АКШ МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИК ОРТОСУНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЫҢАЛУУ (СОГУШ)

389
0

Акш менен Евробиримдик ортосундагы экономикалык чыңалуу (согуш)

Шаршемби күнү Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) АКШга Евробиримдиктин товар жана кызматтарына карата 7,5 млрд долларга барабар бажы алымын киргизүүгө уруксат берди. ДСУ мындай токтомдун кабыл алынышына Европа өлкөлөрү учактарды иштеп чыккан Airbus компаниясын субсидиялап жатканы себеп болду деп билдирүү берди. Бажы алымдары негизинен Франция, Германия, Испания жана Британия товар жана кызматтарын камтыйт. АКШ соода өкүлү Роберт Лайтхайзер ачыктагандай, жаңы бажы алымдары Европадан алынып келинген учактарга 10%, айыл-чарбар жана өндүрүш товарларына 25% көлөмдө салынат.

Ошол эле учурда, Евробиримдик АКШны учактарды жасаган Boeing компаниясын субсидиялайт деп айыптап, ДСУдан ага каршы чара көрүү укугун суранган. ДСУ АКШнын Boeing компаниясын субсидиялап жатканын мыйзамсыз деп тааныган. ДСУда каралып жаткан бул талаш мына 15 жылдан бери токтобой келет. «Эгер, АКШ ДСУнун токтомун колдонууну чечсе, анда Евробиримдиктин да дал ушундай чара көрүүдөн башка аргасы калбайт», – делет Еврокомиссиянын билдирүүсүндө. (Рейтер, 02.10.19).

ДСУ 1995-жылдан бери ишмердик кылып келет жана ага 150дөн ашуун мамлекеттер мүчө, алардын катарында Кыргызстан да бар. Биз үчүн ДСУга мүчө болуу өлкөдө өндүрүлгөн товар жана кызматтарды чет өлкөгө алып чыгууга шарт жаратат деп айтылат. Бирок негизи, ДСУнун талаптары чет өлкөнүн товар жана кызматтары кирип келишине шарт түзөт. Себеби, Кыргызстан мүчө болгон ДСУнун шарттары чет өлкөдөн келген товарларга карата бажы алымдарын азайтууну (кээ бир продукцияларга бүтүндөй жок кылууну), ички өндүрүшүбүзгө карата салыктарды көбөйтүп, негизинен айыл-чарба жана өндүрүш жаатына субсидияны токтотууну… талап кылат.

АКШ жана башка ири колонизатор мамлекеттер болсо, эл аралык уюмдарды өзүлөрүнүн гана кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн түзүшкөн. Дүйнөлүк Соода Уюму да ушундай кызмат кылат. ДСУ колонизатор мамлекеттер өз товарларын үчүнчү дүйнө мамлекеттерине сатуусуна, атаандаш өндүрүшчүлөр пайда болбошуна, үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин сырьёлорун арзан сатып алуусуна шарт жаратат.

ДСУ өндүрүш жана айыл-чарбага бөлүнгөн субсидияларды кыскартууну, а түгүл жоюуну талап кылса да, бирок АКШ жана Европа мамлекеттериндеги абал мунун бүтүндөй тескериси. Себеби, Европа айыл-чарбага жылына 100 миллиард долларга жакын каражат бөлөт, ал эми, АКШ 150 миллиарддан ашуун каражат сарптайт. Жада калса, АКШ кээ бир айыл-чарба компаниялары муктаж болсо же алар чет элдик атаандаштыкта жеңип чыгышы үчүн аларга карата салыкты да бекер кылат.

Темабыздан көрүнүп тургандай, учурда империалисттер өздөрү колонизаторлук максатта түзгөн уюмдардын эрежелеринен баш тартышып, өз ара күрөшкө киришүүдө. Буюрса, жакында баары жыгылышат…

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here