АКШ Иран алакасындагы жасалма чыңалуулар

437
0

АКШ Иран алакасындагы жасалма чыңалуулар

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы америкалык базаларга урулган соккудан эч ким жабыркабаганын, базалар гана азыноолак зыянга учураганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-январда Жакынкы Чыгыштагы соңку жагдайларга байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Буга чейин АКШ Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини үн-сөзсүз өлтүргөнү, аны менен бирге жети киши курман болгону кабарланган. Бул кабар Кыргызстан менен бирге дүйнөлүк коомчулукта негизги талкуу темасына айланды.

Бул темага кайрылуудан мурун, АКШ менен Ирандын буга чейинки алакасына токтололу. Британия 1941-жылы Иранды басып алган соң, Пахлавийди Иранга шах кылып койгон эле. 1979-жылга келип АКШ Британиянын Ирандагы таасирин сындыруу үчүн исламчылар беткабы артында төңкөрүш (алардын айтымында, “революция”) уюштуруп, бийликти тартып алды. Муну менен Америка Советтер Союзу жана социализмдин Иранга кирип келишинин да алдын алды. Анткени, Афганистанда 1978-жылы Элдик демократиялык партия (Афганистан коммунисттик партиясы) бийликке келген соң, Советтер Союзу Афганистанды ээлеп алышынан Америка кабатырланды. Бирок, Москва Элдик демократиялык партияны саясий жана логистикалык жактан колдоп-кубаттады жана 1979-жылдын акырында Афганистан Советтер союзу тарабынан басып алынды. «Орус аюусу» үлкөн нефть запасына ээ Араб Булуңуна жакындашып калды.

“Революция” аркасынан Америка менен Хумайний (Хоменеи) ортосунда биргелешкен документтер жана токтомдор кабыл алынды. Хумайний сыртынан Америкага каршы саясат жүргүзүп жаткандай көрүнүп, ал тургай ага чабуул кылып, аны “чоң шайтан” деп атаган болсо да, негизи, документтерде Америка менен Иран ортосунда жакшы алака орнотулганы ачыкталган. 2005-жылы жашыруун чөйрө тарабынан бир документ жылжып чыкты жана анда Аятулла Хумайнийдин Вашингтонго жиберген катына тиешелүү айрым бөлүктөр келтирилди. Лекин анын айрым бөлүктөрү жашыруун бойдон калды. 2008-жылы экс-президент Жимми Картер китепканасы Хумайнийдин катына тиешелүү бөлүктөр ашкере кылынган электрондук нуска таркатты. Документте Хумайний өз катында Американын Ирандагы кызыкчылыктарына каршы болбогону, тескерисинче, Советтер Союзу менен Британияга каршы тең салмактуулук жаратыш үчүн Америка вужуду зарыл деп ишенгени айтылган. О.э. Хумайний Ислам менен дүйнөдөгү башка диндер, айрыкча, христианчылык дини ортосунда кызматташтык орнотуу зарылдыгын айткан.

Жогорудагы кат Вашингтонго 1963-жылы келген. Экинчи кат болсо, Жимми Картер администрациясына 1979-жылы 19-январда, Иран ыңкылабынан бир нече жума мурун барган. Хумайний анда Америка президентине Иран нефтисин Батыштан тоспоо, ыңкылапты регион мамлекеттерине көчүрбөө жана Америка менен достук мамилелерди орнотуу тууралуу убадаларды берген. Хумайнийдин экинчи катында ал Америкага душмандык кылбашы жаатында Картерди ишендирген. Хумайний катында мындай деген: «Жакында биз менен Америка ортосунда душмандык жоктугуна о.э. исламий фалсафага жана мыйзамдарга негизделген исламий жумурият (республика), тынчтык жана кызматташтыкка негизделген инсаний өкмөт болушуна күбө болосуздар…» («Араб Булуңу кабарлары», 2016-жыл, 4-июнь).           

