Путин Кыргызстан аскерлери “Центр-2019” машыгууларына катышып жатканы маанилүү экендигин билдирди

318
0

Путин Кыргызстан аскерлери “Центр-2019” машыгууларына катышып жатканы маанилүү экендигин билдирди

Президент Жээнбеков Оренбургдагы “Центр-2019” аскерий машыгуулары учурунда Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Путин: “Албетте, эки өлкө өз ара мамилени экономикалык негизде алып барат. Ошого карабастан, аскерий кызматташтык иштери да уланууда. ЖККУ уюму негизинде жүрүп жаткан иштерибизди улантуубуз өтө маанилүү. Бул машыгуулар ушул максаттарыбызды жүзөгө чыгарууда өтө маанилүү”, –  деди

Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп барууда. Президент саясий элита өкүлдөрү менен келише албай жатат. Өзүнүн айланасында болсо, күчтүү жетекчи топ жок. Жээнбеков ушул күнгө чейин Россиянын кубаты жана таасири астында иш алып барды.

Бирок, Текебаев азаттыкка чыгарылышы менен кырдаал бир аз өзгөрүшү күтүлүүдө. Саясий чөйрө жана убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү дагы кайрадан бийликке таасир өткөрүүгө аракет кыла башташты. Текебаев абакта кезинде BBCнин журналистине берген интервьюсунда, Жээнбековдун Россия менен бир тараптуу алакасына каршы пикир билдирип, аны көп векторлуу дүйнөлүк саясат жүргүзүүгө чакырган. О.э. Россиянын эл аралык саясаттагы деңгээли төмөндөп бара жатканын белгилеген.

Демек, Россия Кыргызстандын саясий чөйрөсүн президенттин айланасына бириктирип, алардан жетекчи топ пайда кылууну көздөп жатат. Бирок, Путиндин максаты, жетекчи топту да президент белгилеген россиячыл багыт менен жүрүүгө көндүрүү. Чек арада басылбай жаткан жаңжалдар жана анын натыйжасында пайда болгон Бишкектеги нааразылык акциялары мына ушул максатка каратылып, (ЖККУ) уюмунун аскерий аралашуусу менен аяктаганга чейин улана берери күтүлүүдө.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here