүнкү күндө болжол менен 300 миң өзбекстандык жаран Россиядан депортация кылынган. Акыры Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, байкоочу болуп кирерин айтты.

АКШ болсо ар түрдүү экономикалык жардамдарды берүү жана ал жардамдын көлөмүн жылдан-жылга көбөйтүп баруу менен өз таасири астына алууга аракет кылууда. Жакында АКШ мамлекеттик департаменти Өзбекстан үчүн 2020-жылга 14,4 миллион доллар бөлүүнү сурагандыгы кабарланды. 2017-жылы бул көрсөткүч 10,6 миллион долларга барабар болгон.

 Мындан тышкары, АКШ Өзбекстанды Россиянын басымы алдында жалгыз калтырбастык үчүн Россиядан бирер расмий барары менен ал да дароо өз расмийлерин жөнөтүп келүүдө. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 15-январында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапар менен Өзбекстанга барып, Мирзиёевдин Россияга боло турган сапары боюнча талкуулашкан. Ошондон кийин Шавкат Мирзиёевдин Россияга сапары 5-февралга белгиленгени кабарланды. Мирзиёвдин Россияга сапарынын алдында Помпеонун Ташкентке келиши да өзбек бийлигин колдоо үчүн экендиги талашсыз.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here