Доктор Мухаммад Мурсий рахимахуллах жөнүндө

351
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Доктор Мухаммад Мурсий рахимахуллах жөнүндө

Устаз Абдурахман Амирий – Яман

Доктор Мухаммад Мурсий рахимахуллах каза болду же өлтүрүлдү. Эмнеси болгондо да, натыйжа жана ибрат бир, ал да болсо, демократиялык шайлоо аркылуу бийликке келген Мурсий башкаруусуна каршы Мисирдеги тогут Сисий жасаган төңкөрүштүн артынан келип чыккан натыйжа. Мурсий «Ихванул Муслимин» кыймылы менен АКШ ортосунда ондогон ирет өткөрүлгөн жолугушуулар жана келишимдер артынан бийликке келген. Ихван-АКШ ортосундагы келишим Кэмп-Дэвид келишимин урматтоону, яхудий вужудунун элчилигин Мисирде калтырууну, республикалык башкарууну сактап калууну, Ислам менен өкүм жүргүзбөөнү… камтыган.

Уламалардан, армиялар жана мусулмандардан турган Умматты алдабаган жетекчи Хизб-ут-Тахрир Мисирдеги «Ихванул Муслиминге» жана башка кыймылдарга көп ирет насаат кылып, шаръий түрдө харам жол эсептелген жана Расулуллах ﷺдын Исламды бийликке алып келүү тарыйкатына тескери болгон демократия жолдон эскертти. Ислам бийликке келсе кана… Бирок, бийликке Ислам эмес, Ихван чыкты! Өкүнүчтүүсү, Хизбдин даъватын жана насааттарын уга турган жүрөктөр, кулактар жабылбады. Акыбетте, Мубарак жана кээ бир адамдар 2011-жылы козголоңдун артынан бийликтен кеткен соң, илманий республикалык башкаруу өзгөрүүсүз кала берди. Режим бийлик тизгиндерин кармап калды, саясий майдан өзгөргөн жок. Армияны, полицияны, сотту жана маалыматты эски система башкарган бойдон калды, доктор Мурсий рахимахуллах формалдуу түрдө гана бийликти башкарды! Режим бийлик тизгиндерин бекем кармап келгендиктен, жана Мурсий менен анын Ихван жамааты бийликти алууда Расулуллах ﷺ тарыйкатына ээрчибегендиктен, Мурсийдин башкаруу тизгинин кармоодо алсыздыгы көрүндү. Анын алсыздыгы Мисир кылмышкери жана тогуту Сисийге, анын артындагы кожоюну Америкага ыңгайлуу болду. (Америка ошол убакта Ислам башаруусуна ынтызар болуп турган Мисир калкынын күч-кайратын солгундатуу, кийин бүтүндөй жок кылуу максатында Мурсий жана анын жамааты үчүн ушул ширкти (т.а. алардын бийлигин) орноткон. Ал кезде Мубарактын адамы болгон Ахмад Шафикти кызматка коюу мүмкүн болбогон. Себеби, коомдук пикир ага да, анын кожоюнуна да каршы эле). Ошентип, «демократиялык» жол менен шайланган президент Мурсийге каршы төңкөрүш кылган Сисий мисалында Мубарак башкаруусу бийликке дагы кайтып келди. Сисий жасалма спектакль аркылуу калк тарабынан кудум өкүл болуп, Мисир куткаруучусу катары саясий майданга кирип алды.

Ушул спектаклди Яманда да Али Салих аркылуу кайталоого аракеттер жасалды. Бул ирет Мисирдегиден айырмалуу түрдө, англистердин пайдасына болду. Бирок, максат ишке ашпады т.а. айлакер өзүлөрү айлага учурап, Хусийлер аны жок кылды. Британия-Америка ортосунда күрөш жалындап, мусулман перзенттери өлүп жатканда Хусийлер Хадиданы ээлеп алып, Америкага кызмат кылуу үчүн зулум-зомбулук кылышты.

Бул окуялар бизди Расулуллах ﷺдын бийликти алуудагы тарыйкатын жакшылап үйрөнүүгө үндөйт. Негизи, ар кандай хизб үчүн бийликке жетүүнүн шаръий амалий тарыйкаты мына ушул. Ушул тарыйкатка ылайык, оболу уюм түзүлүп, ал Исламий сакафат менен байытылат. Кийин пикирий жана саясий күрөш аркылуу бийликке таасир өткөрүү жана пикирлерди жаюу баскычына өтүлөт, ошентип жалпы аң-сезимден келип чыккан коомдук пикир пайда болот. Кийин күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылуу аркылуу бийликти колго алуу баскычына өтүлөт.

