“Коопсуз шаардын” коркунучу

492
0

“Коопсуз шаардын” коркунучу

Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендер болуп өттү. Тендерде кытайлык компания утуп чыкканы жарыяланды. Белгилүү болгондой, Орто Азияда Россия, АКШ, Кытай империалисттик державалары өз ара таасир талашып жатышат. Анын алкагында, алар “маалымат согушуна” да киришишкен. Аталган тендерде кытай компаниясынын утуп чыгышы – бул Кытайдын маалымат күрөшүндө Кыргызстанга жарып киргендигин түшүндүрөт. Эмесе кеп башынан келсин.

Жаңы кылымдарда илимий ачылыштар жана өнөржай ойлоп табууларынын натыйжасында, маалымат изилдөө, топтоо, кайра иштеп чыгуу жана таркатуу каражаттары да улам өнүгүп олтурду. Ушундан улам, “дүйнө бир айылга айланды” деген кеп келип чыкты. Мисалы, бүгүнкү күндө маалыматтар кагазда сакталганга салыштырмалуу электрондук вариантта сакталышы артып барууда. О.э. аларды түрдүү каражаттар жардамында алмашуунун улам өнүккөн мууну жаралууда. Бул көрүнүш учурда дүйнөлүк мегатренддердин бири болуп калды. Мындан болсо, “дүйнө бир айылдан бир шаарга айланды” деген кеп келип чыкты.

Эми маалымат тармагынын азыркы дүйнөлүк жана эл аралык саясаттагы орундарына токтолобуз.

Глобалдык саясаттан алганда, азыр дуйнөгө демократия чүмбөтүн жамынган капиталисттик система өкүмдарлык кылууда. Капиталисттер колонизаторлук аркылуу дүйнөгө өкүмдарлык кылгандан тартып, илимий ачылыш жана өнөржай ойлоп табуулары эң биринчиден капиталисттик системаны сактап калууга жана аны андан ары өнүктүрүүгө кызмат кылып калды. 19-кылымдагы жөөт банкир-капиталист Натан Ротшильддин “ким маалыматка ээлик кылса, ал дүйнөгө ээлик кылат” деген кеби маалымат тармагында империалисттер ураанына айланган. Ал колонизаторлор дүйнөдөгү бардык маалыматтарга ээлик кылып, дүйнө бойлоп тоталдык көзөмөл орнотуу үстүндө жан үрөп аракет кылып келишет.

Ал эми эл аралык саясаттан алганда, колонизатор державалар бири экинчисинин колонияларын тартып алууда жана таасир талашууда маалымат согушуна киришет б.а. өз пропагандаларын жүргүзүшөт, өз кызыкчылыктарына пайдалануу үчүн маалымат уурдашат, сатып алышат о.э. “маалымат коопсуздугу” чараларын көрүшөт. Азыркы өнүккөн маалымат технологиялары да мына ушул маалымат согушу алкагында, ушул державалардын коргоо министрликтерине караштуу илимий изилдөө институттарында иштелип чыккан. Алар муну алгач өздөрүнүн мамлекеттик башкаруу структураларында колдонушуп, андан соң башка тармактарына жайылтышты. Кийин, жаңы муундагы технологияларды иштеп чыгышты да, эски муундагы технологиялар менен башка мамлекеттерден маалыматтар алууну жолго коюшту. Мына ушундан кийин гана аны башка мамлекеттерге жайышты. Анткени, алар аркылуу башка мамлекеттердин маалыматтарын ала алышат, бирок ошол эле учурда, бул эски муундагы технологиялар алардын өздөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туудура албайт, себеби, бул учурда өздөрү жаңы муундагы технологияларды иштетип жатышкан болушат.

2-Дүйнөлүк согуштан бери, империалисттер капиталисттик системаны дуйнөгө ООН аркылуу колдонуп келет. Ошондуктан, ООН дүйнөлүк маалымат тармагын жаңы технологиялар менен башкаруу о.э. мамлекеттер жана адамдар үстүнөн тоталдык контроль орнотуу максатында иш-чараларды көрүп келет. Атай кетсек, империалисттер дүйнөнү 3-миң жылдыкта да ООН аркылуу башкаруу максатында, 2000-жылы “ООНдун миң жылдык декларациясын” кабыл алышты. Мунун алкагында, “Өнүгүүнүн 8 максаты” кабыл алынган. Ошондогу 8-максаттын 6-пунктуна, маалыматтык жана коммуникациялык жаңы технолгияларды дүйнө боюнча колдонуу киргизилген. Андан келип чыгып, ООН 2003-жылы Женевада саммит өткөрдү. Андагы декларацияга ылайык, 2015-жылга карата жер калкынын 50%ы интернет колдоно турган болду. 2011-жылы ООН ар бир адамдын интернетке туташуусу анын ажыралгыс укуктарынан деп тан алды. Ошентип, кайсы бир мамлекет дүйнөлүк интернеттен үзүлсө, адам укугун бузгандыкта айыптала турган болуп калды. (Булар негиз үчүн мисалдар катары гана келтирилди. Жаңы технологияларды колдонуу боюнча ООНдун экономикалык жана социалдык кеңеши көзөмөлү астында, түрдүү уюмдар аркылуу түрдүү программалар ишке ашырылышы пландалган, кызыккандар алардын ар бирин карап чыгуусу мүмкүн.).

