Террорчулукта айыпталган Акрам Азимов аны ФСБ Кыргызстандан Россияга кантип уурдап кеткенин айтып берди

696
0

Террорчулукта айыпталган Акрам Азимов аны ФСБ Кыргызстандан Россияга кантип уурдап кеткенин айтып берди

ФСБ кызматкерлери Кыргызстандын жараны Акрам Азимовду 2017-жылдын 15-апрелинде Ош шаарындагы жеке менчик ооруканада жаткан жеринен УКМК кызматкерлеринин жардамында уурдап кеткен. Бул тууралуу аны операция кылган врач жана башка дарыгерлер, ата-энеси, булардан тышкары, бир нече маалымат каражаттарынын кабарчылары далилдер менен күбөлүк беришине карабастан, ал ушул кезге чейин Россияда камакта отурат. Ал эми Кыргызстандын президенти, өкмөт өкүлдөрү же депутаттар өз жаранына чет өлкөдө курулай доомат жана зулум болуп жатканын көрүп туруп да билдирүү менен чыгууга батына алышпады.

18-сентябрда Москвадагы сот залында Азимов ФСБ кызматкерлери 2017-жылы Кыргызстандан Россияга кантип уурдап келгенин айтып берди. Ошондо 4 күндүк катуу кыйноодон кийин чөнтөгүнө граната салып тышкарыга чыгарып жиберишип, адан соң атайын опреация уюштуруп, аны Москвадан кармагандай сценарий даярдашкан. Ошол операция тартылган видеоматериалды бардык телеканалдардан таратышкан.

Азимовдун атасы Кремлдин алдында нааразылык акциясына чыкты. Путинге кайрылып жардам сурады. Андан соң Акрамдын атасын Россиядан чыгарып жиберишти. Ошондо да ал кыргыз бийлигинен жардам сурабады. Себеби, жардам суроонун пайдасы жок эле!

Кыргызстан бийлиги жарандарын коргой албайт! Айрыкча, зулум Россия сыяктуу колонизатор мамлекеттер тараптан болуп жаткан болсо. Тескерисинче, аларга эшиктер кеңири ачылып берилет! Мындан тышкары, аны менен кызматташып, эгерде аларга керек болсо өз жарандарын кармап беришет. Азимовго тагылган айыптар 100% жалаа экендиги көрүнүп турса да, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул зулумга карата мамиле билдирип коюуга батынбады!

Кыргызстан сыяктуу алсыз жана колония өлкөлөр уялбастан эгемендүүлүк күнүн майрамдашат. Экономикалык реформалары, стратегиялары, бюджет жана каржы системасы…  мигранттар которгон акчанын эсебинен толуп жатканына карабастан, мамлекет өз жарандарына ушундай кайдыгер мамиледе!

Дүйнөлүк башкаруу системасынын негизи болгон эл аралык мыйзамдарды жетекчи мамлекеттер иштеп чыгып, аны өздөрү ишке ашырышат. Демек, алардын алсыз мамлекеттерди эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдарга моюн сунууга мажбурлоосу табигый көрүнүш. Эгерде ири мамлекеттер мыйзам бузса, аларды ким жазалайт? Эмне өзүн-өзү, же бири-бирин жазалашабы? Албетте жок! Аларды эч ким жазалай албайт!!!

Кыргызстан эгемендүү мамлекет эмес!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here