АКШ Евро Биримдикти алсыратуу үчүн Британия менен кызматташат

385
0

АКШ Евро Биримдикти алсыратуу үчүн Британия менен кызматташат

“Брекзит” АКШ менен Британияга экономикалык кызматташтык үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп 26-июлда Британиянын жаңы шайланган премьер-министри Борис Джонсон менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосундагы эркин соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Британия Евро Биримдиктен бөлүнүп чыгаары менен башталат.

Трамп ушул эле күнү Франциядан келген вино жана башка товарларга бажы төлөмүн киргизерин билдирди.

Эске салсак, Борис Джонсон 24-июль күнү кызматка киришип жатып, “Брекзит” маселесине 31-октябрга чейин чекит коюуга убада берген.

Бүгүнкү эл аралык майданда АКШ өзүнө атаандаш мамлекет жана уюмдарды сындыруу үчүн өзү ураан кылып чакырган баалуулуктардан да баш тартууда. Маселен, Кытайды өзүнө экономикалык жактан атаандаш көрүп, ага карата соода согушун баштап жиберди. Ал эми Евро Биримдикти алсыратуу үчүн уюмдагы Британиянын позициясынан пайдаланып, “Брекзит” маселесин колдоого алды. Анткени, Британиянын уюмга мүчөлүгүн токтотуусу, Евро Биримдиктин бүтүндүгүнө зыян жеткирет. Ошондуктан, АКШ Британиянын уюмдан чыгуусун кош колдоп колдоого алып, аны “эркин соода” келишимдери менен кызыктырууда. Максат, өзүнө атаандаш гигантка айланган уюмду бөлүп-жаруу жана өзүнүн дүйнө үстүндөгү лидерлигин сактап калуу.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here