Кыргыз Республикасынын Эмгек министри Улукбек Кочкоров БУУнун өкүлү менен гендердик саясат маселелерин талкуулады

806
0

Кыргыз Республикасынын Эмгек министри Улукбек Кочкоров БУУнун өкүлү менен гендердик саясат маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран гендердик теӊдиктин алкагында мындан ары өз ара кызматташууну улантуу маселелерин талкулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Кочкоров бул багытта атайын иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи. Ал зомбулукка дуушар болгон аялдарга колдоо көрсөткөн кризистик борборлор иштеп жатканын мисал катары айтты. Анын айтымында, ушул жылы психо-социалдык, укуктук жардам жана зомбулукка кабылган эркектерге, аялдарга социалдык кызмат көрсөткөн 2 кризистик борбор ачылары пландалууда. Муну менен катар үй-бүлө институтун бекемдөө жана сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери тарабынан жергиликтүү калкка үй-бүлөнү пландоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Министр Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү аялдардын экинчи форуму жана «Аялдар ишмердиги» улуттук конференциясы тууралуу маалымат берди. Ал тең укуктуулук боюнча жана ар кандай жыныстагы адамдарга саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана жашоо ишмердүүлүгүнүн башка чөйрөсүндө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча активдүү иш-аракеттер уланарын белгиледи.

Комментарий: Гендердик саясат – бул СССР доорунан калган бузук саясат.  Ал кезде табиятынан алсыз болуп жаралган аял заты эркек киши менен бир катарда иштеп, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуусу шарт болуп калган эле.  

Азырчы? Аял киши бир буюмга айланып калган. Эркек кишинин болсо үй-бүлөдө жана коомдо орду жоголгон. Шарият эркек менен аялдын ортосуна олуттуу айырмалап, ар биринин акы-укугун белгилеп койгон. Жаратуучу белгилеп койгон чектен чыккан ар бир эркек жана аял эки дүйнөдө кордукка кабылат.  Биз жашоо таризибизди Батыш көз карашы менен эмес, Аллахтын өкүмдөрү менен калыптандырышыбыз керек. Ал үчүн долбоор түзүүгө жана сурамжылоо өткөрүүгө зарылдык жок. Болгону, Курандан  таалим алып,  сүннөттү жакшылап өздөштүрүп алсак жетиштүү болот. Бирок, мен жана сиз жашообузда колдонгонубуз менен, айланабыздагылар ошол ыплас саясаттын агымында жашап жатышат.  Демек, сиз экөөбүз жүздөгөн үй-бүлөлөрдү оңдоого аракет кылсак да, муну жалпы түрдө тартипке салуу мамлекеттин колунда. Мамлекет болсо илманийлик (светтик) негизине курулган, бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин бардык адамдар тең укуктуу деген таалим берилүүдө.  Ошондуктан, мамлекеттик саясат туура жолго түшсө гана социалдык көйгөйлөр чечилип, кадыржамдык өкүм сүрөт. Андай мамлекет Ислам негизинде башкарылышы керек.  Аллах Таала бизди Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан өрнөк алууга буйруган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын  тарыйкатындагы Исламий Халифалык мамлекети гана бардык проблемаларга чечим таап, мусулмандарды гендердик саясат сыяктуу Исламга жат болгон бузук саясаттар зыянынан коргой алат.

 

 Мунаввара Азиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here