Коркоктордун көзү ойгоо

451
0

Коркоктордун көзү ойгоо

2019-жылы 19-август күнү дүйнөдөгү чоң армиялардын алтынчысы болгон Пакистан армиясынын командачысы генерал Бажванын кызмат мөөнөтү үч жылга узартылды. Премьер-министр: «Ушул токтом региондогу бүгүнкү коопсуздук абалга ылайык чыгарылды», – деп билдирүү берди. Премьер-министр айткан абал Америкага жана Индияга моюн сунуу. Акыйкатта болсо, күчтүү мусулман армиясына жетекчилик кылган адам региондогу коопсуздукту Аллах жана Расулу ыраазы боло турган жол менен камсыздайт, басып алынган Кашмирдеги мусулмандардын чакырыгына жооп берет, Кашмирдеги каршылык аракетин куралдантат жана куралдуу күчтөрдү чечүүчү согушка катышуусу үчүн ал жерге жиберет. Мына ошондо такбирлер жаңырыгы астында Сринагарда Халифалык байрагы тикеленет. Ошол командачы аркылуу биринчи нусрат келет, анын артынан Индия менен боло турган согушта жеңиш артынан жеңиш келет. Калыс мусулман командачы Афганистандагы Талибан кыймылын кресттүү күчтөр менен сүйлөшүү алып барып тузакка түшүп калышынан эскертиши керек. Ушул кресттүү күчтөр Бажва менен Американын аскерий күчтөрү региондо калышы туурасында саясий союз түзгөн.

Мусулман командачы Аллахтын динине болгон нусрат жүзөгө чыгышы үчүн Афганистан Талибан кыймылын толук күч менен жихадды улантышына кызыктырышы керек. Таква командачы адамдарды Эл аралык Валюта Фонду жана кафир капитализм көлөкөсүндө азап тартып жаткан демократия «негиздөөчүлөрүнүн жардамына» чекит коёт. О.э. Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууга жардам берет. Мына ошондо адамдар Пакистандай пакиза өлкөдө Аллах ырыскы кылып берген ниъматтардан пайдаланышат.

Ошондуктан, биз Уммат арстандарына жетекчилик кылууга ылайык жетекчиден аз нерсеге ыраазы болсок, өзүбүздү балээге туш кылган болобуз. Расулуллах ﷺ мындай деген:

«إِذَا وُسِّدَ الأَمْرُ إِلَى غَيْرِ أَهْلِهِ فَانْتَظِرِ السَّاعَةَ»

«Эгер, иш өз ээсинен башкасына тапшырылса, кыяматты күтө бергиле». (Бухарий риваяты).

Эй Пакистан армиясындагы мыктылар! Чыныгы командачы Халид ибн Валид өлүм төшөгүндө жатканда мындай деген: «Жүздөн ашык согуштарда болдум, денемде кылыч, найза же жаа огу тийбеген жай калбады. Өкүнүчтүүсү, төө өлгөн сыяктуу төшөгүмдө өлүп жатам, бирок, коркоктордун көзү ойгоо». Эй, Аллахтын кылычынын урпактары! Улуу Исламий Умматтын динине жардам бергиле, калыс аракет кылып жаткандарга нусрат бергиле. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык долбоорунун ээлери болгон Хизб-ут-Тахрирге жардам бергиле. Мына ошондо силерди жетектөөгө ылайык болгон, нусрат жана Аллах жолунда шейит болууга силерди жетектей турган салих командачылардын тарыхын кайталайбыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here