Текебаев үй камагына чыгарылды. Бирок, соттук жараян уланат

374
0

Текебаев үй камагына чыгарылды. Бирок, соттук жараян уланат

Кыргызстандын жетекчи тобу Текебаевди үй камагына чыгарды. Бирок, ал акталган жок, башкача айтканда, иш кайра кароого жөнөтүлдү.

Текебаев маалымат жыйынында: “Башка бирөө эмес, мен эмес, Адахан эмес, Темике эмес, Боке эмес.. ушул иштин баарын Сооронбай Шарипович жасады” – деди. Текебаев бул аркылуу Жээнбековдун Атамбаев режимин кулатып, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып жатканына ишара кылды.  О.э. азырынча мандатты кайтарып алуу негизги максаты эместигин айтты.

Негизи иштин жүрүшү Текебаев айтып жаткан нерселерге туура келбейт. Эгерде ошондой болгондо Текебаев Жээнбековдун тушунда Атамбаев тушундагыдан көбүрөөк камакта жатпайт эле. Демек, Текебаевдин чыгарылышы артында Жээнбековдордун кандайдыр саясий кызыкчылыктары бар. Атамбаев түзүгөн бузук режим да өзгөрбөдү. Болгону, бул коррупциялык режим эми Жээнбековдорго кызмат кылып, Атамбаевчилер өздөрү түзгөн бузук механизмдин курмандыгына айланышууда. Демек, Текебаевдин саясий позициясын тизгиндеп туруу үчүн соттук жараяндаы басым өткөрүү куралы катары пайдаланышмакчы.   

Текебаев да, кудум Бабанов сыяктуу эле, Жээнбековдор менен келишкен абалда тил бириктирип, шайлоодо президентке караштуу жетекчи топту парламентке алып келүү менен учурдагы режимди бекемдеп бермекчи болууда. Башкача айтканда, алар өз партиялары менен парламентти позиция жана оппозиция болуп ээлеп алып, Россия үчүн батышчыл же дагы башка саясий күчтөргө мүмкүнчүлүк бербей турган саясий майдан пайда кылмакчы болушууда. (Россиядагы Зюганов, Жириновскийлер сыяктуу). Президент ушул кезге чейин өз кубаты менен жаңы жетекчи топ пайда кылууга аракет кылды. Саясий чөйрөнү аралаштырбастан жаңы режим пайда кылмакчы болду. Бирок максаты ишке ашпаган соң, убактылуу болсо да саясий элита менен кызматташууну макул көрдү.

Негизи эч нерсе өзгөрбөдү! Өзгөрбөйт дагы! Себеби, Кыргызстандын саясий чөйрөсү мындан башка реформа жолдорун билбейт. Кыргызстандын башкаруу системасынын негизи капитализм болгондуктан, саясий чөйрөнү убактылуу кызыкчылыктан башка нерсе бириктире албайт. Демек, саясий чөйрө жана бардык саясий күчтөр ар дайым жаңы келген жетекчи топту колдой беришет. Жаңы жетекчи топ болсо, мурункусу сыяктуу эле, башка саясий күчтөрдү жок кылууну жана бийлигин сактап калууну бирден-бир максат кылып алат. Натыйжада алар да мурункулары сыяктуу эле, дагы кайрадан сот системасы, маалымат тармагы жана күч түзүмдөрү сыяктуу тармактарды өз колуна алууга болгон аракетин жумшай баштайт. Бул нерсе кайрадан коррупция, жаңы авторитардык режим пайда кыла берет. Мисалы:  Атамбаев түзгөн сот системасынын көпчүлүгү Бакиев жана Акаев доорундагы юристтерден турат. Эми алар жаңы президенттин сызыгынан чыкпай, ага кызмат кылып жатышат. Демек, бул системада сот тармагынын же башка бирер тармактын реформасын күтүү саясий сокурдук же өзүн-өзү алдоо болот! Эгерде алар айтып жаткан реформалар ишке ашырылса мамлекеттик режим кулай баштайт. Себеби, сот жана башка тармактар көз карандысыз жана калыс болушса, анда алар бийликке каршы иштеши керек болот. Натыйжада бардык ири кылмыштарды бийлик ишке ашырып жатканы ачыла баштайт. Ошондуктан, мамлекеттик структуралардын көз карандысыз эркин иш алып баруусуна ишенүү мүмкүн эмес! Бул нерсе Кыргызстанда эле эмес, Америкада да кудум ушундай! Бул Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй  капиталисттик башкаруу түзүмүнүн кризиси! Муну оңдоо мүмкүн эмес, бир гана жолу – түптөн өзгөртүү!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here