Жээнбеков: Россия Кыргызстандын жакын союздашы жана стратегиялык өнөктөшү

319
0

Жээнбеков: Россия Кыргызстандын жакын союздашы жана стратегиялык өнөктөшү

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Атада өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлери форумунда: “Бизди Россия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат.  Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр да кайталайм: Россия — биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Россия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет”, – деди.

О.э. Россия президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери талкууланганын эске салды.

Эки өлкөнүн жаш лидерлериинин форуму 25-июлдан 30-июлга чейин болуп өтөт. 

 Комментарий: Жээнбеков президенттикке шайлангандан кийин алгачкы расмий сапарын Россиядан баштаган эле. Кремлде Путин менен жолугушуу учурунда Жээнбеков:  “Башкача болушу мүмкүн эмес болчу. Россия – Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү  жана союздашы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президенти катары алгачкы сапарымды Россиядан баштадым… Россиянын Президенти урматтуу Владимир Владимирович Путинге Россия Федерациясына сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазымын. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө биз кызматташуубуздун актуалдуу маселелерин, мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн, анын ичинде Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы кызматташуунун келечегин  талкууладык”, – деген эле.

 Белгилүү болгондой, бирер мамлекетте шайланган президенттин алгачкы сапарына карап, ал өлкөдө кайсы мамлекеттин таасири күчтүү экендигин жана тандаган багытын билип алууга болот. Россия Кыргызстанды өзүнүн сырьё базасы катары көрүп келген. Кыргызстан аскерий жактан толук бойдон Россияга көз каранды.  Ал эми саясий жактан кыйыр түрдө башкарылып келген. Акаевден баштап Жээнбековго чейинки президенттердин бийликке келиши же кетиши Россия тараптан чечилген. Россия буга чейин Кыргызстан саясатына кыйыр түрдө аралашып келе жаткан болсо, Жээнбеков-Атамбаев тирешинен кийин  түздөн-түз аралаша баштады.Сакафий жактан таасири бир аз алсырай баштаган эле. Эми бул тарапты да күчөтө баштады. Кыргызстан-Россия жаш лидерлери форумунун өткөрүлүшү да Россиянын сакафий таасирин күчөтүү жолундагы алгачкы кадамдардын бири.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here