Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон эки өлкөнүн чек арасында жолугушту

315
0

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон эки өлкөнүн чек арасында жолугушту

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Кабарда келишинче, эки өлкө башчы 26-июлда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун  жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүшкөн.

 Бул мамлекет башчылары кандай деңгээл жана кандай чөйрөдө жолугушууларды өткөрбөсүн, баары бир чек ара проблемасын чече алышпайт. Себеби, бул проблемаларды чечүүгө алардын саясий эрки жетиштүү эмес. Алар чек ара көйгөйүн эмес, ал тургай ички проблемаларын да өз алдынча чече алышпайт. Жөнөкөй эле бир мисал, Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы тирешүү Москвада Путин кандай кааласа ошондой чечилет, ал тургай бийликке ким келиши, ким даярдалып, ким камакка алынышы да Москвада чечиле турган болуп калды.

 Эгерде буларда саясий эрк болгондо ички иштерге тышкы мамлекеттерди аралаштырбай, мазары жана базары бир болгон диндеш элдер ортосун куфр тартып берген чек аралар менен ажыратпастан, тескерисинче, чек араны ачып коюшмак. А бирок, буга кожоюндары уруксат беришпейт. Президенттер жолугушуп бул проблеманы убактылуу жөнгө салышы мүмкүн, а бирок, бирер колонизатор мамлекетке, айрыкча Россияга керек болгон учурда бул проблема кайрадан көтөрүлө берет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here