Кытай Тажикстандагы дагы бир кенди иштетет

225
0

Кытай Тажикстандагы дагы бир кенди иштетет

Тажикстандын парламенти Мургабдагы “Якчилва” күмүш кенин жети жылга иштетүү укугун кытайлык инвесторлорго берүүнү колдоду. Ага ылайык, “Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент” компаниясы 39 миллион доллар менен кенди өздөштүрүп, уулуу калдыктар сакталуучу жай курат. Бул тууралуу Тажикстандын инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода билдирди.
Анын айтымында, Кытайлык компания жети жылга чейин салык төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле, заводду курууга келген техникалардын баары бажы төлөмүсүз киргизилет.
“Якчилва кенинде 205 тоннага жакын күмүш бар. Казылган рудалар Кытайга ташылып, баалуу металдар ошол жакта өндүрүлөт. Тажикстанга пайда салыктан гана түшөт”, – деди аткаминер.
Кытайлык компаниянын жетекчиси Юан Ин Хунун айтымында, компания жылына 40 тонна күмүш өндүрүүнү пландап жатат.
Буга чейин Тажикстандын Айнин районунда жайгашкан «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин Кытайдын ТВЕА компаниясы иштетээри айтылган. Айтылган кендердеги алтындын запасы жогорку бөлүгүндө 51,7 тонна, казуу кыйын болгон төмөнкү бөлүгүндө 117,16 тоннага жетет. Кытай компаниясы алтын өндүрүүдөн түшкөн пайданы «Душанбе-2» Жылуулук электр борборуна кеткен каражатты актаганча өзү ала турган болгон.
Белгилей кетсек, Тажикстанда чалгындалган 600дөн ашык кен-байлыктар аныкталган. Алардын жүзгө жакыны ишке берилген. Ишке берилген компаниялардын 80 пайызын Тажик-Кытай биргелешкен компаниялары иштетет.
Булардын баары Кытай Тажикстанды экономикалык жактан чынжырлап алганын анык көрсөтүп турат. Анткени, Кытай өтмүштө Орто Азияны жибеги менен муунтуп келсе, бүгүнкү күндө карыздары менен чынжырлап жатат. Берилген ар бир карыз бул өлкөлөрдүн кен байлык же стратегиялык мекемелерин ээлеп алууга каратылган. Учурда Тажикстандагы Кытай компанияларынын саны 200дөн ашат. Ушул күнгө чейин Кытай Тажикстанга 3 миллиарддан ашык долларлык инвестиция салган. Аларды эселеп ташып кеткенин айтпасак да белгилүү.
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here