Өкмөт бошоп калган бюджетти толтуруунун жаңы жолдорун издеп жатат

306
0

Өкмөт бошоп калган бюджетти толтуруунун жаңы жолдорун издеп жатат

 Кыргызстанда 300 миң сомдон жогору суммага мүлк же башка нерсе сатып алган жарандардын баарына декларация тапшыртуу сунушталып жатат. Салык кодексине ушундай өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору 22-январда Жогорку Кеңеште талкууланып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 Экономика министринин орунбасары Дастан Кадыров мындай чара кирешенин тазалыгын текшерүүгө жардам берет деп эсептейт.

 Ал: 2021-жылдан баштап эгер 300 миң сомдон ашык чыгым кылса ошол адам декларация тапшырышы керек деп жатабыз. Эгер кымбат буюм же башка нерсе сатып алса – тапшырат. Акчаны каяктан тапканын текшеребиз”, – деди.

 Депутаттар талкуулаган мыйзам долбоорунда «2021-жылдан баштап декларация берүү тууралуу талап эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсе көп суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укукту сатып алуу боюнча бир жолку чыгым тарткан жеке жактарга тиешелүү» деп жазылган. 

 Комментарий: Мамлекеттеги жумушсуздук жана айлык акынын аздыгы себептүү 6 миллиондон көбүрөөк калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллионго жакыны жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болууда. Алар чет элде, айрыкча, Россияда эң оор  жумуштарга жалданып, керек болсо 16-18 сааттап иштеп тапкан акчаларын мекенинде калган жакындарына жөнөтүп турушат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жеке жактар куруп жаткан курулуштар, сатып алынып жаткан машиналар негизинен чет өлкөдөгү мигранттар жөнөтүп жаткан акчанын эсебинен экендиги эч кимге сыр эмес.

 Өкмөт аларды өз мекенинде жумуш менен камсыздай албаганы аздык кылгансып, эми мигранттар оор жумуштан тапкан акчаларга да көз артууда. 300 миң сомду долларга эсептегенде 4 300 долларга барабар болуп, мигранттар оор жумушта жылдап чогултуп курган курулуштарынын, же жылдап топтогон акчаларына сатып алмакчы болгон имараттардын ондон бирине да туура келбейт. Эми жарандар мамлекеттин жардамысыз чет өлкөлөрдө оор жумуштарда иштеп тапкан акчасы үчүн да салык төлөөгө, киреше булагын жана тапкан кирешесинин көлөмүн көрсөтүүгө мажбур болушат. Кабыл алынуучу бул мыйзам да, адаттагындай эле, жалаң гана карапайым калкка карата колдонулат. Мамлекеттик кызматта10-12 миң айлыкка иштегени менен 15-20 миң долллардык машиналарда жүргөн чиновниктер болсо жыргап жүрө берет. Мамлекеттик салык комитетинин билдиришинче, учурда саясий мамлекеттик кызматты ээлеген 150дөн ашуун адам кирешеси жөнүндө декларациясын тапшырбай жүрөт. Декларация тапшыра элек мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жалпы саны 5106 киши.

 Мындан тышкары, жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда ансыз деле кеңири жайылган коррупциянын күчөшүнө шарт түзөт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here