Мигранттар алып келип жаткан буюмдарга бажы төлөмү кескин көтөрүлүп, миңдеген айдоочу жумушсуз калды

329
0

Мигранттар алып келип жаткан буюмдарга бажы төлөмү кескин көтөрүлүп, миңдеген айдоочу жумушсуз калды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиëевдин  «Физикалык жактар тарабынан өздүк керектөөсү үчүн товарларды алып өтүү тартибин өркүндөтүү боюнча» жарлыгы 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди.

«Бажы төлөмдөрүн өндүрүүнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү» деген шылтоо менен кабыл алынган бул чечим бажы төлөмдөрү бир нече эсеге көтөрүлүшүнө жана Өзбекстандын бажы постторунда километрге созулган кезектер пайда болушуна себеп болду.

1-январдан бери чек арадан өтө албай турган айдоочулардын билдиришинче¸ 1-январга чейин 4 миллион сомдук (өзбек сому) бажы төлөмү алынуучу товарлар үчүн учурда 80 миллион сом талап кылынууда.

Натыйжада¸ Россиядагы мигранттар үйүнө жөнөтүп жаткан  жүктү ташуу менен алектениип келген миңдеген айдоочулар ишин токтотууга мажбур болушкан.

Аталган токтомду өзгөртүүнү суранып, президенттик аппаратка¸ Олий мажлис жана Бажы комитетине кайрылган айдоочулар  бир да мекемеден жүйөлүү жооп ала алышкан эмес.

СерепӨзбекстан ЕАЭБ менен мамилени үзүүгө алдын ала даярданып жаткандай. Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринен өтүп жаткан товарларга – ал тургай жарандар өз керектөөсү үчүн алган арзыбаган маталарга да – өздүк баасынан бир топ кымбат бажы төлөмү талап кылынууда.

Ошол эле учурда АКШ жана Кытай мамлекеттери менен виза тартибин жеңилдетүү жана соода алакасын өнүктүрүү боюнча реформалар күчөп жатат. Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн колунан келишинче аракет кылууда.

Демек, Өзбекстан ЕАЭБге кошулмакчы эмес. Мирзиёев бул абал Россия менен мамиле курчушуна алып барарын билип, элди күтүлүп жаткан кырдаалга алдын ала даярдай баштады. 

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here