Тажикстан ЕАЭБге кошулушу мүмкүн

336
0

Тажикстан ЕАЭБге кошулушу мүмкүн

Тажикстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүнүн оң жана терс жактары боюнча изилдөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Тажикстандын стратегиялык изилдөө борбору билдирди.

«Кыргызстан, Беларусия жана Армениянын тажрыйбаларына таянылып, ЕАЭБдин оң жана терс жактары изилденип чыккан. Ага ылайык, миграция, экономика, саясат жана геосаясатты камтыган 70 барактан турган документ даярдалды», – деди аталган борбордун эксперти Абдулло Рахнамо.

Рахнамо Тажикстандын биримдикке кошулуусу миграция үчүн жемиштүү болорун кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Орусия акыркы жылдары экономикалык жактан артта калып кетти. Мындан улам, жыгылып бараткан экономикасын кармап калуу үчүн, анда өз өнөржайларын камсыздай турган сырьёлук базага жана өз продукциялары сатыла турган базарга муктаждык пайда болду. Бул базарга Орусиянын таасири эң күчтүү жайылган өлкөлөр ылайыктуу болуп калды. Мындан улам, Орусия Назарбаевдин оозу менен Бажы биримдиги, кийин ЕАЭБ долбоорлорун көтөрүп чыкты. Буга кошумча, Орусия Крымды аннексиялап алышы менен Батыш өлкөлөрү ага карата санкциялар пакетин кабыл ала баштады. Мындан улам, Орусия бул союзду түзүүнү шашылыш жүргүзүп, Кыргызстан, Армения өлкөлөрүн биримдикке кошуп алды. Орусия Кыргызстанды Биримдикке кошуу үчүн саясий жактан басым өткөрүп бир катар өкмөт башчылар алмашты. Ал эми, социалдык жана экономикалык жактан мигранттардын абалынан пайдаланды. Орусия Тажикстанды союзга киргизүүдө да дал ушул эле ыкманы ишке салууда. Тагыраагы, Орусиядагы тажик мигранттары маселесинен пайдаланууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here