Укук коргоочулар Кытайдын Бишкекте камераларды орнотуусуна каршы чыкты

324
0

Укук коргоочулар Кытайдын Бишкекте камераларды орнотуусуна каршы чыкты

Кыргызстандагы укук коргоочулар Кытай компаниясы ишке ашырып жаткан адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты. Алардын айтымында, мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” болуп эсептелет.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова өз сөзүндө мындай көзөмөл системасын орнотууга мораторий жарыялоо керектигин айтып өттү.

Белгилей кетсек, Бишкекте 31-октябрда «Командалык борбор» өз ишин баштаган. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулган. Буга чейин Кытай менен Кыргызстан аталган камералар системасын орнотуу боюнча келишим түзүлгөнү кабарланган. Долбоорду 2022-жылга чейин кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен бирге ишке ашырат. Каржы жагы болсо “эл аралык кызматташтыктын” алкагында Кытай тараптан камсыздалат. Кытай мындан тышкары “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын да ишке ашырмакчы.                                      Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Цинзяндагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөп жатат. Кытайдын ушундай “коопсуздук” көзөмөлдөрү айынан, бүгүн Синьзяндагы лагерде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар зулумдук чегүүдө. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат.

Ал эми укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүнө келсек, алардын кадамы АКШнын позициясына шайкеш. АКШ акыркы мезгилдерде гана Кытайдын мусулмандарга карата репрессиялык аракеттерин айыптай баштады. Анткени, буга чейин Кытай эл аралык абалда АКШга атаандаш күчкө айлана элек болчу. Бүгүнкү күндө Кытайдын экономикалык кубаты күчөп бараткандыктан, Америка ага карата саясий жана маалыматтык чабуулдарды күчөтүп жатат. Мына ушул максатта “Шинжаң” маселесин улам-улам көтөрүп чыгууда.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү мына ушул ири мамлекеттердин адилетсиз башкаруусу астындагы капиталисттик системанын зулумдугунда кишенделип калууда. Бул кишенден чыгуунун жападан жалгыз жолу Ислам мабдасын жашоого алып келүүдө. Мына ушул Ислам зулумдук чегип жаткан мусулмандардын акы-укугун коргоп Кытайды өз ийинине киргизет! Мына ушул Ислам дүйнөгө бузукулук жайып, мусулмандардын канын төгүп, байлыктарын ташып жаткан АКШ баштаган колонизаторлорду өз ордуна коёт. Акыбетте мусулмандарга гана эмес, бүткүл адамзатка адилеттүү мамиленин өрнөгүн көртсөтөт! Албетте, бул күн жакын… инша Аллах

Мумтаз Маверанахрий   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here