Судан жана эл аралык күрөш оту

359
0

Судан жана эл аралык күрөш оту

Мухандис Хасбуллах Сулайман Судан

Эл аралык кризис тобунун Судан маселеси боюнча эл аралык эксперти Абдулфаттах Фатихий «Арабия DW» телеканалына интервью берди. Анын пикиринде, Судан иши Мисир, Саудия жана Амирликтердин аскерий хунтасы тарабынан кеңири көлөмдө колдоп-кубатталышы натыйжасында эбак эле эл аралык даражага чыгарылган. Үч күн уланган жарандык козголоң Эфиопия ортомчулугу менен аяктаган соң, ошол күнү АКШ Дональд Бутту Суданга атайын өкүл кылып дайындады о.э. АКШнын Африка маселелери боюнча мамлекет катчысы Тибор Над Судандын Аскерий Кеңеши, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен жолугушту.

Фатихийдин сөздөрүнө ылайык, АКШ Суданга өкүл дайындаганы, ал жердеги бийликтин саясий мүнөздөрүн жаратууга кызыгып жатканынан кабар берет. Бүгүн Кошмо Штаттар, өзгөчө, Судандын чегаралаш мамлекеттери менен союз түзүп, келишимдерге кол коюп, бул өлкөдө өз стратегиясын ишке ашырууга киришти. «Рабат шаарындагы Чөл жана Африка стратегиялык изилдөөлөр борборун» башкарып жаткан Фатихий баса белгилешинче, бир нече регионалдык мамлекеттердин аралашуусу Судан кризисинин өмүрүн узартууда. Мисир, Саудия жана Амирликтерден тышкары, ушул кризиске себеп болгон башка регионалдык мамлекеттер да бар, мисалы, өткөн апрель айында Түркия президенти Эрдаган: «Африка жүрөгү эсептелген Судан бардык маселелерде чет элдик аралашуунун курманы болууда», – деди. Белгилүү болгондой, Эрдаган Суданга 2017-жылы сапар жасаган. Ал ошондо Судандагы Савакин аралын башкаруу милдетин Түркия алып барышына жетишкен. Кийин Судан ичинде капиталды аста секин көбөйтүп, 10 миллиардга жеткирүүнү пландаганын билдирген.

Суданга болгон аралашуулар, ал тургай, Аддис-Абебадагы сүйлөшүүчүлөргө да таасир кылды. Мисалы, фалестиндик Мухаммад Мушарифа күтүлбөгөндө сүйлөшүү өтүп жаткан «Radisson» мейманканасында пайда болду. Бул Мушарифа деген кимсе Абу Даби канзадасы Ибн Зайддын кеңешчиси Мухаммад Дахландын жакын адамы болуп эсептелет. Анын Судандагы тараптардын эч бирине тиешеси жок!

Активисттер Судан Аскерий Кеңеши менен «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү ортосундагы Аддис-Абеба сүйлөшүүчүлөрүнөн Амирликтер эмнени каалоодо деген табигый суроолорду ортого салышты. Чындыгында, Абу Даби султаны менен бекем алакада болгон бул кимсенин сүйлөшүү өтүп жаткан мейманканада пайда болушу жат көрүнүш. Анын аракеттери, сүйлөшүүдөгү адамдар менен жолугушууларды өткөрүшү, сүйлөшүүдө болуп жаткан иштер туурасында кимдир бирөө менен телефон аркылуу тынымсыз сүйлөшүөсү суроолорду дагы да күчөттү. Ал жерде Катар да бар. Эфиопия Адилет жана Теңдик партиясынын төрагасы Жибрил Ибрахимди жолугушууга чакырып, жолугушуу артынан аны Катардын Аддис-Абебадагы элчиси менен жолугуштурган. Булактар айтышынча, Жибрил Аддис-Абебадагы Доха элчиканасында башка катарлык расмийлер менен да жолугушкан жана ал жерде чет элдик разведка кызматкерлери да болгон. Эфиопия коопсуздук кызматы ушул маалыматтарга жетиштүү даражада ээ болуп, Жибрилди суракка чакырып, сүйлөшүүлөрдү кыйратууну көздөгөн бул жолугушуу туурасында  тергөө алып барган. Ал жерде көп санда Катар разведкасы да бар жана ал Судан Аскерий Кеңеши менен болгон сүйлөшүүнү кыйратуу максатында Судан оппозициясынын жетекчилерин тартууга аракет кылган. Баса белгилеп кетсек, Эфиопия расмийлери Африка аралашуусунан кийин Жибрилди өлкөдөн чыгарып жиберүү туурасындагы токтомун бекер кылды.

