Ооганстан Тажикстандын билдирүүсүн четке какты

551
0

Ооганстан Тажикстандын билдирүүсүн четке какты

6-ноябрда Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жок кылынган согушкер топтор Ооганстан аркылуу өткөн эмес. Бул тууралуу Ооганстандын күч түзүмүндөгү бир катар аткаминерлер билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, согушкерлердин изин Ооганстан аймагынын тышынан издөө керек.

«Айтылып жаткан Кундуз провинциясындагы Кала-и-Зал чек арасы Ооган тараптан да Тажикстан тараптан да дыкат көзөмөлдөнүп турат. Биздин кызматкерлер 20 эмес бир кишинин да мыйзамсыз өтүүсүнө жол бербейт. Ошондой эле алардын “Ислам мамлекети” уюмуна тиешеси бар экенин айтуу да кыйын», – деп айтылат Независимой Газетага чыккан билдирүүдө.        

Буга чейин Тажикстандын атайын кызматы чүмбөттөлгөн 20 согушкер Тажикстандын «Ишкобод» бекетине кол салганын, алардын 15и жок кылынып, бешөө колго түшүрүлгөнүн билдирген. Кийинчерек расмий Душанбе согушкерлер “Ислам мамлекети” уюмуна таандык экенин, алар Ооганстан аркылуу өткөнүн кабарлаган. Бирок “ИМ” уюму бул чабуулду жоопкерчилигине алган жок.

Жогорудагылардан улам, аталган операция Орусиянын кураторлугу астында Тажикстандын атайын кызматтары тарабынан уюштурулганы ырасталып барууда. Орусиянын мындай аракеттери Орто Азиядагы таасири алсырап баратканынан жана ал өз таасирин жасалма терракттар шылтоосу артында аскерий күч аркылуу тикелемекчи экенинен кабар берет. Анткени, бардык ири мамлекеттер өз саясатында маддий аракетти акыркы арга катары колдонуп келет. Ал эми жергиликтүү акимдер жана коопсуздук кызматкерлери мындай саясатка каршы туруунун ордуна, алардын буйругун ишке ашырып жатат. Курмандыктар болсо, карапайым мусулмандар болуп калууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here