АКШ менен Ирандын ортосундагы алака Обама бийликке келгенге чейин жашыруун түстө уланып келди. Обаманын администрациясы ишке киришүүсү менен Ирандын үстүндөгү санкциялар алынып, 2015-жылы 14-июлда Иран жана алты ири держава ортосунда ядролук келишим түзүлдү. Иран бийлиги жана анын “кол бала” партиясы (хизбулла дешке ооз барбайт) Сирия мусулмандарына шилтенген кош миздүү кылычтын бир мизи болуп калды. Обама Иран менен ядролук кызматташтык күчкө кириши артынан мындай деди: «Иран менен дипломатиялык алакаларды үзүү АКШга пайда алып келбеди». Ал дагы кошумчалап: «Бир канча он жылдыктардан бери Иран менен сүйлөшпөө Америка кызыкчылыктарына кызмат кылбады», – деди. Ал эми бүгүн, Трамп администрациясы доорунда саясий кырдаал өзгөрдү. Сириядагы вакиълер канкор Башар режиминин пайдасына өзгөрдү. Эми Иран бийлигинин малайлыгы башка малайлардын кызматына салыштырмалуу кыйматы түшүп кетти. Америка Иран менен түзүлгөн мурунку келишим Европа экономикасы кайта тикеленишине жардам бергенин жана Европа мамлекеттери Иранга экспорт товарларын көбөйткөнүн көрдү. Бу нерсе Трамптын экономикалык ач көздүгүн козгоду жана ал Иранга кайтадан санкцияларды колдонуу, чектеп коюу чараларын көрө баштады. Бирок, Трамптын Иранга каршы санкцияларды колдонушуна карабастан, Иран Американын региондогу арзан малайы болгон бойдон кала берүүдө.

А бирок АКШ өз адатынча, кызыкчылыгына ылайык өз малайларын курмандыкка чалуусун улантып жатат. Буга мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер чоң салымын кошууда. Маселен, үч ай мурун Сирия аймагында Түркия менен Ирак акимдеринин жардамында Аль-Багдади жок кылынган. Эми болсо, Ирак аймагында кайрадан өлкөнүн малай акимдери жардамында ирандык командир Касым Сулайманий өлтүрүлдү. 

Адаттагыдай, Хумайний өч аларын айтып билдирүү жасады. Бирок, сөздөн ишке өтпөгөн мындай билдирүү жана АКШнын бош базасын аткылоо Иран коомчулугун жооткотууну гана көздөйт. Анткени, өлкөнүн ички саясаты акыркы учурда чыңалуу абалында турат. АКШ-Иран ортосундагы мындай “тирешүү” АКШ админстрациясындагы акыркы кризистик абалдын жөнгө салынуусуна да кызмат кылууда.

Мына ушундайча АКШ мусулман өлкөлөрүн башкарып жаткан малайлардан өнүмдүү пайдаланып жатат. Бул акимдер АКШ кызыкчылыгы үчүн башка өлкөлөргө аскерлерин сапарбар кылууда. Маселен, Иран армиясы жана анын “кол баласы” Сирияда сунний мусулман жамааттарын кыргынга салууда. Түркия Алеппону жана Чыгыш Гутаны касапчы Асаддын колуна тапшырып берди. Сауд Арабия Йеменде мусулмандар үстүндө бомбаларын жаадырууда. Египет болсо Ливияда АКШнын агенти Хафтарга колдоо көрсөтүү менен мусулмандардын канын төгүүдө. Булардын абалы жамандыктын жарчысы аталуу үчүн үч акмактын мелдешине окшойт. Ал ахмактардын биринчиси, көчөдө ойноп жаткан бейкүнөө наристе кызды жыга чапканы менен мактанган эле. Экинчиси болсо, мен жамандык кылууда сенден озуп кеттим, турган адамды жыга чабуу эч нерсе эмес, мен ошол кызды дубалга урдум, дубалдан алып жерге чаптым деп маашырланат. Бул мелдешкен экөө үчүнчүсүн суроолуу карап калышты эле… Анда, үчүнчү акмак “Мына ошол наристе менин өз канымдан бүткөн кызым эле. Силердин жамандыгыңар менин унчукпай туруума да татыбайт” деп, жамандыкта алардан алдыга кетти!

Мусулмандардын акмак акимдери кафирлерге малайлыкта жана жамандыкта ат салышып жатса да, бирок, алардын кожоюндары алдында эч бир кадыр-кыйматтары жок. Мына азыр Америка Иран бийлигин бир мурдунан чимкирип салды, дагы бир күнү экинчи мурдунан да чимкирип ташташы анык.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here