Эми бул глобалдык тенденциянын Кыргызстанда ишке ашырылышына келсек, азырынча аны төрт нуктадан көрүүгө болот:

1. Санариптештирүү (цифровизация)

2. Биометрика

3. “Түндүк” долбоору (өкмөт иштерин автоматташтыруу)

4. “Коопсуз шаар”

Булардын ар бири тууралуу узун сабак кеп кылуу мүмкүн, бирок, бүгүнкү темабыз “Коопсуз шаар” болгондуктан, ал тууралуу гана кебибизди улайбыз.

Дүйнө боюнча жүргүзүлүп жаткан “Акылдуу шаар”, “Интеллектуалдуу шаар” “Коопсуз шаар” ж.б.у.с. долбоорлор ООНдун “Калктуу пункттар боюнча БУУ Программасы”  (ООН-Хабитат) иш-чараларынан болуп эсептелет.

“Коопсуз шаар” долбоору Кыргызстанда 2010-жылы ички иштер органдарын реформалоо шылтоосу менен башталган. Кыргызстандын милициясын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу үчүн ЕККУ техникалык колдоо көрсөтүү долбоорун каржылаган.

2011-жылы январда Бишкекте Ички иштер министрлиги иштеп чыккан “Коопсуз шаар” программасы ишке киргизилген. Анын ичинде көчөлөргө видео камераларды орнотуу да каралган.

2012-жылы, Бабанов премьер-министр, Рысалиев ички иштер министри болуп турганда “Коопсуз шаар” боюнча тендер жарыяланды. Жыйынтыгында, тендерге катышпаган эле Beijing Construction Engineering Group International аттуу кытайлык компания утуп алды. Компания Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол жолуна видео, сүрөт тарткан аппараттарды орнотуп, мыйзам бузууну каттаган бирдиктүү электрондук борбор түзө турган болду. Бул Кытайдын Кыргызстанда ушул тармакта кирип келүүсүнүн алгачкы кадамы болуп калды.

Бирок, 2013-жылы “Ата Мекен” фракциясы бул маселени көтөрүп чыгып, натыйжа келишимдин бузулушу менен аяктады. Мында мамлекет ичиндеги иштер шылтоо кылынып алынса да, негизи, бул Американын Кытайга каршы маалымат согушу алкагында болду. (“Ата Мекен” америкачылдыгы менен таанылган партия). О.э. кытай компаниясы менен келишимди бузуу Россия кызыкчылыктарына да дал келер эле.

 Кайрадан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер 2014-жылдын август айында жарыяланды.

2015-жылы январда тендер боюнча комиссия орусиялык “Стилфост-Бишкекти” тандап алды. Бирок, 2016-жылы ошол кездеги ички иштер министри Турганбаев бул компания менен келишимге кол койбой койду. Ал дүйнөдө “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Кытай менен Түштүк Корея алдыда экенин айтты. Муну менен бул тармакта Россиянын кирип келүүсү жокко чыкты. Ошондо муну орусиячыл саясатчы Ирина Карамушкина айыптап чыгып, долбоорду ИИМден алып коюуну сунуштады. Акыбетте Турганбаев иштен алынып,  кийин долбоорду ишке ашыруу  ички иштер министрлигинен өкмөткө өтүп кетти.

Кезинде Мелис Турганбаев жол эрежесин бузууларды каттоого карата видео байкагычтарды орнотуу эксперименти ийгиликтүү ишке ашканын айтып, мамлекет өзү долбоорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген эле.

2017-жылы апрелде, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган “Таза коом” улуттук долбоорун жарыялады. 2018-жылы январда “Коопсуз шаардын” ордуна анын кеңейтилген формасы катары “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырыла турган болду. Бул кезде Сапар Исаков премьер-министр болуп калган эле.

11-январда Кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен келишимге кол койду.

Бирок марттын башында, кыргыз өкмөтү кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу үзүүгө мажбур болду. Муну менен кытайлардын бул тармакта кирип келүүсүнүн экинчи урунушу жокко чыкты. (Эске сала кетсек, АКШ Huawei дин өз коопсуздук коргонун бузуп киришинен коркуп, азыр бул компанияга санкцияларды салып олтурат).