АКШнын Судандагы атайын өкүлүнө келсек, анын өлкө ичиндеги жана сыртындагы алакаларына жана Судан маселеси жөнүндөгү билдирүүлөрүнө назар салсак, бул өлкөдөгү жогорку өкүл ошол экенин көрөбүз. Мисалы, ал Аскерий Кеңеш менен да жолугушту, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү менен да, Садык Махдий менен да жолугушту, Куралдуу кыймылдар менен да, Саудия менен да, Амирликтер менен да, Мисир менен да жолугушту… Сүйлөшүүлөр кайсыл жерге жетип келди, качан кайра башталат, жалпы позиция кандай жана кайда алып барат, булар жана башка бардык иштер АКШ өкүлүнүн туруктуу вазыйпасына айланган!

Аскерий төңкөрүш болот деп жарыя кылынганына келсек, бул ишти Суданга көз алайткан чет элдик колдор жасашы ыктымалдан алыс эмес. Анткени, бешинчи ирет ушинтип жарыя кылынды, буга аракеттер жасалып, ийгиликсиз чыкты. Бул жолку аракеттин катышуучулары арасында – айтымдарга караганда – армия башкы штабынын башчысы, кургактык күчтөрүнүн командачысы, брондолгон техника командачысы, атайын күчтөр командачысы, ракета күчтөрүнүн командачысы, элдик коргоо командачысы, аскерий зона командачысы катышат. Алардын 13ү бригада командачысы, 40ы полковник, 70тен ашыгы түрдүү наамдагы офицерлер, 15и коопсуздук кызматы жана разведка офицерлери о.э. исламий кыймылдардын жетекчилери жана Улуттук Конгресс жетекчилери экени айтылууда. Ко-ош, мына ушулардын баары аскерий төңкөрүшкө тил бириктирип, кийин ийгиликсиз болушу акылга сыябы?!

Бул кудум Эрдагандын «тазалоо» иштерин аткарууда ийгиликсиз болгон мамлекеттик төңкөрүш амалиятынан пайдаланганына окшойт. Судан жана Мисир дипломатиялык булактар бул нерсе «регионалдык мамлекеттердин Суданда өз адамдарын тартуу жана өздөрүнө тарапкер режим жаратуу максатындагы күрөш алкагында болушун» айтышты. Мурда булактар Амирликтер менен Саудия ортосунда келишпестик болгонун ачыкташкан. Бирок, белгилүү болгондой, бул регионалдык мамлекеттер эл аралык күрөштөгү куралдар гана. Алар чыныгы иш башкаруучу жана амалдагы тараптар болуп эсептелген ири мамлекеттердин көрсөтмөсү боюнча аракет кылат.

Менин бүткүл мусулмандарга, өзгөчө, Судан калкына айтоор сөзүм: качанга чейин биз жырткычтардын күрөшүндө олжо бойдон калабыз?! Аллах Тааланын:

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар»                 [3:110]

деген аятындагы кишилер биз эмеспизби?! Козголоң жардамында бийликке жетип алууга жан талашып жаткан бул саясатыларга ишенүү Башир режимин жок кылуу үчүн жумшалган үлкөн аракеттерди текке кетирет. Жетишет, эл аралык коомчулукка жана ач көз мамлекеттерге эмес, Аллахка жүздөнөлү, жалдангандарга же бийликпарастарга эмес, Умматыбыздын перзенттерине жүздөнөлү… мына ошондо капиталисттик демократиялык бийликтин ордуна Аллахтын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык бийлигин тикелейбиз.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here