Мушрик Кытай өкмөтү мусулман үй-бүлөлөрүнө зулумдукту күчөттү

749
0

Мушрик Кытай өкмөтү мусулман үй-бүлөлөрүнө зулумдукту күчөттү

Мушрик Кытай бийлиги 2016-жылдан тарта «Биригип, үй-бүлө кур» өнөктүгүн баштаган. Өткөн жылдан бери бул өнөктүк күчөтүлүп, аткаминерлер мусулман эркектери “саясий лагерлерге” камалган үй-бүлөлөргө жөнөтүү үчүн “кадрларды” даярдашууда. Мындай кадрларды нажас бийлик “туугандар” деп атап алган. Буга байланыштуу айрым маалымат каражаттары өз иликтөөлөрүн чыгарды.

Маалыматка ылайык, мындай кадрлар Шинжаң аймагындагы жалпы саны миллионго жетет. Бул ыпластар мусулман үй-бүлөлөргө 2 айда бир келишип, 6 күн бою ошол үйдө жашап, кудайсыз бийликтин тарбиясын беришет. А түгүл, кожойкелер менен бир төшөктө жатышат. Буга каршы чыккандарды болсо “саясий лагерлерге” жөнөтүшөт. 2018-жылдан бери мушриктер өздөрү менен кошо спирт ичимдиктерин жана чочко этин да ала барышып, мусулмандарды да бул арам тамактардан оозанууга мажбурлашууда.

Бүгүнкү Кытайдын мусулман калктарды ассимиляция кылуу саясатын Батыш баштаган уюмдар каралап жатса да, Кытайдын мусулмандарга карата зулумдугу эртең алардын кызыкчылыгына туура келип калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, биз мусулмандар саткын бийликтерден же эл аралык саясаттан мусулмандардын укугун коргошуна үмүт артпашыбыз керек.

Мушрик Кытай бийлигинин зулумдугун тыюу үчүн мусулмандардын биригүүсү шарт! Бирок, эмненин негизинде? Албетте, мусулмандардын улутчулдук, мекенчилдик же башка пикирлердин негизинде биригүүсү жеңиш алып келбейт. Мусулмандар качан гана Ислам идеологиясы негизинде бириккенде жеңишке жетет! Анткени мусулмандардын мабда негизинде биригүүсү Исламды жашоого алып келет жана Ислам мамлекети ичкериде да тышкарыда да Ислам саясаты негизинде иш алып барат. Бул өз кезегинде мушрик Кытайдын зулумдугун тыюу үчүн Кутайба ибн Муслим сыяктуу армия жетекчилерин сапарбар кылууну шарттайт. Бул армия миллиондогон эр жүрөк мужахиддерден туруп, Бейишти же жеңишти гана үмүт кылышат. Албетте ал армия тарыхта Кытайды чээниннен чыкпагыдай кылып ийинине киргизет, ИншаАллах!       

Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынат: Расулуллах саллаллаху алайхи ва саллам айтты: “Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны тек да таштап койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат”, — деди. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Мумтаз Маверанахрий


LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here