Мурсий жана анын кыймылы Расулуллах ﷺдын тарыйкатына тескери жана жогоруда айтылган үч баскычты ээрчибестен бийликти үстүртөн колго алды. Жалпы аң-сезимден келип чыккан коомдук пикирди пайда кылбады, балким, пикирлери шаръий өкүмгө эмес, демократия (элдик) башкарууга, даражама-даражалыкка, пайда жана шаръий эмес эрежелерге негизделген муътадил ислам пикирлерине таянды. Сакафаты да Ислам сакафатына тескери, тазалык, пакизалык жана айкындуулуктан алыс сакафат болду. Мурсий – Аллах күнөөлөрүн кечирсин – бийликти Мисир армиясынын жардамында албады, негизи, Расулуллах ﷺ Мадина бийлигин күч-кубат ээлеринин жардамы менен алган. Саъд ибн Муаз, Усайд ибн Хузайр жана Асъад ибн Зирара разияллаху анхумдар Исламга толук канааттанган, Ислам жолунда мал-жанын курман кылууга даяр күч-кубат ээлери эле. Мурсий болсо, бийликке айла-ама жана тузак жолу менен келди. Ага бул жолду Америка Мисир армиясындагы өз малайлары аркылуу берди. Акыры, бул малайлар ыңгайлуу учурду табары менен, Мурсийге каршы төңкөрүш жасашты. Негизи, Мурсий бийликти иш жүзүндө колго албаган. Ал президент болуп турганда аны коргогон армия жана күчтөр болбогон, балким, алар Сисийдин колунда болгон! Бул болсо, өкүнүчтүүсү, бир нерсеге гана далалат кылат: бул кыймыл шарият жана саясаттан бүтүндөй кабарсыз. Себеби, ал толук эмес башкарууга ыраазы болду, Ислам өкүмдөрүнө ачыктан-ачык тескери тарыйкатты ээрчиди, мисалы, илманий жарандык мамлекетке, демократияга, Сайкс-Пико белгилеген чегараларга негизделген улуттук регионалдык мамлекетке, республикалык башкарууга чакырды… булардын баары ката болчу, жана Расулуллах ﷺдын тарыйкатына тескери аракет эле. Мисирдеги көрүнүш эми Суданда да кайталанып жатат. Режимдеги жүздөр башка жүздөргө өзгөртүлүп жатат.

Бул макала Мурсийдин шахсы жөнүндө эмес. Робби аны амалдары менен кошо Өз алдына алып кетти, ага Аллахтан рахмат жана кечирим сурап калабыз.

Макала Мурсийдин кыймылы жөнүндө: кантип бул кыймыл Ислам тарыйкатына тескери түрдө бийликти алууга ыраазы болду? Эмне үчүн илманий конституцияга жана Сайкс-Пико келишиминде көрсөтүлгөн чегараларга ылайык улуттук малекетке ыраазы болду? Мунун акыбетинде Мурсий ката идеологиянын курманы болду. Бул нерсе Мурсийди бийлик күрсүсүнө алып келген болсо да, бирок, Исламды алып келбеди. Бул – батыл капиталисттик жолдогу орточо чечимдерге ыраазы болгон жамааттын идеологиясы.

Чыныгы ойгонууга жетүү үчүн моюндагы жоопкерчиликти сакит кылуучу ушул чыныгы өзгөрүүнү максат кылган исламий кыймылдар демократия жолун ээрчибеши керек. О.э. алар зомбулук жолун, же жашоодон бүтүндөй үзүлүп, мечитке жатып ала турган жолду, же мазхабчылык жана тарапкечтик идеясын кабыл алып, Умматты бөлүнүүгө алып бара турган жолду, же сүннөттөргө бекем жабышып, фарздарды таштаган жолду ээрчибөө керек. Балким, бул кыймылдар өзгөртүүдө Расулуллах ﷺдын жолун негиз кылышы лазым. Мына ошондо гана Аллах Азза ва Жалла ыраазы болот жана көздөлгөн өзгөрүүгө ийгиликтүү же кыйроосуз жетүүгө мүмкүн болот.

Расулуллах ﷺдын тарыйкатын кармаган Хизб-ут-Тахрир дал ушундай кылууда. Адамдарды Ислам менен сакафаттандырууда, саясий вакиъликти, колонизатор кафир Батыштын жана анын малайларынын тил бириктирүүсүн ачып берүүдө. Хизб Исламды бийликке алып келүү, азиз-кудуреттүү, кубаттуу мамлекетти тикелөө үчүн күч-кучбат ээлеринен нусрат талап кылууда. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид халифалык мамлекетинин таңы – бул нусрат таңы, Аллахтын уруксаты менен, ал тыңдын атышына өтө жакын калды. Аллах Таала айтат:

﴿فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلاً + إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا + وَنَرَاهُ قَرِيبًا﴾

«Демек, эң жакшы сабыр менен сабыр кылгын! Анткени, алар аны узак деп билите, Биз болсо анын жакын экенин билебиз»                                                                             [70:6-7]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here