Ушундан кийин, Кыргыз өкмөтү кайрадан “Акылдуу шаар” долбоорун өз күчү менен ишке ашырууга белсенерин айтып чыкты. Бирок, бул да мурункусундай эле куру сөз бойдон калды.

Сапар Исаков премьерликтен кеткенден кийин, кайрадан “Коопсуз шаар” аталган долбоордун биринчи этабы боюнча тендер өткөрүлүп, 4-сентябрда орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыкты.  Сынакка андан башка дагы эки компания: кыргызстандык “Альфа-Телеком” менен орусиялык “Маалымат  тутумунун коопсуздугу” компаниясы жөн гана санак үчүн катышып койду. Себеби, мыйзам боюнча тендерге үчтөн кем эмес катышуучу арыз бериши керек эле. О.э. эки орусиялык компания сотошумуш да болуп коюшту.

Утуп чыккан “Вега” компаниясы – маалымат согушу алкагында – АКШ санкциясына кабылган корпорациянын курамына кирет. Ал СССР учурунда аскерий изилдөө институту болгон жана 2004-жылы кайра негизделген. Соңку жылдары “Вега” радиокуруу концерни негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешкен.

Кыргызстанда, жалпысынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамды жүзүнөн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду.

Эми болсо, 2019-жылкы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерде кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы алдыга чыкты. Ал өзү менен атаандашкан орус компанияларына салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз каражат сунуштай алды.

(Эскерте кетсек, мындан тышкары, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайдын мамлекеттик CEIEC компаниясы макулдашкан долбоор тууралуу буйрукка Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  2019-жылдын 4-мартында кол койгону белгилүү. Ага ылайык, кытай компаниясы адамды кебетесинен тааный турган системаны киргизе турган болгон. Долбоор бир нече баскыч менен ишке ашып, 2018-2022-жылдарды камтыйт).

Эми жогоруда тендерден утуп чыккан кытайлык компания өз ишин баштай турган болсо, бул Кытайдын АКШ жана Россия тоскоолдуктарын жарып өтүп, бул тармакта Кыргызстанга кирип келгендигин түшүндүрөт.

Ошентип, “Коопсуз шаар” шылтоосу менен Кыргызстанда бир орусиялык компания иш алып барып жатса, дагы бир кытайлык компания ишин баштаганы турат. Ал эми АКШ канадалык, түркиялык, эмираттык компаниялар аркылуу кирмекчи болууда, бирок, алар тендерлерде жеңишке жетише албай келет, мындан сырткары, анын Дүйнөлүк банк аркылуу киргизип жаткан “Digital CASA” долбоору да ишке түшпөй турат.

Ушулардан белгилүү болгондой, Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак, муну чиновниктерибиздин өздөрү да айтышкан. Ал тургай, буга чейин бир нече шаарларда, а түгүл кичи райондордо мындай коопсуздук долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылган. Бирок, аткаминерлерибиз арзыбаган акчага азгырылып, тендер жарыялоо менен, мамлекетти ири державалар күрөшүнүн майданына айландырышууда.

Өлгөндүн үстүнө көмгөндөй, бул долбоорлордо кытайлык компаниялардын утуп чыгышы “Коопсуз шаардын” коркунучун андан ары ашырат. Анткени, кытайлыктар алып чыгып кеткен маалыматтар Кытайдын бизди басып алышына кызмат кылат (бийликтин “коопсуздук корголгон” деген кептери эч суу кечпейт, анткени, биздин кадрлар коопсуздукту камсыздамак түгүл, долбоордун бузулуп калган буюмдарын оңдой алышпайт). А эртең кытай басып алгыдай болсо, бул маалыматтар биздин “лагерлерге” айдалышыбызга факт болуп берет. “Видеотасмада сен сакалчан жүргөн экенсиң”, “жума намазга чогуу бараткан экенсиңер”, “силер динден таалим алган экенсиңер” деп, экстремизм тамгасын жабыштырып, лагерлерге камаганга шылтоо табышат. Камагандан кийин болсо каалаганын кылышат. Ошентип бизден кутулуп, жерлерибизди бошотушат. Аларга эл керек эмес, жер керек. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман бир туугандар көрүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомоктой сезилип жатат. Андыктан, ага кайдыгер карап жатышат. А турмуш чындыгында болсо, Кытай баскынчылыгы бизди карай да улам илгерилеп келе жатат. Ушул “Коопсуз шаар” долбоорунда кытайлык компаниянын утуп чыгышы да мунун бир кадамы болуп саналат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here