Чек ара чырынын чеги барбы?

614
0

Чек ара чырынын чеги барбы?

 Кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал жүз берди. Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлашынча, кыргыз чек арачылары асманга ок аткан.

 “Түшүнбөстүк 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон. Тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну суранышкан. Бирок алар эч кандай аракет көрбөгөндүктөн чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажик тарап Кыргызстандын чек арачыларына таш ыргыта баштаганда кыргыз тараптагы жергиликтүү тургундар да окуяга аралашкан”, – деп айтылат кабарда. 

 Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал тез аранын ичинде чечилгенин билдирди. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып коңшу элдин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

“Андан кийин тажик тарап асфальт төшөөнү токтоткон, анткени бул иштер кыргыз тарап менен макулдашылган эмес”, – деп айтылат маалыматта.

 Комментарий: Колонизатор кафирлер мусулмандарды бөлүп таштоо үчүн пайдаланган улут жана мекен түшүнүктөрү бүгүнкү күнгө чейин жемишин берип келүүдө. Кафирлер мусулмандар ортосуна жасалма чек араларды тартып, ал чек араларда такталбаган жана талаштуу аймактарды калтыруу менен мусулмандар ортосунда ар дайым келишпестик жана карама-каршылыктарды пайда кылуу мүмкүнчүлүгүн калтырышкан.

Өкүнүчтүүсү, кыргыз-тажик чек арасында жүз берген бул жаңжал биринчиси эмес жана акыркысы да эмес. Мындан да өкүнүчтүүсү, мындай жаңжалдарда мусулмандар бири-бирине каршы курал көтөрүүгө чейин барышып, курмандыктар болууда.

 Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында жүз берген кезектеги чек ара жаңжалында 1 адам өлүп, 10догон адамдар жараат алышкан.

 Эгерде жакынкы тарыхка назар сала турган болсок, ушундай жаңжалдар үзгүлтүксүз болуп жатканына күбө болобуз:

 2013-жылдын 24-октябрында Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан “Катта-Туз” мунай кени себептүү жаңжал жүз берди. Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын аймагында жайгашкан муна кенине Тажикстан чек арачылары бастырып киришкен жана аталган кен алардыкы экендигин айтышкан.

Ошол эле жылдын 25-августунда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда кезектеги атышуу жүз берди.

 Ошол жылы кыргыз-тажик чек арасында 28 жаңжал катталып, натыйжанда ондогон адамдар жараат алып, бир нече адам каза болду

2015-жылдын 16-январында Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш Лейлек районундагы “Айкөл” чек ара заставасына куралданган белгисиз адамдар кол салып, натыйжада бир адам өлүп, эки адам жарадар болду.

 Кезектеги жаңжалдын дагы бири 2015-жылдын 4-август күнү жүз берди. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун натыйжасында эки адам жарадар болду…

 Бул тизмени уланта берсек аягы үзүлбөйт. А бирок, биз өткөн ишти козгомокчу эмеспиз. Тескерисинче, бул сыяктуу келишпестик жана жаңжалдарга колонизаторлор гана кызыкдар экендигин, мусулмандар болсо алардын колунда куурчак болуп, диндеш боордошторуна каршы курал көтөрүп, бири-бирин ташбараңга алуусу арам экендигин эскертип өтмөкчүбүз.

«إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ»

“Эки мусулман бири-бирине кылыч көтөрсө, өлтүргөн да, өлгөн да тозокто” (Бухарий риваяты).

Бул проблемалар чек араларды бекемдөө же эки мамлекет ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен чечилип калбайт. Тескерисинче, бул проблемалар колонизатор мамлекеттер малайлары аркылуу мусулмандардын зээнине сиңдирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн жана чирик пикирлерди таштап, кайрадан өз дини Исламга кайтуусу, Аллахтын өкүмдөрүн жашоого колдонуусу аркылуу чечилет. Мына ошондо ортобузга тартылган жасалма жок кылынып, кайрадан пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллаху алайхи ва салламдын байрагы астында биригүүбүз мүмкүн болот, инша Аллах.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here